Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жанды кыйноо Кудайга жакындоого жардам береби?

Жанды кыйноо Кудайга жакындоого жардам береби?

Ыйык Китепте эмне делет?

Жанды кыйноо Кудайга жакындоого жардам береби?

ӨЗҮН ӨЗҮ кыйноо деген ойдун өзү эле көптөрдүн бүткөн боюн чымыратат. Бирок өзүн сабап, өтө катуу орозо кармап, жал-куйруктан токулган жана денени сайгылап-кычыштырган көйнөк кийип жанын кыйнаган сыйынуучуларды Кудайдан корккон адамдар катары даңазалагандар да аз эмес. Мындай көрүнүштөр орто кылымдарда эле болгон деп айтууга болбойт. Акыркы маалымат каражаттарында атүгүл бүгүнкү күндөгү аттуу-баштуу диний жетекчилердин да өзүн сабап-кыйнаганы маалымдалат.

Адамдарга Кудайга ушинтип сыйынууга эмне түрткү берет? Христиандык деп эсептелген бир уюмдун өкүлүнүн айтымында, «ыңгайсыздыктарды өз ыктыяры менен баштан кечирүү Иса Машаякка жана анын бизди күнөөдөн арылтуу үчүн өз ыктыяры менен тарткан азаптарына ортоктош болууну билдирет». Бирок диний жетекчилердин андай ырастоолору Кудай Сөзүндө айтылгандарга карама-каршы келет. Анда Ыйык Китепте эмне делгенин карап көрөлү.

Денеңерге аяр мамиле кылгыла

Ыйык Китепте Кудайга сыйынууда жанды кыйноо керектиги айтылбайт, тескерисинче, анын туура эмес экени көрсөтүлөт. Ал Кудайдан корккон адамдарды өздөрүнүн денесине аяр мамиле кылууга үндөйт. Кудай Сөзүндө күйөө менен аялдын ортосундагы ынак мамиленин кандай сүрөттөлгөнүнө көңүл бурсаңар. Анда адамдын, адатта, өз денесине кандай мамиле кылары айтылып, мындай делген: «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек... Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, аны азыктандырып, бапестейт. Машаяк да жыйналышка ушундайча кам көрөт» (Эфестиктер 5:28, 29).

Эгер Кудайга сыйынгандардан сыйынуу учурунда өз денесин мыкаачылык менен жабыркатуу талап кылынса, күйөөсү аялын өз денесиндей сүйүшү керектигине байланыштуу жогорудагы көрсөтмө мааниге ээ болот беле? Жазмадагы принциптерди баалагандардан өз денесине аяр мамиле кылуу, атүгүл аны сүйүү жана мындай сүйүүнү өмүрлүк жарына да көрсөтүү талап кылынары айкын.

Ыйык Китепте адамдарга өздөрүнүн денесине кам көрүүгө жардам берген принциптер көп. Мисалы, анда тең салмактуулук менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо пайдалуу экени айтылат (1 Тиметей 4:8). Ыйык Жазмада айрым тамак-аштардын дарылык касиети бар экени жана туура эмес тамактануунун кесепеттүү экени ачылып берилет (Накыл сөздөр 23:20, 21; 1 Тиметей 5:23). Ошондой эле ал адамдарды ден соолугуна тийиштүү түрдө кам көрүүгө үндөйт, анткени бул аларга мүмкүн болушунча жигердүү жана сергек болууга жардам берет (Насаатчы 9:4). Ойлонуп көрсөңөр, Кудай кантип эле бир учурда адамдардан саламаттыгына кам көрүүнү да, өз денесине зыян келтирүүнү да талап кылсын? (2 Корунттуктар 7:1).

Исанын жолдоочулары ага окшоп азап чегиши керекпи?

Бүгүнкү күндө кээ бир уюмдар адамдарды өзүн кыйноого үндөө үчүн Исанын жана анын алгачкы жолдоочуларынын азап чеккенин жүйө катары колдонушат. Бирок бул жаңылыштык. Кудайдын Ыйык Китепте айтылган кызматчыларынын бири да өздөрүнө зыян келтирип азап чеккен эмес. Ыйык Китептин жазуучулары Машаяктын кыйноо тартканы тууралуу анын жолдоочуларын өзүн өзү куугунтуктоого эмес, куугунтукка чыдоого үндөө максатында жазышкан. Демек, адамдын өз жанын кыйнаганы Иса Машаякты туураганга жатпайт.

Мисалы, жаалданган топтун жакшы көргөн досуңду кордоп, ага зомбулук көрсөткөнүн билдиң дейли. Бирок досуң кордукка кордук, жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбай, өзүн кармай билип, сабырдуулук көрсөтүптүр. Досуңан үлгү алгың келсе, өзүңдү өзүң тилдеп, сабайт белең? Албетте, жок! Бул жаалдуу топту туурагандыкка жатып калмак. Тескерисинче, ошондой окуяга кабылсаң, өч алуудан качмаксың.

Мындан көрүнүп тургандай, Машаяктын жолдоочуларынан өздөрүн кыйноо талап кылынбайт. Бул Исаны кыйнап, аны өлтүрүүгө аракет кылган каарданган топту тууроого тете болуп калмак (Жакан 5:18; 7:1, 25; 8:40; 11:53). Тескерисинче, алар куугунтукка туш болгондо кыйынчылыктарды сабырдуулук менен көтөргөн Исаны тууроого умтулушу керек (Жакан 15:20).

Ыйык Жазмага каршы келген түшүнүк

Иса жашаган кезге чейин эле Ыйык Жазма жүйүттөрдүн жашоосуна жана сыйынуусуна жетекчилик берип, аларды денесине зыян келтирүүдөн сактаган. Маселен, Мыйзамда жүйүттөргө башка элдердин арасында кеңири таралган нерсени кылууга, атап айтканда, денени кескилөөгө ачыктан-ачык тыюу салынган (Лебилер 19:28; Мыйзам 14:1). Эгер Кудай денени кескилегенди туура көрбөсө, анда аны сабаганды да туура көрбөсү айдан ачык. Демек, буга карата Ыйык Китепте эмне делери айкын: адамдын кандайдыр бир жол менен өзүнүн денесине зыян келтириши Кудайга жакпайт.

Сүрөтчү тарткан сүрөтүнүн бааланышын каалагандай эле, Жахаба Кудай, Жаратканыбыз, өзүнүн жаратуусуна — адамдын денесине — аяр мамиле кылынышын каалайт (Забур 138:14—16). Чынында, адамдын өз жанын кыйнаганы анын Кудай менен болгон мамилесин бекемдебейт, бекемдемек түгүл, бузат жана Инжилдердеги окууларды бурмалагандыкка жатат.

Адамдар ойлоп тапкан жана ырайымсыздыкты чагылдырган андай окуу жөнүндө элчи Пабыл Кудайдын рухунун жетеги менен мындай деп жазган: «Адамдар чыгарган осуяттар менен окууларга негизделгендиктен бул буйруктар колдонулуп жок боло турган нерселерге тиешелүү. Мунун баары өз эркинче сыйынууда, калп эле момунсунууда жана денени кыйноодо акылмандык болуп көрүнгөнү менен, дене кумарлары менен күрөшүүдө пайдасыз» (Колосалыктар 2:20—23). Ырас, жанды кыйноо каадасы Кудайга жакындоого эч кандай жардам бербейт. Ал эми Кудай туура көргөн таза сыйынуунун талаптары жан сергитерлик, жагымдуу жана оор эмес (Матай 11:28—30).

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Кудай адамдын денесине кандай карайт? (Забур 138:13—16).

● Денени кыйноо туура эмес каалоолор менен күрөшүүгө жардам береби? (Колосалыктар 2:20—23).

● Чыныгы сыйынуу оорбу жана жанды кыйнайбы? (Матай 11:28—30).

[11-беттеги кыстырма]

Ыйык Китепте эмне делери айкын: адамдын өз денесине зыян келтириши Кудайга жакпайт

[10-беттеги сүрөт]

Зыяратчы өзүн кыйнап, чиркөөгө тизелеп чыгып баратат

[Булак жөнүндө маалымат]

© 2010 photolibrary.com