Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тынч океандын түштүгүндөгү унутта калган кулдар

Тынч океандын түштүгүндөгү унутта калган кулдар

Тынч океандын түштүгүндөгү унутта калган кулдар

ФИЖИДЕГИ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ТЫНЧ океандагы коралл аралынын тургундары жээкке карай сүзүп келе жаткан эки кемени кубанычтары койнуна батпай тосуп алышат. Себеби бир нече жылдар мурунураак кеме кыйроосунан аман калган бирөө аралдагы ар бир үй-бүлөгө Ыйык Китебинин барактарынан айрып берген болчу. Ошол момун калк ал барактарды терең кызыгуу менен окуп, ошондон тартып Кудай жөнүндө айтып бере тургандарды чыдамсыздык менен күтүп жүргөн эле.

Эми элдин көктөн издегени жерден табылып, кеме менен келгендер аларга Кудай жөнүндө көбүрөөк биле турган жакка алып барабыз деп убада кылышат. 250дөй ишенчээк эркек-аялдар алардын кемесине түшүп жөнөшөт; көбү колдоруна баягы барактарын кыса кармап алышкан эле.

Чынында, аларды алдап алып баратышкан. Кеме жээктен алыстаары менен аларды байлап, кеменин ылдыйкы бөлүгүнө түшүрүп салышат да, узак жол жүрүп, Түштүк Американын Кальяо портуна алып барышат. Санитардык шарттар болбогондуктан көптөрү жолдон өлүп калышат. Көптөрүн зордукташат. Аман калгандарын плантацияларда, шахталарда иштетүү үчүн же үй жумуштарын аткартуу үчүн кулдукка сатып жиберишет. Алардын эч кимиси үйүнө кайтып барган эмес.

Териси кара кишилерди кулга айландыруунун күч алышы

Түштүк Тынч океандагы аралдарда жашагандарды күчкө салып алып кетүү 19-кылымда жана 20-кылымдын башында күчөгөн. 1860-жылдардын башында аралда жашаган миңдеген кишилер Түштүк Америкага жеткирилген. Кийинки он жылдын ичинде Тынч океандын батышындагы аралдарда жашагандарды Австралияга алып кете башташкан. Мурун Британиянын согуш деңиз күчтөрүндө кызмат кылган Росс Левин 1867-жылы кант камышын өстүрүүчүлөргө жана пахта плантацияларынын ээлерине «мыкты жана эмгекчил кулдардын ар бирин 7 фунттан сатып алууну» сунуш кылган.

Британиядагы колония иштери боюнча министрлик кул сатууга каршы иш жүргүзгөн, бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Анын эки себеби бар болчу. Биринчиден, Британияда чет элдик жарандар үчүн мыйзам караштырылган эмес. Экинчиден, мыйзамда кулдарга байланыштуу так жол-жобо жок болчу. Ошондуктан сотто кул сатарлар: «Аларды алдап күч менен алып келсек да, алар, чынында, кул эмес. Алардын эмгеги үчүн акы төлөнөт, убагы келгенде үйлөрүнө кайтышат»,— деп ынанымдуу айтышкан. Айрымдары: «Биз бул билимсиз адамдарды Британиянын мыйзамына баш ийдирип, эмгекке үйрөтүп, аларга жакшылык кылып жатабыз»,— дегенге чейин барышкан. Ошентип, кул сатуу кандайдыр бир убакытка чейин күч ала берген.

Өзгөрүүлөр

Өлкөнүн калыс жарандарынын кул сатууга каршы пикир айтышы менен бир топ нерселер өзгөрө баштаган. Алсак, аралдарда жашагандарды күчкө салып алып келүүгө жол берилбей калган, бирок айрымдарын өз каалоосу менен алып келишкен. Ошондой эле аларга катаал мамиле кылууга, сабоого, ысык темир менен белги басууга же жаман шарттарда иштетүүгө тыюу салынган.

Англикан чиркөөсүнүн эпискобу Ж. К. Паттесон аралдагыларды кулдукка сатууга абдан каршы болуп, териси кара кишилердин таламын талашып жүргөн. Бирок анын ошол эле аралдыктардын колунан өлтүрүлүшү жагдайдын курчушуна алып келген. Кул сатуучулар аралда жашоочуларды алдап алып кетүү үчүн, Паттесондукуна окшогон кеме куруп алып, аралга Паттесондон биринчи келишет. Анан жергиликтүү калкты эпископ менен жолугууга кемеге түшүүгө чакырышат. Кемеге түшкөндөр ал жолкусунда да үйүнө кайтып келишкен эмес. Ошондо аралдыктардын Паттесонго каары кайнап, өч алгысы келгени түшүнүктүү эле. Ошондуктан Паттесон аралга өзү келгенде, аны тосуп чыгып, жөн жерден өлтүрүп коюшат. Бул окуядан кийин элдин нааразычылыгы өскөндүктөн, зордук-зомбулукту токтотуу үчүн Тынч океанга Британия менен Франциянын аскер-деңиз флоту коюлат.

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс жана Квинсленд штаттары Британиянын колония иштери боюнча министрлиги менен бирдикте зордук-зомбулукту токтотууга жана жумушчу күчүн сатууну жөнгө салууга карата мыйзамдарды иштеп чыгышкан. Ошонун негизинде тескөөчүлөр дайындалып, аралдардан адамдарды алып келүүчү кемелерге мамлекеттик өкүлдөр коюлган. Бул иш-чаранын акыбети кайткан. Кул сатуучулукка каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзамдарга караганда, бул ыкма кыйла натыйжалуу болгон. Анткени бул аралдыктарды күч менен алып келгендиги жана өлтүргөндүгү үчүн кул сатуучуларды соттоого негиз берген. 19-кылымдын акыркы он жылдыгында Тынч океандын түштүгүндө жагдай өзгөрө баштаган. Кулдарды ташып келүү жалпы жонунан токтоп калгандыктан, 19-кылымдын аягында аралдардан кулдар дээрлик алынып келинбей калган.

Жаңы уюшулган улуттук парламент — Австралия союзу — 1901-жылы бүткүл өлкө боюнча иммиграцияны жөнгө сала баштайт. Ал парламенттин жүргүзгөн саясаты жалпы коомчулуктун пикирине шайкеш келген. Анткени эл сырттан келген кулдар жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болушуна терс таасирин тийгизет деп чочулап, нааразычылык билдирген. Тынч океандын түштүгүндөгү аралдардан кулдар жалданып келеби, же башка жол менен алынып келинеби, алардын келишин жергиликтүү калк каалабай калган. Ошондуктан миңдеген кулдарды үйлөрүнө кайтууга мажбур кылышкан. Бул ал кулдар үчүн оңой болгон эмес. Анткени аларга отурукташып калган жылуу жерин таштап, жакындарынан кетүүгө туура келген.

Өздөрү унутулса да, эмгеги унутулбаган кулдар

2000-жылдын сентябрында Квинсленд штатынын өкмөтү кулдардын эмгеги Квинсленддин экономикасынын, маданиятынын өнүгүшүнө жана региондук өнүгүүсүнө чоң салым кошконун эл алдында жарыялап, аларга катаал мамиле жасалгандыгы үчүн кечирим сураган.

Тарых тастыктап тургандай, көптөр башкалардын өмүрү менен эркиндигин өз кызыкчылыктарына колдонуп, пайда көрүп келишкен. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы башкарган маалда мындай адилетсиздиктин бири да болбой турганы убадаланат. Кудайдын бийлиги алдында жердин жашоочуларынын «ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт» (Михей 4:4).

[24, 25-беттердеги карта]

Slave routes led to Australia and South America

ТЫНЧ ОКЕАН

МИКРОНЕЗИЯ

МАРШАЛЛ АРАЛДАРЫ

Жаңы Гвинея

СОЛОМОН АРАЛДАРЫ

ТУВАЛУ

АВСТРАЛИЯ КИРИБАТИ

КВИНСЛЕНД ВАНУАТУ

ЖАҢЫ ТҮШТҮК УЭЛЬС ЖАҢЫ КАЛЕДОНИЯ ТҮШТҮК АМЕРИКА

Сидней ← ФИЖИ → Кальяо

САМОА

ТОНГА

КУК АРАЛДАРЫ

ФРАНЦИЯ ПОЛИНЕЗИЯСЫ

Пасха аралы

[24-беттеги булак]

National Library of Australia, nla.pic-an11279871