Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1 | Тиленүү. «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла»

1 | Тиленүү. «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла»

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Ошондой эле бардык түйшүгүңөрдү [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 ПЕТИР 5:7).

Бул эмнени билдирет?

Жахаба Кудай акылыңар менен жүрөгүңөргө салмагын салган ойлоруңардын баарын мага айткыла деп чакырат (Забур 55:22). Менин көйгөйүм өтө эле чоң же болбогон эле нерсе деп тиленбей койбогула. Эгер бир нерсе жүрөгүбүздү өйүп жатса, анда Жахаба ага кайдыгер карабайт. Тиленгенибиз аябай маанилүү. Анткени ошондо акылыбызга тынчтык орнойт (Филипиликтер 4:6, 7).

Бул кандайча жардам берет?

Жан дүйнөбүз жабыркаганда өзүбүздү жапжалгыз калгандай сезишибиз мүмкүн. Эмне болуп жатканыбызды башкалар дайыма эле толугу менен түшүнө бербейт (Накыл сөздөр 14:10). Бирок ичибиздегинин баарын Кудайга төкпөй-чачпай айтып берсек, ал кулак түрүп угат жана жакшы түшүнөт. Жахаба бизди көрүп турат. Жан дүйнөбүз сыздап, терс ойлор менен күрөшүп жатканыбызды билет. Бизди санааркаткан нерселердин баарын ага айтып тиленишибизди каалайт (2 Жылнаама 6:29, 30).

Жахабадан тиленгенде анын бизге кам көрөрүнө ого бетер ынанабыз. «Тарткан азабымды көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң»,— деп тиленген забурчунун сөздөрүнө кошулабыз (Забур 31:7). Жахабанын канчалык кыйналып жатканыбызды билгенинин өзү эле кыйын кезеңде алдыга арыштай бергенге күч берет. Бирок ал жөн эле көңүл буруп тим болбойт. Ал Ыйык Китептен соороторлук, дем-күч берерлик ойлорду тапканга жардам берет. Бизди эч ким Жахаба Кудайдай жакшы түшүнө албайт.