Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Жакшы адатты кантип өрчүтсө болот?

Жакшы адатты кантип өрчүтсө болот?
  • СААТ чырылдаары менен, Остин дароо көзүн ачып, төшөгүнөн турат. Анан кечинде даярдап койгон спорт кийимдерин кийип, чуркаганы жөнөйт. Ал бир жылдан бери жумасына үч жолу чуркайт.

  • Лори күйөөсү менен кер-мур айтыша кетет. Анан ачууланган бойдон ашканага кирип, таттуу нерселерди жей баштайт. Ал капа болгондо дайыма ушинтет.

Остин менен Лоринин кандай жалпылыгы бар? Алар, өздөрү билбей эле бул нерселерди адат кылып алышкан.

Силер жөнүндө эмне деп айтууга болот? Силер кайсы бир жакшы адаттарды өрчүткүңөр келеби? Балким, дайыма көнүгүү жасап, жетиштүү уктап же жакшы көргөн адамдарыңар менен көбүрөөк убакыт өткөргүңөр келеттир.

Же жаман адаттарыңардан арылууга, алсак, тамекини таштоого, тез татым болуп эсептелген тамактарды жебей эле коюуга жана Интернетти өтө көп колдонбоого аракет кылып жаткандырсыңар.

Албетте, жаман адаттардан арылуу оңой эмес. Аларды күн суукта үйдөгү жылуу төшөккө салыштырууга болот: андай төшөккө ойлонбой туруп кирип кеткиң келет да, оңой менен чыккың келбейт.

Анда адаттарыңар зыян эмес, пайда алып келиш үчүн, аларды канткенде колго ала аласыңар? Келгиле анда, буга байланыштуу Ыйык Китептеги принциптерге негизделген үч кеңешти карап чыгалы.