Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы заманда жашаш үчүн эмне кылсаңар болот?

Жаңы заманда жашаш үчүн эмне кылсаңар болот?

Буга чейинки макалалардан жакында Кудай ыймансыз адамзат коомун жана учурдагы көйгөйлөрдү жок кыларын билдик. Ошондой болорунан такыр күмөн санабасак болот. Эмне себептен? Анткени Кудайдын Сөзүндө — Ыйык Китепте — мындай убада камтылган:

«Бул дүйнө... жок болот» (1 ЖАКАН 2:17).

Бирок аман калгандар болот. Анткени аяттын экинчи бөлүгүндө мындай деп жазылган:

«Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт».

Демек, эгер аман калгыбыз келсе, Кудайдын эркин аткарышыбыз керек. Ал эми Кудайдын эркин билиш үчүн адегенде аны таанып-билүү зарыл.

КУДАЙДЫ «ТААНЫП-БИЛГИЛЕ»

Иса пайгамбар: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени... таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Ооба, азыркы ыймансыз дүйнө жок кылынганда, куткарылыш үчүн жана түбөлүк жашаш үчүн Кудайды таанып-билүү маанилүү. Бирок Кудайдын бар экенин эле билип койгонубуз же ал жөнүндө анча-мынча эле билим алып койгонубуз жетишсиз. Биз Кудай менен дос болушубуз керек. Адатта, достугубуз чыңдалышы үчүн досубуз менен көп убакыт өткөрөбүз. Кудай менен достошуу деле ушундай. Анда Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнгө жана достугубузду сактаганга жардам берген Ыйык Китептеги айрым чындыктарга токтололу.

ЫЙЫК КИТЕПТИ КҮНДӨ ОКУГУЛА

Кудайдан жардам сурасаңар, анын эркин аткарсаңар, дүйнөнүн акырынан аман каласыңар

Ачкадан өлүп калбаш үчүн дайыма тамактанып турабыз. Бирок Иса пайгамбар: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деген (Матай 4:4).

Жахабанын сөздөрү Ыйык Китепте жазылган. Ыйык деп эсептелген ал китепти изилдесеңер, Кудайдын адамзат үчүн мурда эмнелерди кылганын, азыр эмнелерди кылып жатканын жана келечекте эмнелерди кыларын биле аласыңар.

КУДАЙДАН ЖАРДАМ СУРАГЫЛА

Кудайдын айткандарына ылайык жашагыңар келип жатса, бирок ага жакпаган жаман ишти таштай албай жатсаңар, эмне кылсаңар болот? Ал үчүн Кудайды жакшы таанып-билишиңер керек.

Мурда ыпылас иштерди кылып жүргөн азиялык бир аялдын мисалына токтололу. Ыйык Китепти изилдей баштаганда ал Кудайдын: «Бузуктуктан качкыла»,— деген буйругун билген (1 Корунттуктар 6:18) Ошондо ал Кудайдан туура эмес каалоолорун ооздуктаганга күч сурап тиленген. Ошонун аркасында алсыздыгын жеңе алган. Анткен менен ал жаман адаты менен дагы деле күрөшүп келет. «Ыпылас ойлор келгенде, Жахабага баарын ачык айтып тиленем. Анткени аларды өз күчүм менен жеңе албай турганымды билем,— дейт ал.— Тиленүү мага Жахабага ынак болгонго жардам берди». Ага окшоп, миллиондогон адамдар Кудайды таанып-билип жатышат. Кудай аларга оңолгонго жана ага жаккандай жашаганга күч берүүдө (Филипиликтер 4:13).

Кудайды канчалык жакшы таанып-билсеңер, Кудай да силерди досу катары ошончолук жакшы таанып-билет (Галатиялыктар 4:9; Забур 25:14). Кудайдын досу болгондо гана ал убадалаган жаңы заманда жашай аласыңар. Ал замандагы жашоо кандай болот? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.