Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Троицага ишенсе болобу?

Троицага ишенсе болобу?

Дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун киши христиан динин тутат. Алардын көбү Троица жөнүндөгү окууга — Ата, Уул жана ыйы рух үчөө биригип бир Кудайды түзөт дегенге — ишенишет. Троица жөнүндөгү окуу кандайча христиан дининин окуусу болуп калган? Ал окуу Ыйык Китепке негизделеби?

ЫЙЫК КИТЕП б.з. 1-кылымында жазылып бүткөн. Троица жөнүндөгү окуу ошондон 2 кылымдан ашуун убакыт өткөндөн кийин — б.з. 325-жылы — Кичи Азиядагы Никея (азыр Изник, Түркия) деген шаарда өткөн чогулушта негизделе баштаган. «Жаңы католик энциклопедиясына» ылайык, Никея чогулушу түзгөн негизги окуулардын жыйындысында христиандардын окуулары, анын ичинде Кудай жана Машаяктын ким экени түшүндүрүлгөн. Бирок Ыйык Китеп жазылып бүткөндөн кийин Кудайдын жана Машаяктын ким экенин аныктоо эмне үчүн зарыл болгон? Бул тууралуу Ыйык Китепте жазылгандар айкын эмес беле?

ИСА КУДАЙБЫ?

Константин Рим империясынын башкаруучусу болгондон кийин, өздөрүн Иса Машаяктын жолдоочулары деп эсептегендер Кудай менен Машаяктын ким экенине байланыштуу кайчы пикирде болуп, экиге бөлүнө баштаган. Иса Кудайбы? Же аны Кудай жаратты беле? деген суроолор талаш-тартышты пайда кылган. Талаш маселени чечиш үчүн Константин чиркөө жетекчилерин Никея шаарына чогулткан. Бирок ал чынында ошол суроолордун чечилишине кызыкдар болгондуктан эмес, диндин айынан империясынын эки жаат болуп бөлүнүшүн каалабагандыктан ошенткен.

«Биз үчүн бир эле Кудай Атабыз бар» (1 Корунттуктар 8:6).

Константин Никеяга чогулган жүздөгөн эпископторго бир ойго келүүнү айткан, бирок алар бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Ошондо ал чогулушка «Иса Атасы менен бир» деген акылга сыйбаган түшүнүктү кабыл алууга сунуш киргизген. Ыйык Китепке негизделбеген, грек философиясынан келип чыккан бул түшүнүк Троица жөнүндөгү окуунун негизин түзүп, кийин чиркөөдөгү негизги окуулардын жыйындысына кирген. Ошентип, төртүнчү кылымдын аяк ченинде Троица жөнүндөгү окуу, анын ичинде ыйык рух да Троицанын бир бөлүгүнө кирет деген түшүнүк кеңири кулач жая баштаган.

БУЛ БИЗДИ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЗЫКТЫРЫШЫ КЕРЕК?

Иса Машаяк: «Чыныгы сыйынуучулар Атама... чындыкка ылайык сыйына турган убак келет»,— деген (Жакан 4:23). Ал айткан чындык Ыйык Китепте камтылат (Жакан 17:17). Ыйык Китепте Ата, Уул, ыйык рух биригип бир Кудайды түзөт деп айтылабы?

 Биринчиден, «Троица» деген сөз Ыйык Китептин бир да жеринде кездешпейт. Экинчиден, Иса Машаяк Кудайга теңмин деп эч качан айткан эмес. Ал Кудайга сыйынган (Лука 22:41—44). Үчүнчүдөн, Иса Машаяктын шакирттерине кайрылганда айткан сөздөрү анын Кудай эмес экенин көрсөтүп турат. Ал өлүп, асманга тирилгенден кийин да шакирттерин «бир туугандарым» деп айткан (Матай 28:10). Алар Кудуреттүү Кудайдын бир туугандары болду беле? Албетте, жок! Иса Машаякка, Кудайдын тун Уулуна, ишенгендиктен Кудай алардын да атасы болуп эсептелген (Галатиялыктар 3:26). Келгиле, Никея чогулушу түзгөн негизги окуулардын жыйындысында айтылган сөздөрдү Ыйык Китептеги аяттар менен салыштырып көрөлү.

Никеяда кабыл алынган негизги окуулардын жыйындысында эмне делет?

«Биз бир эле Мырзабыз Иса Машаякка ишенебиз... ал Ата менен бир, Кудайлардын Кудайы, Жарыктын Жарыгы, чыныгы Кудайдын чыныгы Кудайы».

Ыйык Китепте эмне делет?

  • «Атам менден [Исадан] чоң» (Жакан 14:28).

  • «Мен... [Иса] менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга кетип баратам» (Жакан 20:17).

  • «Биз үчүн бир эле Кудай Атабыз бар» (1 Корунттуктар 8:6).

  • «Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын» (1 Петир 1:3).

  • «„Оомийн“ [Иса] деп аталган... Кудай жараткандардын эң биринчиси болгон... мындай дейт» (Аян 3:14) *.

^ абз. 17 Ыйык Китепти изилдөө үчүн чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинде бул темалар каралат: «Кудай жөнүндөгү чындык» жана «Иса Машаяк деген ким?». Бул китепти Жахабанын Күбөлөрүнөн сурасаңар же www.ps8318.com/ky сайтынан окусаңар болот.