Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаш-курагына, улутуна же динине карабай башкаларга жардам бересиңерби?

Кудайдан бата алыш үчүн муктаж болгондорго жардам бергиле

Кудайдан бата алыш үчүн муктаж болгондорго жардам бергиле

Дүйнө жүзүндө көптөр тамак-ашка, үй-жайга жетпей кыйналып келишет. Айрымдар болсо келечектен үмүт үзүп коюшкан. Ошондой адамдарга жардам берүүнүн аркасында Кудайга жагып, анын батасына ээ болобуз.

ЫЙЫК ЖАЗМАДА ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

«Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет, ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 19:17).

МУКТАЖ БОЛГОНДОРГО ЖАРДАМ БЕРҮҮ ӨЗ ИЧИНЕ ЭМНЕНИ КАМТЫЙТ?

Иса пайгамбар каракчылар талап-тоноп, чала жан кылып таштап кеткен бир киши тууралуу аңгеме айтып берген (Лука 10:29—37). Жолдон бир чоочун киши өтүп баратып оор акыбалда жаткан бечарага боору ачып, жардамга келген. Өзү башка улуттан болсо да, ал ага кам көргөн.

Ал боорукер киши жаракат алган кишиге биринчи жардам көрсөтүп, акчалай колдогондон тышкары, ага оор акыбалдан чыгып кеткенге жардам берген.

Бул аңгемеден эмнеге үйрөнсөк болот? Иса пайгамбар муктаж болуп тургандардан колубуздан келген жардамды аябашыбыз керектигин айткысы келген (Накыл сөздөр 14:31). Ыйык Китепте Кудайдын жакында жакырчылыкты, азап-кайгыны жок кылары айтылат. Бирок Кудай ал көйгөйлөрдү кантип жана качан жоёт? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт. Андан мээримдүү Жаратканыбыздын баарыбыз үчүн кандай келечек даярдап койгонун биле аласыңар.