Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый «антибиотиктер»

Табигый «антибиотиктер»

ОКУМУШТУУЛАР 20-кылымдын орто ченинде химиялык жол менен эң биринчи антибиотиктерди жаратышканда, доктурлар аларды белгилүү бир дарттарды жоюуга жардам берет деп үмүттөнүшкөн. Башында алардын үмүтү орундалгандай сезилген. Бирок антибиотиктердин ошол убактан тартып кеңири колдонулушу аларга туруштук бере алган жаңы бактериялардын пайда болушуна алып келген.

Ооруга себеп болгон ошондой бактерияларга каршы курал табуу үчүн айрым окумуштуулар тарых барактарын барактап көрүп, оору менен күрөшүүнүн мурунку ыкмаларына кайрылууда. Ал ыкмаларга күндүн нуру менен таза абанын дарылык касиетин колдонуу кирет.

Өткөндөн үйрөнүү

Англияда күн менен таза абанын дартка даба болчу касиетин жактаган бир нече киши болгон. Маселен, Жон Леттсом (1744—1815) деген дарыгер кургак учуктан жабыркаган балдарды деңиздин абасы менен дем алдырууну жана күнгө чыгарып турууну кеңеш кылган. Ошондой эле 1840-жылдары Жорж Бодингтон деген хирург да, жабык жерде иштегендерден айырмаланып, таза абада иштеген фермерлер, дыйкандар жана койчулар кургак учук менен көп оорубай турганын баса белгилеген.

Күндүн нуру менен таза абанын маанилүүлүгүн Крым согушу учурунда Британиянын жарадар жоокерлерин караган жана бейтаптарды кароонун жаңы ыкмаларын ойлоп тапканы менен атагы чыккан Флоренс Найтингейл (1820—1910) аттуу медайым да баса белгилеген. Ал: «Эгер кимдир бирөөнүн уктаган бөлмөсүнө... түн ичинде же болбосо эртең менен, терезеси ачыла элек учурда кирген болсоңор, бөлмөнүн ичи кишини думуктуруп, жагымсыз жыттанарын байкадыңар беле?» — деп сураган. Флоренс бейтаптын бөлмөсүндөгү аба тыштагыдай таза, бирок ошол эле учурда аны чыйрыктырбагыдай болушу керектигин айткан. Ошондой эле ал: «Оорулуу кишиге таза абадан кийин эле, күндүн жарыгы зарыл экенин мен өзүмдүн медайымдык тажрыйбамдан билем... Болгондо да, жөн эле жарык эмес, күндүн түз тийген жарыгы керек»,— деп кошумчалаган. Ошол кезде эле көптөр шейшептерди жана кийим-кечени күнгө жайып турууну ден соолукка пайдалуу деп эсептешчү.

1800-жылдардан бери илим бир топ эле илгериледи. Анткен менен учурдагы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары мурунку жыйынтыктарды эле бышыктоодо. Алсак, 2011-жылы Кытайда жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн натыйжасында студенттерге жык толгон, жакшы желдетилбеген жатаканаларда «дем алуу органдарынын оорулары» көп болору аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да бөлмөнүн ичин желдетип, абаны алмаштырып туруу инфекция менен күрөшүүгө жакшы жардам берерин билдирген. Ал тургай 2009-жылы инфекциялык оорулардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн натыйжалуу ыкма катары ооруканаларды желдетип туруу сунуш кылынган көрсөтмөлөрдү басып чыгарган *.

Балким, силер: «Мунун баары жакшы, бирок буга илимий далил барбы? Күндүн нуру менен таза аба инфекциялардан кантип сактайт?» — дейттирсиңер.

Табияттын касиети

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин сайтында буга байланыштуу айрым маалыматтар жазылган. Ал маалыматка ылайык, окумуштуулар, Лондон шаарынын үстүнө зыяндуу бактерияларды абага чача турган болсо, аба канча убакка чейин өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин иликтөөгө аракет кылышкан. Абадагы ооруну козгоочу микроорганизмдердин канча жашаарын аныктоо үчүн изилдөө жүргүзгөндөр коли инфекцияларын, башкача айтканда, ичеги таякчаларын сырттагы жөргөмүштүн желесине жабыштырып коюшкан. Алар күндүн нуру ушул бактерияларды өлтүрөрүн билгендиктен ал тажрыйбаны түндө жүргүзүшкөн. Анын натыйжасы кандай болгон?

Эки сааттан кийин бактериялардын дээрлик баары өлгөн. Ал эми ошондой эле бактерияларды ошол эле температураны жана нымдуулукту сактап, кутуга салып, жаап туруп, ошол эле жерге коюп коюшканда, бактериялардын көбү эки сааттын ичинде өлгөн эмес. Эмне үчүн таза абада бактериялардын дээрлик баары өлгөн? Кыязы, буга таза абадагы бактерияларды өлтүрө турган бир нерсе себеп болгон. Анын эмне экени азыркыга чейин белгисиз бойдон калууда. Ошентсе да окумуштуулар таза абада «атмосферадагы ооруну козгоочу микроорганизмдерди же бактерияларды жок кылып турган табигый дезинфекторлордун милдетин аткарган» табигый түрдө кездеше турган кайсы бир бирикме бар экендигин билдирүүдө.

Күндүн нуру да дезинфекциялоочу касиетке ээ. Илимий бир журналда мунун себеби «аба менен тараган инфекцияга себеп болгон микробдордун көбүнүн күн нурун сүйбөй турганында» экени түшүндүрүлгөн («Journal of Hospital Infection»).

Андыктан, жогоруда айтылгандарга ылайык, күнүгө жетиштүү убакыт күнгө чыгып, таза абадан жутуп тургула. Ошондо ден соолугуңар чың болот.

^ абз. 8 Терезелердин жабык турушун талап кылган жагдай-шарттар да болот. Мисалы: сырттагы ызы-чуу, абанын кир болушу, өрт коопсуздугу жана башка коопсуздук чаралары.