Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайыкты башкарууга жардам берген бургуч сыңары, оңдоп-түзөө балага туура жетекчилик берет

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ

6 Оңдоп-түзөө

6 Оңдоп-түзөө

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Оңдоп-түзөө жетекчилик берүүнү же окутуп-үйрөтүүнү билдирет. Бул сөз кээде өз ичине туура эмес иш кылган баланы тарбиялоону да камтыйт. Бирок көп учурда балага акыл-насаат айтууну билдирет. Ошонун аркасында ал башынан эле туура чечим чыгарууга үйрөнөт.

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Акыркы ондогон жылдарда айрым ата-энелер балдарын дээрлик оңдоп-түзөбөй калышты. Мунун себеби алар балам өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготуп алат деп коркушат. Бирок акылдуу ата-энелер тийиштүү эрежелерди бекитип, балдарын аларга карманууга үйрөтүшөт.

«Балдар бардык жагынан өсүп-жетилиши үчүн, аларга белгилүү бир чектерди коюу зарыл. Оңдоп-түзөбөсө, алар бургучу жок кемеге окшоп, багытынан адашып кетиши, атүгүл каргашага кабылышы мүмкүн» (Памела).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Айтканыңарга кармангыла. Эгер балаңар эрежелерге баш ийбесе, жазалагыла. Ал эми тилиңерди алганда, дайыма мактагыла.

«Баш ийбестик кулач жайган дүйнөдө жашап жатышканына карабай мага тил алып жатканы үчүн балдарымды мактап турам. Ошондуктан алар, зарыл учурда оңдоп-түзөгөнүмдө, оңой кабыл алышат» (Кристин).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).

Эстүү болгула. Баланы оңдоп-түзөгөндө анын жашын, жөндөмүн, катасынын канчалык олуттуу экенин эске алгыла. Аны кылган ишине жараша жазалоо көп учурда жакшы натыйжа берет. Мисалы, ал телефонду туура эмес колдонсо, аны колдонууга байланыштуу убактылуу кандайдыр бир чектөөлөрдү коёттурсуңар. Ошол эле учурда катасы анча олуттуу эмес болсо да, силерди кыжырдантканы үчүн эле уруша бербегиле.

«Балам тил албай койгондо, ал муну атайылап кылып жатабы же туура эмес ой жүгүрткөндүктөн ошентип жатабы деп, себебин аныктаганга аракет кылам. Анткени чынында эле арылышы керек болгон олуттуу кемчилик менен тек гана оңдоп-түзөп коюуну талап кылган катанын ортосунда чоң айырма бар» (Вендел).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).

Сүйүүгө жетектелгиле. Эгер ата-эне баласын сүйүү менен оңдоп-түзөсө, бала муну оңоюраак кабыл алып, оңолгонго аракет кылат.

«Балабыз ката кетиргенде, ага чейин чыгарган туура чечимдери үчүн сыймыктанганыбызды айтчубуз. Ошондой эле ага зарыл өзгөрүүлөрдү кылса, мурдагыдай эле жакшы бала бойдон каларын жана бул жагынан жардам берүүгө даяр экенибизди түшүндүрчүбүз» (Дэниел).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сүйүү чыдамкай, боорукер» (1 Корунттуктар 13:4).