Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БИЗДИН АРХИВДЕН

Күн чыгыш өлкөсүндө таң сүрдү

Күн чыгыш өлкөсүндө таң сүрдү

Чакыруу баракчалары Токиодо таратылып, Осакада учактардан ыргытылган

1926-жыл, 6-сентябрь. АКШда жашаган бир жапон пилигрим (кыдыруучу көзөмөлчү) миссионер катары киндик каны тамган Жапонияга кайтып келген. Аны «Күзөт мунарасын» дайыма алып турган жана Кобе шаарында Ыйык Китепти изилдөө боюнча топ уюштурган бир эле киши тосуп алган. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр алгачкы жыйынын 1927-жылы 2-январда Кобеде өткөрүшкөн. Ага 36 киши катышып, 8 киши чөмүлгөн. Башталышы жаман эмес болчу. Бирок бир нече эле киши Жапониянын 60 миллион калкына Ыйык Китептеги жарыкты кантип жаркырата алышмак?

1927-жыл, май айы. Жалындап турган Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр болгон күчүн салып, элди Кудайдын Сөзүнө негизделген баяндамаларга чакыра башташкан. Осака шаарында өткөрүлө турган алгачкы жыйынга элди чакырыш үчүн жолдордун чекесиндеги, шаардын туш тарабындагы жарнама такталарына кулактандыруу жазышкан. Шаардын кадыр-барктуу кишилерине да 3 000 чакыруу баракчасын жөнөтүшкөн. Андан тышкары, 150 000 чакыруу баракчасын таратып, Осаканын 400 000 поезд билетине жана белгилүү гезиттерине жарыялашкан. Ал эми баяндама болор күнү эки учак шаарды айланып, 100 000 чакыруу баракчасын ыргыткан. Ошентип, 2 300дөй киши «Кудайдын Падышалыгы жакында келет» деген баяндаманы угуш үчүн «Осака Асахи Холлго» жык толгон. Тилекке каршы, миңге жакын киши батпай калып, үйүнө кайтууга аргасыз болгон. Баяндамадан кийин суроо-жооп иретинде өткөрүлгөн жолугушууга 600дөн ашык киши калып калган. Кийинки айларда баяндамалар Киотодо жана Жапониянын батышындагы башка шаарларда да айтылган.

1927-жыл, октябрь айы. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Токионун тургундарын да баяндамаларга чакыра башташкан. Мунусунда да чакыруу баракчаларын белгилүү кишилерге, анын ичинде премьер-министрге, парламенттин мүчөлөрүнө, жогорку даражалуу дин кызматчылар менен аскер башчыларына жөнөтүшкөн. Кулактандыруу дубалга чапталган кагаздарга, гезиттерге чыгып, 710 000 маалымат баракчасы таратылган. Натыйжада борбор калаада айтылган 3 баяндаманы 4 800 киши уккан.

ЫНТАЛУУ АДАБИЯТ ТАРАТУУЧУЛАР

Кацуо менен Хагино Миура

Жакшы кабарды ар бир түтүнгө жеткириш үчүн адабият таратуучулар (пионерлер) көп эмгектенишкен. Алгачкы адабият таратуучулардын бири Мацу Иши жана анын күйөөсү Изо Жапониянын төрттөн үч бөлүгүн кыдырып чыгышкан. Алар тээ алыскы түндүктөгү Саппородон тартып Сендайга, Токиого, Йокохамага, Нагояга, Осакага, Киотого, Окаямага, Токусимага чейин кабар айтышкан. Мацу бир тууган менен андан улуураак Сакико Танака деген эже өзгөчө учурларда кие турган кооз кимонолорун кийип алышып, бийлик башындагыларга кабар айтышчу. Алардын бири түрмөлөрдүн китепканаларына деп «Кудайдын арфасы» менен «Куткарылуу» деген китептерден 300 нуска сураган.

Кацуо жана Хагино Миура деген жубайлар Мацу бир тууган берген китептерди окуп, чындыкты  тапканына дароо эле көзү жеткен. Алар 1931-жылы чөмүлүп, көп өтпөй эле адабият таратуучу болушкан. Ал эми Хариучи менен Танэ жана алардын көптөгөн тууган-туушкандары 1930-жылга чейин жакшы кабарга кулак кагып, Кудайдын жолуна түшүшкөн. Хариучи менен Танэ адабият таратуучу болуп, кызы Юкико болсо Токиодогу Бейтелде кызмат кылган.

ЧОҢ ЖАНА КИЧИНЕ «ЖЕХУЛАР»

«Чоң Жехуга» 6 пионер батып кетчү

Ошол убакта көптөрдүн машине сатып алууга чамасы чак келчү эмес, жолдор да жаман болчу. Ошондуктан кабарды таратуу үчүн Казуми Миноура жана адабият таратуучу болгон башка жаш бир туугандар кыймылдаткычы жок үй арабаларын колдонушкан. Аларды байыркы Ысрайылдын падышаларынын бири болгон, арабасын зуулдатып айдаган Жехунун атынан атап коюшкан (2 Пад. 10:15, 16). Үч «Чоң Жехунун» узундугу — 2,2 метр, туурасы — 1,9 метр, ал эми бийиктиги 1,9 метр болуп, 6 пионерди батырчу. Ал эми велосипед менен сүйрөй турган он бир «Кичине Жеху» Жапониядагы Бейтелде жасалган. «Жехуларды» жасаганга жардам берген Киичи Ивасаки бир тууган: «Ар бир „Жехунун“ чатыры, жарык берип турган аккумулятору бар болчу»,— деген. Ооба, адабият таратуучулар чындыктын жарыгын бүтүндөй Жапонияга жаркыратыш үчүн колунан келгендин баарын кылышкан. Алар «Жехуну» бирде түртүп, бирде сүйрөп алып, далай бел ашып, далай суу кечип, түндүктөгү Хоккайдодон түштүктөгү Кюсюга чейин кыдырып чыгышкан.

«Кичине Жехуга» 2 киши батчу

Икуматсу Ота деген адабият таратуучу мындай деген: «Кайсы бир шаарга барганда „Жехубузду“ суунун жээгине же ээн жерге токтотуп коюп, шаардагы аттуу-баштуу кишилерге жолукчубуз. Анан үймө-үй кыдырып, адабият таратчубуз. Шаарды кыдырып чыккан соң кийинкисине жөнөп кетчүбүз».

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн 36 кишиден турган чакан тобу Кобеде алгачкы жыйын өткөргөн күн тоодой өсүштүн башталышы эле болчу (Зак. 4:10). Бирок ошондон 5 эле жыл өткөндөн кийин, 1932-жылы, Жапониядагы адабият таратуучулар менен жарчылардын саны 103кө жеткен. Отчётко ылайык, алар 14 000ден көп китеп таратышкан. Бүгүнкү күндө Жапониянын ири шаарларындагы эл көп жүргөн жерлерде күбөлөндүрүү иш-чаралары жакшы уюштурулуп, дээрлик 220 000 жарчы бүтүндөй «күн чыгыш өлкөсүндө» чындыктын жарыгын жаркыратып жатат (Жапониядагы архивибизден).

Жапониядагы Бейтелде «Жехуларды» жасаганга жардам берген Киичи Ивасакинин чиймелери