Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таңдандырган элемент

Таңдандырган элемент

«Жашоо үчүн абдан зарыл көмүртектей бир да элемент жок» («Nature’s Building Blocks»). Көмүртектин укмуштуудай өзгөчөлүгү анын өзү менен да, башка химиялык элементтер менен да байланыш түзүп, миллиондогон бирикмелерди жаратышына шарт түзөт. Андай бирикмелер көп эле ачылууда же синтезделүүдө.

Ошондой эле төмөндөгү мисалдар көрсөтүп тургандай, көмүртектин атомдору ар кандай формада, анын ичинде чынжыр, пирамида, шакекче, түтүкчө жана катмар түрүндө бириге алат. Ооба, көмүртек чынында эле таңдандырган элемент!

АЛМАЗ

Алмазда көмүртектин атомдорунун тетраэдр, башкача айтканда, пирамида сыяктуу түзүлүштө болушу анын укмуштуудай бекем жана адам баласына белгилүү болгон табияттагы эң катуу зат болушун шарттайт. Накта таза алмазды көмүртек атомдорунан турган бир бүтүн молекула деп эсептесе болот.

ГРАФИТ

Графитте көмүртектин бири-бири менен тыгыз байланышкан атомдору жыйылган кагаз сыяктуу катмарланып бириккендиктен ал кат-кат болуп оңой ажырайт. Ошондуктан графит эң сонун майлоочу зат жана карандаштын курамындагы негизги зат болуп эсептелет. *

ГРАФЕН

Графен — алты бурчтуктардан турган тор сымал жайгашкан көмүртек атомдорунун бир катмары. Анын керүү күчүнө туруштук берүүсү болоттукунан көп эсе жогору. Карандаштын кагаз бетине түшкөн изи графендин майда бөлүктөрүнүн бир же бир нече катмарынан турушу мүмкүн.

ФУЛЛЕРЕНДЕР

Көмүртектин ортосу көңдөй бул молекулалары микроскоптук шар, ошондой эле нанотүтүкчө деп аталган түтүкчө формасында болот. Алар нанометр менен — бир метрдин миллиарддан бир бөлүгүнө барабар чен менен — өлчөнөт.

ТИРҮҮ ОРГАНИЗМДЕР

Көмүртек углеводдордун, майлардын жана амин кислоталарынын курамында кездешкендиктен өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана адамдын көптөгөн клеткаларынын тиричилигинде аябагандай чоң ролду ойнойт.

«Аларды [Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын] анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20).

^ 7-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2007-жылдын октябрь — декабрындагы санына чыккан «Кимде карандаш бар?» деген макаланы карагыла.