Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишенүүгө болобу же болбойбу?

Ишенүүгө болобу же болбойбу?

Ишенүүгө болобу же болбойбу?

«Чириген тактайларга ишенүүгө болбойт»,— деп жазган англис драматургу Уильям Шекспир. Чынында эле, жыгач көпүрөдөн басардан мурун анын тактайларынын чириген-чирибегенин текшересиң.

ШЕКСПИРДИН сөздөрү байыркы Ысрайылдын акылман падышасы Сулаймандын айткандарына дал келет. Ал 3 000 жылдай мурун: «Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп жазган (Накыл сөздөр 14:15). Ооба, уккан нерсенин баарына эле ишенип, жүйөсүз кеңештердин же окуулардын негизинде чечим чыгарып, иш-аракет кылуу акылсыздыкка жатат. Чирип калган тактайлар менен басуу кырсыкка алып келген сыяктуу эле, ишенбеш керек болгон нерселерге ишенүү кесепеттүү. Балким, сенде да: «Ишенүүгө татыктуу жетекчилик дегеле барбы?» — деген суроо туулгандыр.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар байыркы китепке — Ыйык Китепке — толугу менен ишенишет. Алар ага жетекчилик издеп кайрылышат жана анын кеңештеринин негизинде чечим чыгарып, окууларына ылайык жашашат. Андай адамдар «чириген тактайлар» менен басып бараткан жокпу? Буга жооп алыш үчүн «Ыйык Китепке ишенүүгө кандай негиздер бар?» — деген суроону карап чыгалы. «Ойгонгула!» журналынын атайын даярдалган бул саны ушул суроолорго жарык чачат.

«Ойгонгула!» журналынын бул санынын максаты кимдир бирөөгө кандайдыр бир диний окууну же көзкарашты таңуулоо эмес. Бул санда миллиондогон адамдарга Ыйык Китепке ишенүүгө түрткү берген жүйөлүү далилдер каралат. Кийинки макалаларды окуп чыгып, Ыйык Китеп ишенүүгө татыктуубу, жокпу, таразалап көрсөңөр болот.

Чынында, буга тийиштүү көңүл буруу маанилүү. Ыйык Китепте Жараткандын бизге берген жетекчилиги камтылса, анда айтылгандарды өз алдыбызча жана жакын туугандарыбыз менен чогуу карап чыгууга тийишпиз.

Алгач, келгиле, Ыйык Китептин өзгөчө китеп экенин тастыктаган айрым фактыларга токтололу.