Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда үй-бүлө

Көңүл чордонунда үй-бүлө

Бүгүнкү күндө үй-бүлөлөр көп кыйынчылыктарга кабылууда, бирок Ыйык Китептеги кеңештер аларды көтөрүп кетүүгө жана үй-бүлөнүн бактылуу болушуна жардам берет.

Африка

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңешине ылайык, энелер балдарын төрөлгөндөн кийин бир сааттын ичинде жана 6 айга чейин эмизиши керек. Бирок, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Чыгыш жана Түштүк Африкадагы Азыктандыруу боюнча региондук кеңеши билдиргендей, учурда «балдардын азыгы эненин сүтү менен бирдей» деген жаңылыш пикир тынымсыз жарнамаланууда.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).

Канада

Монреаль шаарындагы изилдөөчүлөрдүн айтканына ылайык, ата-энеси талапты катуу койгон, бирок мээримин анча төкпөгөн балдарда ата-энеси мээримин төгүп, тарбиялоодо тең салмактуу болгон балдарга караганда ашыкча салмакта болуу ыктымалдуулугу 30 эсеге көп.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Бала тарбиялоонун эң туура жолу жөнүндө Ыйык Китепте кылымдар мурун эле жазылган (Колосалыктар 3:21).

Нидерландия

Ата-энелердин экөө тең иштеген үй-бүлөлөрдү изилдөөнүн жыйынтыгында үй-бүлөсүнө арнай турган убакытты жумушундагы иштерге жумшабаган ата-энелердин балдары менен болгон мамилеси үйдөгүлөргө бөлө турган убакытта жумуштагы иштерин кылган ата-энелердин балдары менен болгон мамилесине караганда жакыныраак болору аныкталган. Мисалы, жумуштан кийин деле үйүнөн жумушка байланыштуу нерселер жөнүндө телефон менен сүйлөшө берген ата-энелер балдарына жетиштүү көңүл бура албай калышы мүмкүн.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: «Бардык нерсенин өз убагы бар» (Насаатчы 3:1).