Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга ишенүү акылга сыярлыкпы?

Кудайга ишенүү акылга сыярлыкпы?

Кудайга ишенүү акылга сыярлыкпы?

ЭМНЕ үчүн кымындай атом бөлүкчөлөрүнөн тартып зор галактикаларга чейин так математикалык мыйзамдарга баш иери тууралуу ойлонуп көрдүң беле? Ал эми тиричиликтин ар түрдүүлүгү, татаалдыгы жана кылдат ойлонуштурулганы жөнүндөчү? Көптөр Аалам жана андагы нерселердин баары космостук жарылуунун жана эволюциянын негизинде пайда болгон деп ойлошот. Башкалары бардык нерсе Жараткандын колунан бүткөн дешет. Кандай деп ойлойсуң, ушул эки көз караштын кайсынысы акылга сыярлык?

Тиричилик эволюциянын аркасында пайда болгон дегендер да, бардыгын Кудай жараткан дегендер да өзүлөрүнүн көз карашына бекем ишенишет. Аалам Жараткандын колунан бүткөн дегендердин көз карашы Кудайга болгон ишенимге негизделет. Ыйык Китепте: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— делет (Жакан 1:18). Ааламдын кантип пайда болгонун же тиричиликтин кантип башталганын эч ким көргөн эмес. Тиричиликтин кайсы бир түрлөрү жогорку түрлөргө же тиричиликтин башка түрлөрүнө айланганын да эч ким көргөн эмес. Палеонтологиялык билдирүүлөр жаныбарлардын негизги түрлөрү капилеттен пайда болгонун жана башка түрлөргө айланып кетпегенин көрсөтүп турат *. Бул эки көз караштын кайсынысы фактыларга негизделген?

Ишенимиң төгүндөлгүс далилдерге негизделеби?

Ыйык Китепке ылайык, чыныгы «ишеним — бул... көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү» (Эврейлер 11:1). «Үмүт нуру» котормосунда: «Ишеним — бул... көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— деп берилген. Ооба, көзүбүз менен көрбөсөк да, көп нерселердин бар экенине ишенебиз.

Алсак, көптөгөн беделдүү тарыхчылар Искендер Зулкарнайндын, Юлий Цезардын жана Иса Машаяктын качандыр бир кездерде жашаганына ишенишет. Алардын ишеними фактыларга негизделеби? Албетте. Алар буга байланыштуу тарыхый далилдерди келтире алышат.

Окумуштуулар да көзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенине «айкын далилдерди» көрө алышкандыктан, алардын бар экенине ишенишет. Мисалы, 19-кылымда жашаган орус химиги Дмитрий Менделеев химиялык элементтердин өз ара байланышын көрүп, абдан таң калган. Ал элементтердин кандайдыр бир окшоштуктары бар экенин жана атомдук массасы, химиялык касиеттери боюнча топторго бөлүнөрүн түшүнгөн. Менделеев элементтердин так классификацияга баш иерин билгендиктен, элементтердин мезгилдик системасын түзгөн жана ошол маалда белгисиз болгон элементтердин бар экенин алдын ала айткан.

Археологдор миңдеген жылдар бою жер астында жашырылып жаткан буюмдарды казып алуу менен байыркы замандагы цивилизациялар тууралуу биле алышат. Мисалы, түптүз кесилип, биринин үстүнө бири ирети менен тизилген таштарды таап алган археолог кандай жыйынтык чыгарат? Ал: «Таштардын иреттүү тизилиши жөн эле кокустук»,— деп коёбу? Антери күмөн. Тескерисинче, таштарды байыркы убакта жашаган адамдар тизген деген жыйынтык чыгармак жана ошондой жыйынтык чыгарганы акылга сыярлык болмок.

Ошол сыяктуу эле, биз дагы Ааламдагы иреттүүлүктү көрүп, ушундай жыйынтык чыгарышыбыз керек эмеспи? Көптөр, анын ичинде белгилүү окумуштуулар да ушундай жыйынтыкка келишкен.

Жөн эле кокустукпу же ойлонуштурулуп жаратылганбы?

Улуу британиялык математик, физик жана астроном Жеймс Жинс илимде жасалган ачылыштардын аркасында Ааламды жөндөмдүүлүктөрү, сапаттары бар улуу математик жараткан деген жыйынтык чыгарган.

Көптөгөн окумуштуулар да ушундай тыянакка келишкен. Физик Пол Девис: «Ааламдагы тартип, уюшулгандык бүгүнкү күндөгү астрономдорго бардыгы ойлонуштурулуп жаратылганын айтып турат»,— деп жазган. Атактуу физик жана математик Альберт Эйнштейн: «[Табиятты] түшүнүп жатканыбыздын өзү эле керемет»,— деген. Ооба, ааламдагы тиричиликти, структуралык элементтерден баштап адамдын мээсине чейин, керемет десе болот.

ДНК жана адамдын мээси

ДНК — клеткалуу организмдердеги тукум куума белгилерди алып жүргөн генетикалык материал *. Маалымат сакталган бул татаал молекуланы фотокопияга же рецептке салыштырууга болот. Анын химиялык коду бар жана ал кодду чечмелеп, ошого жараша иш жүргүзгөн молекулалык чөйрөдө сакталат. ДНКга канча маалымат батат? Бир эмгекте ДНКны түзгөн нуклеотиддерди алфавиттеги тамгалар менен жазып чыга турган болсок, анда ал «миллион беттен ашкан китеп болмоктугу» айтылат.

Көптөгөн организмдерде эки катталып буралган жип түрүндөгү ДНК хромосомаларды түзүп, клетканын ядросунда жайгашат. Клетканын ядросунун диаметри орто эсеп менен 5 микрометрди түзөт *. Элестетсеңер, адамдын организмине байланыштуу толгон-токой маалымат микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө мүмкүн болгон кымындай эле молекуланын ичинде сакталат! Бир окумуштуу тирүү организмдерде: «Бүгүнкү күндө белгилүү болгон сактап кайра кайтарып берүү системасынан алда канча чакан система бар»,— деп таамай айткан. Анын айткандарын түшүнүү үчүн компьютердин микросхемалары, DVDлер жана башка ушу сыяктуу нерселер канча маалымат батыра алары жөнүндө ойлонуп көрсөңөр болот. Бирок, кызыктуусу, ДНК тууралуу дагы деле билгенибизден биле элегибиз көп. «Нью сайентист» журналында: «Илимдеги ар бир ачылыш ДНКнын канчалык татаал экенин айгинелеп жатат»,— делет *.

Түзүлүшү таңыркаткан, мыкты уюшулгандыкты көрсөткөн нерселер кокусунан эле пайда болгон деген ырастоо акылга сыярлыкпы? Татаал техникага байланыштуу пайдалуу көрсөтмөлөр жана маалыматтар код менен жашырылган миллиондогон беттен турган китепти көрсөң, ал өзүнөн өзү эле жазылып калган деп ойлойт белең? Эгер ал китеп эң мыкты микроскоптун жардамы менен гана окууга мүмкүн болгончолук кичинекей болсочу? Ошондой эле анда өзүн өзү калыбына келтире алган, өндүрүүгө жөндөмдүү, өз убагында ишке кирип турган, бири бирине төп келген миллиарддаган тетиктерден турган «акылдуу машине» чыгарууга карата так көрсөтмөлөр камтылган болсочу? Ооба, мындай китеп өзүнөн өзү пайда болуп калган деп эч ким айтмак эмес.

Улуу британиялык философ жана бир кездерде атеизмди жактаган Энтони Флю клетканын ичинде кандай процесстер жүрөрүн изилдегенден кийин: «Жашоонун пайда болушуна шарт түзгөн аябагандай татаал процесстер жогорку акылдын катыштыгын көрсөтүп турат»,— деп айткан. Ошондой эле ал: «Далилдер кандай жыйынтык чыгарууга түрткү бербесин аларды четке какпаш керек»,— деп кошумчалаган. Энтони Флюнун ой жүгүртүүсү бара-бара түп-тамыры менен өзгөрүп, Кудайдын бар экенине ишенип калган.

ДНКнын аркасында пайда болгон адамдын мээси да окумуштууларды таңдандырат. Аны «ааламдагы эң татаал система» катары сүрөттөп келишет. Нейрондордон жана башка ар кандай заттардан турган салмагы 1,5 килограммга жетпеген мээге эң мыкты деп эсептелген заманбап компьютерлерди салыштырып болбойт. Бир нейробиолог адамдын мээси жана акыл-эси жөнүндө окумуштуулар канчалык көбүрөөк билген сайын, анын «ошончолук таң калыштуу, акыл жеткис экенине ынанып жатышканын» айткан.

Ойлонуп көрсөңөр, адам мээнин функцияларынын аркасында дем алууга, күлүүгө, табышмактарды табууга, компьютерлерди ойлоп чыгарууга, велосипед тебүүгө, жымыңдаган жылдыздарга суктанууга жана ыр жазууга жөндөмдүү. Ушундай жөндөмдүүлүктөр өзүнөн өзү эле эволюция жолу менен пайда болгон деп ырастоо акылга сыярлыкпы?

Ишеним далилге негизделет

Биз өзүбүздү түшүнүү үчүн, эволюционисттерге окшоп, өзүбүздөн төмөн турган тиричиликтин түрлөрүн, алсак, маймылдарды изилдешибиз керекпи? Же жогорудагы Кудайга кайрылышыбыз керекпи? Албетте, адамдар менен жаныбарлардын кандайдыр бир окшоштуктары бар. Мисалы, биз деле тамак ичебиз, уктайбыз жана тукум улоо жөндөмдүүлүгүнө ээбиз. Бирок биз көп жагынан өзгөчөбүз. Адамдын өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгону аны Кудай жаратканын далилдеп турат. Ыйык Китепте Кудайдын адамды өз «бейнеси боюнча жаратканы» айтылат (Башталыш 1:27). Ыйык Жазмадан Кудайдын кандай сапаттарга ээ экенин изилдеп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Анын сапаттарынын айрымдары Мыйзам 32:4тө, Жакып 3:17, 18де жана 1 Жакан 4:7, 8де жазылган.

Жараткан Кудай бизге курчап турган дүйнөнү изилдөө үчүн жана суроолорубузга канааттандырган жооп табуу үчүн «акыл берген» (1 Жакан 5:20). Нобель сыйлыгынын лауреаты, физик Уильям Филлипс буга байланыштуу мындай деп жазган: «Ааламдагы тартипти, уюшулгандыкты жана кооздукту көргөндө анын баарын жогорку акыл жараткан деген жыйынтыкка келем. Андагы ырааттуулук жана жөнөкөйлүк менин Кудайга болгон ишенимимди бекемдейт».

Мындан эки миң жылдай мурун табиятка байкоо салган бир киши мындай деген: «Анын [Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20). Бул сөздөрдү Мусанын мыйзамын жакшы билген, жогорку билимдүү элчи Пабыл айткан. Анын ишеними так далилдерге негизделгендиктен, Кудайдын бар экенине шектенген эмес. Андан тышкары, адилеттүүлүк сапаты ага бардык даңкты Кудайга ыйгарууга түрткү берген.

Сен да Кудайга ишенүү акылга сыярлык экенине кошулат чыгарсың. Анда, элчи Пабылга окшоп, Кудайдын бар экенине ишенип коюудан да көптү кыла аласың. Жахаба Кудайдын адамдарды өзүнө тарткан сонун сапаттарын көрүп, миллиондогондордун ага болгон ыраазычылыгы артууда. Сенин да ушундай Кудайга жакындагың келбейби? (Забур 82:19; Жакан 6:44; Жакып 4:8).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Эволюция далилдерге негизделгенби?» деген макаланы карагыла («Ойгонгула!», 2006-жыл, октябрь—декабрь).

^ 14-абз. ДНК дезоксирибонуклеин кислотасы деп чечмеленет.

^ 15-абз. Микрометр метрдин миллиондон бир бөлүгүн түзөт.

^ 15-абз. Чарлз Дарвин эволюция теориясын негиздегенде тирүү клеткалардын канчалык татаал экенин билген эмес.

ДИНДИН ЖАМАН ИШТЕРИНЕН УЛАМ КУДАЙГА ИШЕНБЕЙ КОЮШ КЕРЕКПИ?

Дин тарабынан жаман иштер жасалгандыктан, көптөр Жараткандын бар экенине ишенишпейт. Бирок бул Кудайга ишенбей калууга себеп болушу керекпи? Жок. Энтони Флюнун «Бул — Кудай» деген китебине жазган кириш сөзүндө Рой Абрахам Вагенз мындай деген: «Ядролук куралдануунун кулач жайышы E=mc2 формуласы менен эч кандай байланышы жок болгондой эле, дин тарабынан жасалган жаман иштерге Кудай жооптуу эмес» *.

[Шилтеме]

^ 31-абз. Энергия жарык ылдамдыгынын квадратына көбөйтүлгөн массага барабар.

[23-беттеги сүрөт]

Альберт Эйнштейн

[23-беттеги сүрөттөр]

Байыркы убактагы имараттарды адамдар курса, анда Ааламдагы нерселер кимдин колунан бүткөн?

[24, 25-беттердеги сүрөт]

ДНК так көрсөтмөлөрдү камтыган микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн болгон китепке окшош

[25-беттеги сүрөт]

Адамдын мээси «ааламдагы эң татаал система» катары сүрөттөлөт

[22-беттеги сүрөт]

© The Print Collector/age fotostock