Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Милфорд булуңу

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Жаңы Зеландияга саякат

Жаңы Зеландияга саякат

МЫНДАН болжол менен 800 жылдай мурун маори уруулары океан аркылуу миңдеген чакырым жол жүрүп, Жаңы Зеландияга отурукташып калышкан. Алар тапкан жер артта калган Полинезиянын тропикалык аралдарынан кескин айырмаланып турган. Ал аймак көк мелжиген тоолору, мөңгүлөрү, минералдуу суулары, аппак кары менен өзгөчөлөнүп турган. 5 кылымдай өткөн соң алардын артынан алыскы Европадан дагы бир эл жер которуп келген. Бүгүнкү тапта жаңы зеландиялыктардын көбү англо-саксылар менен полинезиялыктардан келип чыккан каада-салттарга карманышат. Калкынын дээрлик 90 пайызы шаарларда турушат. Уэллингтон шаары, башка борбор шаарларынан айырмаланып, дүйнө жүзүнүн түштүк тарабына эң эле жакын жайгашкан борбор шаар болуп эсептелет.

Түндүк аралдагы кайнаган ылайдын көлчүгү

Жердин жети түбүндө жайгашса да, табияты ар түрлүү келген ажайып кооз Жаңы Зеландияга жылына 3 миллионго чейин турист агылып келип турат.

Күмүш циатеясы 10 метрден ашык бийиктикке чейин өсөт

1948-жылга чейин канаты жок такахе кушу тукум курут болуп кеткен деп ойлошкон

Жаңы Зеландия жаныбарлардын бай дүйнөсү, анын ичинде дүйнөнүн эч бир жеринде кездешпеген канаты жок куштардын көптөгөн түрлөрү менен, сыймыктанат. Ал жакта сырткы көрүнүшү кескелдирикке окшоп кеткен, 100 жылга чейин жашаган гаттерия да байырлайт. Ал жерди мекендеген саналуу эле сүт эмүүчүлөрдүн катарына жарганаттын бир нече эле түрү жана кит, дельфин сыяктуу айрым деңиз жаныбарлары кирет.

Жахабанын Күбөлөрү өз ишин Жаңы Зеландияда дээрлик 120 жылдай убакыттан бери жүргүзүп келишет. Алар Ыйык Китептин негизинде, бери дегенде, 19 тилде, анын ичинде ниуэ, раротонга, самоа, тонга тилдеринде, билим беришет.

Улуттук кийимчен маорилер ыр менен коштолгон бийди бийлеп жатышат