Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКЫНЫҢАРДАН АЙРЫЛГАНДА...

Кайгырган туура эмеспи?

Кайгырган туура эмеспи?

Катуу ооруган учуруңар болду беле? Балким, тез эле сакайып кетип, ооруганыңарды унутуп деле койгондурсуңар. Ал эми күйүттүн жөнү башка. Буга байланыштуу Алан Волфельт китебинде: «Күйүттөн „сакаюу“ мүмкүн эмес»,— деп жазган. Бирок: «Күйүт убакыттын өтүшү менен, башкалардын жардамы менен басаңдайт»,— деп кошумчалаган («Healing a Spouse’s Grieving Heart»).

Мисалга Ыбрайым пайгамбарды алалы. Ыйык Китептин түп нускасында айтылгандай, байбичеси Саара каза болгондо, ал аны «жоктоп ыйлап, күйүт тарта баштаган». «Баштаган» деген сөз колдонулганына караганда, анын күйүтү канча бир убакытка созулса керек *. Мисал катары Жакып пайгамбарды да алалы. Балдары ага алардын иниси Жусуп жырткычка жем болду деп калп айтып коюшкан. Ошондо Жакып уулу Жусупту жоктоп «көп күн ыйлаган» жана эч сооронбой койгон. Анын күйүтү көп жыл өтсө да, басылган эмес (Башталыш 23:2; 37:34, 35; 42:36; 45:28).

Ыбрайым пайгамбар байбичеси Саарадан айрылганда боздоп ыйлаган

Бүгүнкү күндө жакынынан айрылгандар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Эки мисалга токтолсок.

  • «Жолдошум Роберттен 2008-жылы 9-июлда айрылдым. Ошол каргашалуу күнү эртең менен ал жумушка кетерде, экөөбүз бири-бирибизди кучактап, өөп, сүйөрүбүздү айтып коштошконбуз. Андан бери 6 жыл өтсө да, жүрөгүмдүн куйкаланганы куйкаланган. Таптакыр айрылганыма эч моюн сунбайт болушум керек» (Гал, 60 жашта).

  • «Сүйүктүү жарыман айрылганыма 18 жыл болсо да, дагы деле аны сагынып, куса боло берем. Жаратылыштын кооздугун көргөндө жубайымды ойлоп, анын да канчалык суктанмактыгын элестете берем» (Этьен, 84 жашта).

Албетте, жакындарыбыздан айрылганда жанга баткан кайгы жылдап жашай берет. Бирок ар бир адам кайгысын ар башкача көтөрөт, ошондуктан бирөөнүн кантип кайгырганын сындоо туура эмес. Ошол эле учурда күйүткө батып, өтө эле кайгырганыбыз үчүн өзүбүздү күнөөлөө да туура эмес. Анда күйүттү кантип көтөрүү керек?

^ 4-абз. Ыбрайым пайгамбардын уулу Ыскак да көпкө күйүт тарткан. Ушул журналдын «Алардан үлгү алгыла» деген рубрикасынан билгенибиздей, анын энеси Сааранын көзү өткөнүнө үч жыл болуп калса да, күйүтү басаңдаган эмес (Башталыш 24:67).