Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Кулпурган көк «мончоктун» сыры

Кулпурган көк «мончоктун» сыры

АФРИКАДА өскөн бул өсүмдүктүн мөмөсү (Pollia condensata) планетабыздын башка бир да жеринен табылбай турган бөтөнчө көк түскө боёлгон. Бирок анын өңү андагы пигментке (түс берүүчү затка) байланыштуу эмес. Анда эмнеге байланыштуу?

Көңүл бурсаңар: Анын мөмөсүнүн кабыгындагы клеткалардын чел кабыгында ширеңкенин чийине окшоп катар-катары менен жаткан майда жипчелери болот. Алар кат-кат болуп жайгашат жана ар бир кийинки катмары мурункусуна салыштырмалуу бир аз жантайган бурч менен жайгашат. Ошондуктан ал катмарлар спираль формасында болуп калат. Ал жипчелердин өзү көк түстө болбойт. Ал мөмөнүн адаттан башкача жаркырашы жана кулпурушу ошол жипчелердин жайгашканына байланыштуу. Көбүнчө көк түстүү болгону менен, жарыктын түшүү бурчуна жараша айрым мөмөлөрү жашыл, мала кызыл же сары боёкко боёлот. Ага клеткасындагы жипчелерден турган катмарлардагы билинер-билинбес айырмачылыктар себеп болот. Кылдат караганда анын өңү бир текши эмес экенин, атүгүл, компьютердин экранындагыдай, өтө майда чекиттерден куралган курама өң экенин байкоого болот.

Пигменти болбогондуктан ал өсүмдүктүн мөмөсү сабагынан үзүлүп калгандан кийин деле түсүн жоготпойт. Ал тургай бир кылымдан ашуун убакыт мурун чогултулган мөмөлөр да кудум эле жаңы үзүп алгандай көрүнөт! Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жегиликтүү болбосо да, ал мөмө канаттууларды өзүнө тартып турат.

Бул өсүмдүктүн өзгөчөлүгү окумуштууларга өңү өчпөгөн боёктордон тартып окшоштуруп жасоого мүмкүн эмес болгон кагаздарга чейин ойлоп табууга шык берүүдө.

Кандай деп ойлойсуңар? Бул өсүмдүк эволюция жолу менен өрчүгөнбү? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?