Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Өмүрдү тобокелге салуунун зарылдыгы барбы?

Өмүрдү тобокелге салуунун зарылдыгы барбы?

КӨЙГӨЙ

«Туннелдин капталына туруп алчумун. Бир убакта катуу ылдамдыкта жүргөн поезд жанымдан зуулдап өтө баштачу. Ошондо дене боюм дүркүрөп, бүт кыйынчылыктарымды унута түшчүмүн» (Леон). *

«Бийик аскадан сууга секиргенде көз ирмемде өзүңдү эркин сезе түшөсүң. Бул мага аябай жакчу, бирок кээде жүрөгүм оозума тыгыла түшчү» (Лариса).

Леон менен Ларисадай болуп, көптөгөн жаштар күчү эмнеге жетерин сынаш үчүн көңүл ачуунун жүрөктү дүркүрөткөн, бирок өмүргө коркунуч туудурган түрлөрүнө тартылышат. Сен да ушундай кылгың келди беле? Анда бул макаладан пайдалуу кеңештерди таба аласың.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Буга байланып калуу коркунучу бар. Андайда кыска мөөнөткө жүрөгүң алып учат. Бирок андан кийин бул аздык кыла баштайт. Марко да туннелге туруп алганды жакшы көрчү. Ал: «Торго чырмалып калгандай эле болосуң. Бир саамга көңүлүң эргип, жыргай түшөсүң. Бирок ал сезим бат эле өтүп кетип, андан да күчтүүрөөк сезимдерди туйгуң келе баштайт»,— дейт.

Жүрүп бараткан машинелерге жармашып алып, катуу ылдамдыкта ролик тепкен Жастин: «Ошол оюнга такыр тойчу эмесмин. Башкалардын да мага суктанганы жага бербей калчу. Бирок акыры ооруканага түшүп калдым»,— дейт.

Теңтуштардын кысымы тунук ой жүгүртүүгө тоскоол кылат. Марвин деген жигит мындай дейт: «Досторум бийик имараттын дубалына жармашып чыгууга көндүрүп: „Бол эми. Ушундан да коркосуңбу?“ — дешчү. Өйдөлөгөн сайын кара терге түшүп, калтырап-титирей баштачумун». Жогоруда айтылган Лариса: «Башкалар эмне кылса, мен да ошону кылчумун. Элдин шары менен эле кете берчүмүн»,— дейт.

Интернет да кысымды ого бетер күчөтүүдө. Кандайча? Көңүл ачуунун опурталдуу түрүнө кызыккандардын кылык-жоруктары укмуш кылып көрсөтүлөт. Бирок мунун кооптуу жактары такыр кеп кылынбайт. Алардын Интернетке салынган видеолорун кыска мөнөөттүн ичинде эле далайлар көрүп чыгат. Ушундан улам да андай адамдардын атагы чыгып, атаандаштыкты жаратат.

Мисалы, опурталдуу деп эсептелген паркур менен алектенгендердин видеолору көптөрдүн көңүлүн байлап келет. Андай жаштар жанын оозуна тиштеп, эч кандай коопсуздук чаралары жок эле дубалдар, үйлөр, тепкичтер сыяктуу тоскоолдуктарды ыкчамдык менен чуркап, тырмышып, секирип ашып өтүшөт. Муну көргөндө «анча деле кооптуу эмес турбайбы», «баарынын эле колунан келет экен» деген эки жаңылыш тыянак чыгарып алуу оңой. Натыйжада ушундай кооптуу нерсени кылып көрүүгө азгырыла башташың ыктымал.

Күчүңдү сыноонун коопсуз жолдору бар. Ыйык Китепте «денени машыктыруунун» пайдасы бар экени жазылган (1 Тиметей 4:8). Бирок «акыл-эстүүлүк... көрсөтүп жашоонун» да маанилүүлүгү баса белгиленген (Тит 2:12). Муну кантип кылсаң болот?

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Кооптуу жактарын эске ал. Ыйык Китепте: «Ар бир баамчыл киши билимдин негизинде иш кылат, ал эми акылсыз акылсыздыкты жайылтат»,— делет (Накыл сөздөр 13:16). Көңүл ачуунун кайсы бир түрүн тандаарда анын кооптуу жактарын билип ал. «Ушуну кылсам, башымды өлүмгө байлабаймбы же олуттуу жаракат алып калбаймбы?» — деп ойлон (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 14:15).

Өмүрдү баалаган досторду танда. Чыныгы достор сени өмүрүңдү тобокелге салууга же сага жакпаган иш кылууга көндүрбөйт. Лариса: «Жакшы, тең салмактуу досторум мага пайдалуу иштер менен алек болууга жардам беришти. Жакшы досторду тандаганда жашоом да жакшы жакка өзгөрдү»,— дейт (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 13:20).

«Ушуну кылсам, башымды өлүмгө байлабаймбы же олуттуу жаракат алып калбаймбы?» — деп ойлон

Жөндөмүңдү өмүрдү тобокелге салбай эле өрчүтсөң болот. Бир китепте «өзүнүн принциптерин негиздөө, күчү эмнеге жетерин аныктоо» жаштардын өсүп-жетилүүсүнүн ажырагыс бөлүгү экени айтылган («Adolescent Risk Behaviors»). Андыктан күчүңдү коопсуз жагдайда тийиштүү коопсуздук жабдыктарын колдонуп сынасаң болот.

Өзүн өзү сыйлоо сезимин өрчүт. Башкалар сени курч сезимдерди туюш үчүн эле кылган иштериң үчүн эмес, турмуштагы кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңгениң үчүн сыйлашат. Лариса: «Бийик жардан секире баштагандан тартып жашоом баш аламан боло баштаган. Учурунда токтосом, жашоом алда канча жакшы болмок»,— дейт.

Жыйынтык: Бир башкача сезимдерди туюш үчүн эле өмүрдү тобокелге салгандын ордуна, көңүл ачуунун түрлөрүн акылдуулук менен танда (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 15:24).

^ 4-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.