Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Астрология жана көзү ачыктык кылуу келечекти билүүнүн жолубу?

Астрология жана көзү ачыктык кылуу келечекти билүүнүн жолубу?

АСТРОЛОГИЯ

Астрология — жылдыздар, Ай, планеталар адамдардын жашоосуна күчтүү таасир этет деген ишенимге негизделген төлгөнүн бир түрү. Астрологдор кимдир бирөөнүн кандай адам болору жана келечеги ал төрөлгөндө ушул асман телолорунун кандай абалда жайгашканына жараша болот деп айтышат.

Астрология байыркы Бабылда (Вавилон) тамыр алса да, азыркы күнгө чейин белгилүү болуп келет. 2012-жылы Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн бир сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү астрологияны «илимдин бир түрү» деп эсептээрин, ал эми 10 пайызы анын «илимге аябай шайкеш келерин» айтышкан. Чын эле ошондойбу? Жок. Эмесе, мунун себептерин карап көрөлү.

  • Планеталар жана жылдыздар адамдардын жашоосуна астрологдор айткандай жолдор менен таасир эте турган күч бөлүп чыгарбайт.

  • Астрологдор көбүнчө жалпылап эле айтып койгондуктан, алардын айткандары ар бир кишиге тиешелүүдөй сезилет.

  • Бүгүнкү күндөгү астрологиялык эсептөөлөр планеталар Жерди айланат деген байыркы ишенимге негизделет. Бирок, чынында, планеталар Жерди эмес, Күндү айланат.

  • Ар кайсы астрологдун бир эле кишиге карата айткандары бири-бириникине карама-каршы келет.

  • Астрологдор адамдарды төрөлгөн күнүнө жараша 12 топко, башкача айтканда, зодиак белгилерине бөлөт. Бирок Жердин мейкиндикте жайгашкан абалы кылымдардан бери өзгөрүп келгендиктен, азыр Күн зодиак топ жылдыздарын кесип өткөндө, зодиак белгилери менен байланыштырылган даталар дал келиши керек болгон топ жылдыздарга дал келбейт.

Көптөр зодиак белгилери адамдын кулк-мүнөзүнүн кандай экенинен кабар берет деп айтышат. Бирок бир күндө төрөлгөндөр деле бири-биринен айырмаланат. Андыктан адамдын кандай экенин туулган күнүнөн биле албайсың. Астрологдор адамдарга алар кандай болсо, ошондой карагандын ордуна, божомолдоолордун негизинде жүрүм-турумуна, кулк-мүнөзүнө байланыштуу ар кандай жыйынтык чыгарышат. Бул бейкалыстыкка жатып калбайбы?

КӨЗҮ АЧЫКТЫК КЫЛУУ

Байыртан бери эле адамдар көзү ачыктарга кайрылып келишет. Көзү ачыктардын айрымдары адамдын же жаныбардын ичеги-карынын же короздун жемди кантип чокуп жатканын карап, анын эмнеден кабар берерин айтышчу. Башкалары алдын ала бир нерселерди айтыш үчүн чайдын жалбырагындагы талчаларды же кофенин тунмасын карашчу. Ал эми бүгүнкү күндө төлгөчүлөр кимдир бирөөнүн келечегин айтып бериш үчүн карталарды, таштарды, теспелерди жана башка нерселерди колдонушат. Алар чындап эле келечегибизди биле алабы? Жок. Келгиле, буга байланыштуу айрым нерселерге токтололу.

Адегенде алардын айткандары бири-бириникине канчалык дал келерин карап көрөлү. Ар кандай ыкманы колдонгон көзү ачыктардын алдын ала айткандары көбүнчө бири-бирине карама-каршы келет. Атүгүл бир эле ыкманы колдонуп көзү ачыктык кылышса да, жыйынтыгы ар башка болот. Мисалы, кимдир бирөө бир эле картаны колдонгон эки көзү ачыкка келечекке байланыштуу бир эле суроо менен кайрылса, экөөнүн жообу опокшош чыгышы керек деп күтүлөт. Бирок адатта андай болбойт.

Төлгөчүлөрдүн ыкмалары же ниеттери шектүү каралып келет. Сынчылар алар колдонгон карталардын же таштардын жөнөкөй эле буюм экенин жана көзү ачыктар адамдын келечегин айтууда, адатта, буюм-тайымдарга эмес, анын кандай жооп кайтарып жатканына көңүл бурушарын айтышат. Мисалы, ага жалпы суроолорду берип, ал жөнүндө билиш үчүн айтып бергендерине, жүзүнө, кыймыл-аракетине кылдат байкоо салат. Ошентип, ал тиги киши өзү билбей эле айтып берип койгон нерселерди, анын жагдайын билгендей болуп көрүнүп калат. Айрым көзү ачыктар кардарларынын ишеничине кирип, алардан чоң акча өндүрүп алган учурлар болгон.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Астрология жана көзү ачыктык кылуу көптөрдү келечегибиз алдын ала белгиленген деген ойго түртөт. Чын эле келечегибиз алдын ала жазылганбы? Ыйык Китепте эмнеге ишенүүнү, эмне кылууну өзүбүз тандай аларыбыз жана чыгарган чечимдерибиз келечегибизге таасир этери айтылат (Жашыя 24:15).

Астрологияны жана көзү ачыктык кылууну четке кагууга Кудайдын кызматчыларында орчундуу себеп бар: Кудай төлгө ачуунун бардык түрүн айыптайт. Ыйык Китепте мындай делет: «Элиңдин арасында... төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба * үчүн жийиркеничтүү» (Мыйзам 18:10—12).

^ Жахаба — «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудайдын» ысымы (Забур 83:18).