Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИ ЧЫН ЭЛЕ КУДАЙ ЖАЗДЫРГАНБЫ?

Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганбы?»

Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганбы?»

ЫЙЫК КИТЕПТИ * Кудай жаздырган деп ойлойсуңарбы? Же ал китепте адамдын ойлору жазылган деп эсептейсиңерби?

Бул суроолор атүгүл христиандардын арасында да кызуу талкууланып келет. Мисалы, 2014-жылы АКШдагы Гэллап институту жүргүзгөн сурамжылоодон өзүн христиан деп эсептегендердин басымдуу бөлүгү «Ыйык Китептин кандайдыр бир деңгээлде Кудай менен байланышы бар» дегенге кошулары анык болгон. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкан беш кишинин бири Ыйык Китепти «байыркы убактагы жомоктор, уламыштар, тарых жана адамдардын осуяттары» камтылган китеп катары көрөрүн айтышкан. Ушундай кайчы пикирлерден улам анын кантип пайда болгонуна байланыштуу суроолор туулат. Ал эми Ыйык Китептин өзүндө: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— деп айтылган. Бул эмнени билдирет? (2 Тиметей 3:16).

«КУДАЙДЫН РУХУНУН ЖЕТЕГИ МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Ыйык Китеп 66 чакан китептен турат. Аны 40тай киши 1 600дөй жылдын ичинде жазган. Эгер аны адамдар жазган болсо, анда кандайча ал «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»? Ток этер жерин айтканда, «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» деген сөздөр андагы бардык маалыматтардын булагы Кудай экенин билдирет. Ыйык Китепте: «Аны [пайгамбарлык сөздү] Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— деп жазылган (2 Петир 1:21). Башкача айтканда, Кудай ыйык рухун — иш-аракет кылууга түрткү берген күчүн — колдонуп, өзүнүн ойлорун адамдар аркылуу Ыйык Китепке жаздырган. Муну жетекчинин катчысына кат жаздырганына салыштырса болот. Каттын автору аны жазган катчы эмес, ага ойлорун айтып турган жетекчи болуп эсептелет.

Ыйык Китепти жазгандардын айрымдарына Кудай өзүнүн кабарын периштелер аркылуу айттырган. Башкаларга болсо көрүнүш же аян көрсөткөн. Кээ бир учурларда түш аркылуу ачып берген. Ал пайгамбарларга анын кабарын кээде өзүнүн сөзү менен жазууга жол берген. Ал эми башка учурларда сөзмө-сөз айтып жаздырган. Кандай болбосун, Ыйык Китепти жазууга катышкан кишилер өздөрүнүн эмес, Кудайдын ойлорун жазышкан.

Ыйык Китепти Кудай жаздырганына эмнеден улам ишенсек болот? Келгиле анда, муну тастыктаган үч далилге токтололу.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Тоорат, Забур, Инжил деп да белгилүү.