Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мүдөө-максаттарың Кудайдын ой-ниетине шайкеш келеби?

Мүдөө-максаттарың Кудайдын ой-ниетине шайкеш келеби?

Мүдөө-максаттарың Кудайдын ой-ниетине шайкеш келеби?

ТҮНДҮК АМЕРИКАНЫН батышындагы токойлордон сайроочу чымчыктарга кирген Америка алакаргасын кездештирүүгө болот. Ал кыштын суук айларына камданып, жыл сайын 33 000дей урук чогултуп, аларды 2 500дөй ар башка жерге катат. Бул чымчык сокур сезимге жетеленсе да, келечекке кам көрүү жагынан, чынында эле, акылдуу келет (Накыл сөздөр 30:24).

Адамдар андан да таң калыштуу жөндөмгө ээ. Жахабанын жердеги жаратууларынын ичинен адамдар гана болуп өткөн окуялардан сабак алууга жана алдына мүдөө-максаттарды коюуда ошол сабактарды эске алууга жөндөмдүү. Сулайман аттуу акылман падыша: «Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кылат»,— деген (Накыл сөздөр 19:21).

Анткен менен адамдар келечекке план түзгөндө пландарын божомолдоолорго гана негиздешет. Мисалы, эртеңки иштерибизди күндүн чыгарын жана аман болорубузду божомолдоп пландаштырабыз. Күндүн чыгары шексиз, бирок аман болорубузга кепилдик жок. Ыйык Китепти жазгандардын бири Жакып: «Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер»,— деп таамай айткан (Жакып 4:13, 14).

Ал эми Жахаба Кудайдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү эмес. Ал «аягында эмне болорун» башынан эле билет. Анын ой-ниети сөзсүз аткарылат. «Менин максатым ишке ашат. Мен эмнени кааласам, ошону жасайм»,— дейт ал (Ышайа 46:10). Бирок адамдардын мүдөө-максаттары Кудайдын ой-ниетине каршы келсечи?

Адамдардын мүдөө-максаттары Кудайдын ой-ниетине каршы келгенде...

Мындан 4 000 жылдай мурун Бабыл мунарасынын куруучулары адамзаттын жер жүзүнө тарап кетпешинин амалын ойлошкон. Алар: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы»,— дешкен (Башталыш 11:4).

Бирок Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети такыр башка болчу. Ал Нух менен анын балдарына: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула»,— деп буйрук кылган (Башталыш 9:1). Анда Бабылдагы козголоңчулардын ойлору ишке ашты беле? Жахаба алардын тилин аралаштырып салгандыктан, алар бири-бирин түшүнбөй калышкан. «Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберген» (Башталыш 11:5—8). Бабылдын куруучулары маанилүү сабак алууга аргасыз болушкан: адамдардын мүдөө-максаттары Кудайдын ой-ниетине каршы келгенде, «Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашат» (Накыл сөздөр 19:21). Ушундай окуялардан биз да сабак алсак болот.

Бай кишинин акылсыздыгы

Сенин мунара курайын деген деле максатың болбошу мүмкүн, бирок бүгүнкү күндө көптөр пенсияга чыкканда жакшы шарттарда жашаш үчүн банкка акча топтоону, мүлк жыйноону максат кылышат. Албетте, эмгегибиздин үзүрүн көрүүнү каалоо табигый нерсе. Сулайман падыша: «Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги»,— деп жазган (Насаатчы 3:13).

Бирок бул белекти кандай колдонгонубуз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз. Эки миң жылдай мурун Иса ушул ойду баса белгилеп, бир мисал келтирген. Ал мындай деген: «Бир бай киши талаасынан мол түшүм алат да: „Эмне кылсам? Түшүмүмдү жыярга жер жок“,— деп ойлоно баштайт. Андан соң мындай дейт: „Минтейин: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, эгинимдин баарын жана бүт мүлкүмдү ошол жерге жыйнайын. Анан өзүмө: “Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Ошондуктан эс ал, ичип-же, көңүл ач”,— деп айтам“» (Лука 12:16—19). Бир караганда, бай кишинин максаттары акылга сыярлыктай көрүнөт. Жогоруда сөз кылынган Америка алакаргасына окшоп, ал киши тек гана келечегине кам көргөндөй сезилиши мүмкүн.

Бирок анын ой жүгүртүүсү туура эмес болчу. Иса сөзүн мындай деп улаган: «Бирок Кудай ага: „Акылсыз, ушул түнү өмүрүңөн айрыласың. Ошондо жыйнаганыңдын баары кимге калат?“ — дейт» (Лука 12:20). Исанын айткандары Сулаймандын эмгек жана анын үзүрү Кудайдын белеги экени жөнүндөгү сөздөрүнө карама-каршы келеби? Жок. Анда Иса эмне айткысы келген? Ал: «Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын алдында байыбаган кишиге ушундай болот»,— деп айткан (Лука 12:21).

Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба алдыбызга кандайдыр бир максаттарды коюуда анын ой-ниетин эске алышыбызды каалайт. Мисалдагы бай киши акылмандык, сүйүү, Кудайга берилгендик сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө умтулуу менен анын алдында байый алмак. Бирок бай киши, анын сөздөрүнөн айкын болгондой, ал нерсеге умтулууну да, эгиндин бир бөлүгүн кедей-кембагалдарга калтырууну да, Жахабага курмандык алып келүүнү да ойлогон эмес. Андай рухий ой-максаттар жана башкалардын жыргалчылыгы аны кызыктырган эмес. Ал керт башынын каалоолору менен кызыкчылыктарын гана ойлогон.

Бүгүнкү күндө көптөрдүн ой жүгүртүүсү Исанын мисалындагы бай кишиникине окшош экенин байкап жатасыңбы? Байбызбы, кедейбизби, күнүмдүк жашоодогу муктаждыктарыбыз менен каалоолорубузду канааттандыруунун рухий нерселерди экинчи орунга сүрүп чыгарышына жол берсек, оңой эле материалисттик көзкарашка ээ болуп калышыбыз мүмкүн. Андай тузакка түшүп калбоо үчүн эмне кылсак болот?

«Эл катары» жашоо

Исанын мисалындагы бай кишиден айырмаланып, сен материалдык жактан кыйналып жаткандырсың. Кандай болбосун, үйбүлөлүү болсоң, үйбүлөңдүн муктаждыктарын канааттандырууну жана мүмкүн болсо, балдарыңдын жакшы билим алышына кам көрүүнү ойлоноруң шексиз. Ал эми бойдок болсоң, башкаларга жүк болбош үчүн жумуш табууну же жумуш ордун сактап калууну ойлонот чыгарсың. Бул — жакшы мүдөө-максаттар (2 Тесалоникалыктар 3:10—12; 1 Тиметей 5:8).

Ошентсе да иштеп, ичип-жеп, «эл катары» жашоо Кудайдын эркине карама-каршы келип калышы мүмкүн. Кандайча? Иса мындай деген: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот. Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Матай 24:37—39).

Топон сууга чейин адамдардын дээрлик бардыгы туура жашоо өткөрүп жатабыз деп эсептешкен. Бирок алар Кудайдын ой-ниетин, ошол кездеги бузулган дүйнөнү Топон суу каптатып жок кыларын, эске алышкан эмес. Аларга Нух «эл катары» эмес, башкача жашоо өткөрүп жаткандай көрүнгөн. Бирок Топон суу каптаганда, Нух менен анын үйбүлөсүнүн туура жашоо өткөрүп жүргөнү айкын болгон.

Биздин акыркы мезгилде жашап жатканыбызга көптөгөн далилдер бар (Матай 24:3—12; 2 Тиметей 3:1—5). Жакында Кудайдын Падышалыгы азыркы дүйнөнү «кыйратат, талкалайт» (Даниел 2:44). Ошол Падышалыктын башкаруусунун алдында жер бейишке айланат, оору деген, өлүм деген болбойт (Ышайа 33:24; Аян 21:3—5). Жердеги жаратуулардын баары бири-бири менен ынтымакта жашайт, ачарчылык дегенди билишпейт (Забур 71:16; Ышайа 11:6—9).

Бирок Жахаба адегенде анын Падышалыгы тууралуу жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылышын» ойлонуштурган (Матай 24:14). Кудайдын ой-ниетине ылайык, Жахабанын жети миллиондой Күбөсү бул жакшы кабарды 236 өлкөдө төрт жүздөн ашуун тилде таратып жатат.

Көптөргө Жахабанын Күбөлөрүнүн жашоосу кээ бир жактардан кызыктай көрүнгөндүктөн, аларды шылдыңдашы мүмкүн (2 Петир 3:3, 4). Топон суунун алдында жашагандарга окшоп, бүгүнкү күндө көп адамдар күнүмдүк жашоонун түйшүгү менен алек. Алар «эл катары» жашоодон баш тарткандарды акылсыз деп эсептеши мүмкүн. Ал эми Кудайдын убадаларына ишенгендердин көзкарашы боюнча, ага кызмат кылууга багытталган жашоо акылдуулукка жатат.

Андыктан байбызбы, кедейбизби же орточо жашайбызбы, алдыбызга койгон мүдөө-максаттарыбызды текшерип турганыбыз жана: «Менин максаттарым Кудайдын ой-ниетине шайкеш келеби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз зарыл.

[11-беттеги сүрөт]

Адамдардын мүдөө-максаттары Кудайдын ой-ниетине карама-каршы келгенде, Жахабанын белгилеп койгону гана ишке ашат

[12-беттеги сүрөт]

Исанын мисалындагы бай киши мүдөө-максаттарды койгондо Кудайдын ой-ниетин эске алган эмес