Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кетирген катасынан сабак алган

Кетирген катасынан сабак алган

Алардын ишеним жолун жолдогула

Кетирген катасынан сабак алган

ЖУНУС кулак-мээсин тундурган үндөрдү укпасам дегенде эки көзү төрт эле. Анын кулагынын кужурун алган үндөр кемени оодарып салчудай аркыраган шамалдын ышкырыгы же жыгач кемеге аска-зоодой көтөрүлүп келип бир тийгенде жүрөктүн үшүн алган толкундардын үнү эмес эле. Ал уккусу келбеген ызы-чуу үндөр кеменин кыйрашына жол бербөө үчүн жан далбаса кылган кеме башчысынын жана кеме айдоочуларынын кыйкырыктары эле. Жунус кемедеги кишилердин баары анын айынан ажалдын торуна түшөрүн билген.

Жунус өмүрү кылдын учунда тургандай абалга кандайча туш болгон? Анын себеби: ал өз Кудайы Жахабанын алдында олуттуу ката кетирген болчу. Ал анчалык эмне кылды эле? Анын жазыгы кечирилгис беле? Ушул суроолордун жоопторунан көп нерселерге үйрөнө алабыз. Мисалы, Жунустун башынан өткөн окуялардан Кудайга бекем ишенген кишилер да жаңылышарын жана канткенде Кудайдын ырайымына кайрадан ээ боло алышарын көрүүгө болот.

Галилеядан чыккан пайгамбар

Көптөр Жунус пайгамбар жөнүндө сөз болгондо шар эле анын тил албастыгы же моюн сунбастыгы сыяктуу терс жактарын эстешет. Бирок анын көптөгөн жакшы жактары да болгон. Алсак, Жахаба аны өзүнө кызмат кылдыруу үчүн пайгамбар кылып дайындаган. Эгер ал Кудайга ишенбеген же адил эмес киши болсо, Жахаба ага жоопкерчиликтүү ишти ишенип тапшырат беле?

Ыйык Жазмадагы 2 Падышалар китебинин 14:25-аятында Жунус пайгамбар жөнүндө кыскача маалымат камтылат. Ал Гатакейпер шаарынан болгон. Гатакейпер шаары Назарет шаарынан — сегиз кылымдай өткөндөн кийин Иса Машаяк төрөлгөн шаардан — төрт эле километр алыс жайгашкан *. Ошондой эле Жунус Ысрайылдын он уруусунун үстүнөн бийлик кылган Жаробам IIнин тушунда пайгамбарлык кылган. Ошол учурда Илияс пайгамбардын көзү эчак өтүп кеткен эле, ал эми анын кызматчысы Элиша кийинчерээк Жаробамдын атасы бийлик кылган маалда каза болгон. Жахаба ушул эки пайгамбарды жалган кудай Баалга сыйынууну токтотуу үчүн колдонгон, бирок алардын көзү өткөндөн кийин эле, эл Жахабанын чыныгы Кудай экенин билип турса да, кайрадан Баалга сыйына баштаган. Ошентип, Жунустун пайгамбарлык кылган жылдары «Теңирге жакпаган иштерди жасаган» падыша башкарып турган учурга дал келген (2 Падышалар 14:24). Ошондуктан Жунуска пайгамбарлык кылуу оңой-олтоң же жагымдуу иштерден болгон деп айтууга болбойт. Ошого карабастан ал кызматын ишенимдүүлүк менен аткара берген.

Күндөрдүн биринде Жунустун жашоосунда чоң бурулуш болот. Аны Жахаба бир ишке дайындайт. Ал иш Жунус үчүн абдан оор болгон. Ал эмне болгон иш эле?

«Тур... Нинебиге бар»

Жахаба Жунуска: «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жөнүндө пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти»,— деп буйрук берет (Жунус 1:2). Бул ишти аткаруу коркунучтуу болгону түшүнүктүү. Себеби Нинеби шаары Жунус турган шаардан чыгышты карай 800 километр алыс жайгашкан. Ал жерге жөө бир ай убакыт аралыгында жетүүгө мүмкүн эле. Бирок ал жакты көздөй жол тартуу Жунус аткара турган иштин бери жагы эле болчу. Ал Нинебиге барып, Жахабанын сот өкүмдөрүн кан ичкичтиги, баш кесерлиги менен атагы алыска чыккан ашурлуктарга жарыялашы керек эле. Жунустун сөзүн Кудайдын өз эли укпаса, анда Кудай-Теңирин тааныбаган элден эмнени күтүүгө болмок? «Канкор шаар» деген атка конгон чоң шаарда Кудайдын кызматчысы жалгыз эмне кыла алмак? (Накум 3:1, 7).

Жунуска да ушундай ойлор келсе керек, биз билбейбиз. Бир билгенибиз: ал Нинебиге барбастан качып кеткен. Жахаба ага чыгышка барууну буйруса, ал, теңирден тескери багытка, батышты көздөй бет алган. Башкача айтканда, ал Жапа шаарына келип кемеге отурат да, Таршышка жөнөйт. Айрым окумуштуулардын айтымында, Таршыш Испаниядагы шаар болгон. Эгер чын эле ошондой болсо, Жунус Нинебиден 3 500 километрдей алыс жайгашкан жерге кетип калган. Кеме менен Улуу деңиздин (азыркы Жер ортолук деңизинин) бир учунан экинчи учуна бир жыл дегенде араң сүзүп өтүү мүмкүн эле. Мындан көрүнүп тургандай, Жунус Жахаба Кудайдын берген тапшырмасын аткарбай коюу үчүн баарына даяр болгон.

Жунусту ушул кылган иши үчүн эле коркок деп айтууга болобу? Биз аны соттогонго шашпашыбыз керек. Анын кийинчерээк кылган иштеринен эр жүрөк болгонун билебиз. Жунус бизге окшогон эле пенде болгон, баарыбызга окшоп эле кемчиликтери менен күрөшкөн (Забур 50:7). Ким эле эч нерседен коркпойм деп айта алат?

Кээде бизге, Кудайдын кызматчыларына, Кудай тапшырган иш оор, аткара албачудай сезилиши мүмкүн. Атүгүл анын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга айтуудан да коркушубуз ыктымал (Матай 24:14). Ооба, Исанын: «Ал [Кудай] баарын кыла алат»,— деген сөздөрүн бат эле унутуп коёбуз (Марк 10:27). Жунус да Кудайдын кудуреттүүлүгүн унутуп койсо керек. Андыктан бизге анын сезимдерин түшүнүү кыйынга турбастыр. Жунус качып кетип, акыр-аягы эмне болгон?

Жахаба тил албаган пайгамбарын оң жолго салат

Жунустун кемеге, кыязы, финикиялыктардын жүк ташуучу кемесине түшүп жатканын элестетип көрөлү. Ал кеменин башкаруучусунун жана кеме айдоочуларынын деңизге чыгар алдында буту-бутуна тийбей ары-бери чуркап, түйшүктөнүп жүрүшкөнүн карап турган. Анан кеме жээктен алыстап, акыры жээк көрүнбөй калганда, Жунус жүрөгүн түпөйүл кылган иштен качып кутулдум деп ойлогон чыгар. Бирок күтүлбөгөн жерден аба ырайы бузулуп, катуу шамал башталган.

Шамал күчөгөндөн күчөп, албууттана деңиздин толкундарын көкөлөтө асманга көтөрөт. Андай толкундардын арасында азыркы учурдагы алп кемелер да көзгө илинбей калмак. Ошондо деңиз канча убакыт бою ачуусун чыгара кемени бир көккө көтөрүп, кайра ылдый түшүрүп жатты экен? Ошол учурда Жунус «деңизге катуу шамалды» Кудай жөнөткөнүн аңдады болду бекен? Айтуу кыйын. Ал кемедегилердин чуу түшүп, өз кудайларына жалынып-жалбара башташканын көргөн. Бирок алардын жалынып-жалбарганынан эч майнап чыкпаарын билген. Себеби ал: «Кеме талкалана турган болду»,— деген (Жунус 1:4; Лебилер 19:4). Ошол маалда өзү Кудайдан качып бара жатса, кайра Кудайга кайрылып жардам сурай алат беле?

Аларга эч жардам бере албасына көзү жеткен Жунус кеменин ылдый жагына түшүп барып жатып алат да, катуу уктап калат *. Кеменин башкаруучусу Жунусту уктап жаткан жеринен ойготуп, кемедеги башка кишилердей болуп, өз Кудайынан жардам суроону буйруйт. Кемедегилер деңиздеги бороон-чапкын табияттан тыш күчтөн келип жатканына ишенип, ошол алаамат кимдин айынан баштарына түшкөнүн билиш үчүн өкчөмө таш ыргытышат. Өкчөмө таш ыргытылып, улам бир кишинин күнөөсүздүгү айкын болгон сайын, Жунустун жүрөгү болк деп турганы күмөнсүз эле. Ошентип, чындыктын бети ачылат. Деңиздеги шамалдын болушу, өкчөмө таштын Жунусту көрсөтүшү Жахабанын кийлигишүүсү менен болгон (Жунус 1:5—7).

Ошондо Жунус кемедегилерге болгонун болгондой айтып берет. Ал кудурети күчтүү Кудайдын кызматчысы экенин, бул алаамат анын Кудайдан качып, анын каарына калганы үчүн болуп жатканын айтып берет. Ошондо кемедегилердин үрөйү учуп, өң алеттен кетип Жунусту карап калышат. Алар Жунустан кеме талкаланбашы үчүн жана аман калышы үчүн эмне кылуу керектигин сурашат. Жунус алардын суроосуна эмне деп жооп берген? Кыязы, ал суусу таштай муздак деңизге чөгүп баратканын элестеткенде, дене-боюн калтырак басса керек. Бирок алардын аман калышы анын колунда экенин билип туруп, кантип аларды өлүмгө кыя алат эле? Ал: «Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем»,— дейт (Жунус 1:12).

Коркок киши ушундай сөздөрдү айтат беле? Ошондой оор кырдаалда Жунустун эр жүрөктүгүн жана башкалар үчүн өз өмүрүн берүүгө даяр экенин көрүп, Жахабанын жүрөгү жылыса керек. Бул жерден Жунустун Кудайга болгон бекем ишенимин көрүүгө болот. Биз башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюу менен андан үлгү ала алабыз (Жакан 13:34, 35). Кимдир бирөө бир нерсеге муктаж болуп жатса, көңүлү чөгүп турса же рухий жактан алсырап калса, аларга жардам берүү үчүн өз кызыкчылыктарыбыздан кечебизби? Эгер ошондой кылсак, Жахабанын жүрөгүн кандай гана кубантабыз!

Балким, анын айткандары кеме айдоочулардын да жүрөгүн козгосо керек. Ошондуктан алар аны дароо эле ыргытып жибербей, кемени сактап калууга бүт күч-аракетин жумшай беришкен. Бирок эч майнап чыккан эмес. Толкун улам күч ала берген. Акыр-аягы, алар Жунусту ыргыткандан башка арга жок экенин түшүнүшкөн. Анан алар Жунустун Кудайы Жахабадан ырайым сурап, ага жалынышып, Жунусту деңизге ыргытышкан (Жунус 1:13—15).

Жунуска ырайым көрсөтүлүп, куткарылат

Жунус буркан-шаркан түшкөн деңиздин кучагында калат. Ал кеменин карааны улам алыстаган сайын жүрөгү кысылып, деңиздеги толкундардын арасында сууга чөгүп кетпестин аракетин жасап, тырбалаңдап кала берет. Бирок алп толкундарга туруштук бере албай чөгө баштайт. Тирүү каларынан үмүтү үзүлүп, деңиздин алкымына сүңгүп кире берет.

Жунус ошондо аны кандай сезимдер чулгаганын кийинчерээк сүрөттөп берген. Ошол учурда анын көз алдына бүт өмүрү тартыла түшкөн. Ал Жахабанын Иерусалимдеги ажайып кооз ибадатканасын эми эч качан көрбөсүн ойлоп капа болгон. Жунуска түпсүз деңиздин тереңине, тоолордун түбүнө жетип, башына деңиз чөптөрү оролгондой туюлган. Анын көрөр күнү бүтүп, ичер суусу түгөнүп, барар жерине баргандай сезилген (Жунус 2:3—7).

Бирок күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир чоң караан пайда боло калат. Ал Жунусту көздөй атырыла сүзүп келип, оозун араандай ачат да, аны жутуп алат.

Мындайда эч ким аман калмак эмес. Бирок Жунус таң калыштуу бир нерсени байкайт. Эсине келсе эле, тирүү. Алты саны аман, балыктын аш казанында эрип кеткен эмес, атүгүл аба жетпей тумчугуп да калган эмес. Ооба, ал мүрзөсү боло турган жайда эч зыян тартпастан тирүү бойдон жаткан. Ошондо аны Кудайдан коркуу сезими чулгай баштаган. «Чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылган» Жахаба экени айкын эле * (Жунус 2:1).

Убакыт токтоп калгандай сезилип, бир мүнөт бир саатка тете болуп жатты. Көзгө сайса көрүнгүс коюу караңгылыкта жатканда Жунус ойго чумгуп, Жахаба Кудайга кайрылып тиленген. Анын ошондогу Кудайга тиленгенинен өзү жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Ошол тиленүүсүн Жунус китебинин экинчи бөлүмүнөн окуй алабыз. Ошондой эле анын тиленип жатканда Забур китебинен үзүндүлөрдү келтиргенинен Ыйык Жазманы жакшы билгенин көрүүгө болот. Андан тышкары, анын Кудайдын кылган жакшылыктарын унутпаган киши экенин биле алабыз. Жунус акырында мындай сөздөрдү айткан: «Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!» (Жунус 2:10).

Жунус Жахабанын кимди болбосун, каерде болбосун, качан болбосун куткара аларын түшүнгөн. Жахаба атүгүл кызматчысын «чоң балыктын ичинде» жаткан жеринен куткарып калган (Жунус 2:1). Ооба, үч күн, үч түн бою балыктын ичинде жаткан кишини аман алып калууга бир гана Жахабанын кудурети жетмек. Бул бизге өмүрүбүз Кудайдын колунда экенин унутпаганга жардам берет (Даниел 5:23). Биз ар бир дем алганыбыз, тирүү жүргөнүбүз үчүн ага милдеттүүбүз. Ушул үчүн Жахаба Кудайга ыраазыбызбы? Андыктан ага баш ийүүгө милдеттүү эмеспизби?!

Ал эми Жунус тууралуу эмне дешке болот? Ал Кудайга болгон ыраазычылыгын тил алуу аркылуу көрсөтүүгө үйрөнгөнбү? Ооба, үйрөнгөн. Үч күн, үч түн дегенде балык Жунусту түз эле жээкке алып келип, «кургактыкка бүркүп чыгарган» (Жунус 2:11). Элестетсеңер, Жунус жээкке жетиш үчүн күч-аракет жумшап чабак урган да эмес. Албетте, ага жээкке чыкканда кайсы жерге келип калганын, кайсы тарапка бет алуу керектигин аныктоого туура келген. Ошондон көп өтпөй эле анын Кудайга канчалык ыраазы экени кайрадан сыналган. Жунус китебинин 3:1, 2-аяттарынан: «Анан Жунуска Теңирден экинчи жолу сөз болду: „Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла“»,— дегенди окуйбуз. Бул буйрукка Жунус кандай караган?

Ал олку-солку болгон эмес. Ыйык Китепте: «Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү»,— делет (Жунус 3:3). Ырас, ал кетирген катасынан сабак алып, кийинки жолкусунда Кудайдын тилин алган. Бул жагынан Жунустан үлгү алышыбыз керек. Баарыбыз күнөө кетиребиз, баарыбыз жаңылабыз (Римдиктер 3:23). Бирок жаңылыштык кетирип алганда баарына кол шилтеп коёбузбу же кетирген катабыздан сабак алып, Кудайга тил алуу менен кызматыбызды уланта беребизби?

Жунус тил алчаактыгы үчүн Жахабадан бата алды беле? Ооба. Мисалы, ал кийинчерээк кеме айдоочулардын аман калганын укса керек. Жунустун башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн жасаган эрдигинин аркасында деңиздеги толкун дароо басылып, кемедегилер «Теңирден абдан коркуп калышкан». Ошондо алар өз кудайларына курмандык чалбастан, чыныгы Кудай Жахабага курмандык чалышкан (Жунус 1:15, 16).

Андан да чоң батаны ал кийинчерээк алган. Жунус чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн жаткандай эле, Иса өзүнүн да мүрзөдө үч күн, үч түн жатарын пайгамбарлык кылган (Матай 12:38—40). Жунус тирилгенде Исанын аны өзүнө салыштырганын билип, кандай гана кубанат! (Жакан 5:28, 29). Жахаба силерге да батасын бергиси келет. Силер да Жунуска окшоп кетирген катаңардан сабак алып, тил алчаактык көрсөтөсүңөрбү? Башкалардын жыргалчылыгы үчүн өз кызыкчылыктарыңардан кечүүгө даярсыңарбы?

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Жунус пайгамбардын Галилея аймагынан чыкканы көңүлгө аларлык, анткени фарисейлер Иса жөнүндө менменсине: «Ыйык Жазманы изилдеп көр, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң»,— деп айтышкан (Жакан 7:52). Көптөгөн котормочулар жана изилдөөчүлөр фарисейлердин атагы алыска кетпеген Галилеядан пайгамбар чыккан эмес, чыкпайт дагы деген ырастоосунун негизсиз экенин баса белгилешет. Демек, фарисейлер ысрайылдыктардын тарыхын да, айтылган пайгамбарлыктарды да эске алышкан эмес (Ышайа 9:1, 2).

^ 17-абз. Септуагинтада Жунустун коңурук тартканы айтылат. Муну менен анын катуу уктап калганы баса белгиленет. Бирок Жунустун уктап калганы анын эч нерсени ойлобогон, камырабаган киши экенин билдирбейт. Анткени кээде көңүл чөккөндүктөн адамдын жаны жер тартып, уйкусу келиши мүмкүн. Мисалы, Гетсемани багында Исанын жаны кыйналып турганда, Петир, Жакып жана Жакандар кайгыга баткандыктан «уктап калышкан» (Лука 22:45).

^ 25-абз. Эврей тилиндеги «балык» деген сөз грек тилинде «деңизде жашаган чоң жаныбар» же «чоң балык» деген маанини берет. Бирок кайсы деңиз жаныбары экенин так аныктоого мүмкүн болбосо да, Жер ортолук деңизде кишини бүкүлү жута ала турган акулалар бар экени маалым. Ал эми башка жерлерде узундугу 15 метрге жеткен, атүгүл андан да чоң кит сымал акулалар бар.

[13-беттеги кутуча]

Жунус китеби сынга алынууда

▪ Жунус китебинде жазылган окуялар чынында эле болду беле? Жунус китеби байыртан эле сынга алынып келет. Ыйык Китепке болгон сын көз караш күчөп турган азыркы убакта көптөр Жунус китебин тамсил, уламыш, имиш же ойдон чыгарылган жомок катары карашат. 19-кылымда жашаган бир жазуучу чиркөө кызматчысынын Жунус жана чоң балык жөнүндөгү окуяны кандайча түшүндүргөнүн баяндап жазган. Чиркөө кызматчысынын айтымында, Жунус Жапа шаарындагы «Кит» деген мейманканага келип токтойт. Бирок анын акчасы жетпей калгандыктан, мейманкананын кожоюну аны ал жерден чыгарып салат. Жунус ушундайча «балыктын ичинде» болуп, кайра «бүркүп чыгарылган». Кыязы, сынчылар Жунусту «жутуп алууга» чоң балыкка караганда көбүрөөк куштар көрүнөт.

Эмне үчүн көптөр Жунус китебинде жазылган окуяларга ишене беришпейт? Анткени анда керемет жасалганы айтылат. Сыягы, көптөгөн сынчылар: «Андай нерселер такыр болушу мүмкүн эмес»,— деп кереметтердин болоруна караманча каршы чыгышат. Бирок мындай көз караш акылга сыярлыкпы? Сен: «Ыйык Китептеги эң биринчи айтылган сөздөргө ишенемби?» — деп ойлонуп көрсөң болот. Ал жерде: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— делет (Башталыш 1:1). Дүйнө жүзүндөгү терең ой жүгүртө билген миллиондогон адамдар ушул жөнөкөй чындыкты кабыл алышууда. Бирок кандайдыр бир мааниде Ыйык Китептин ошол биринчи сөздөрү керемет эмей эмне?

Ойлонуп көрсөң, асман толо жымыңдаган жылдыздарды жана жердеги тиричиликтин татаал түзүлүшүн жараткан Кудай үчүн Жунус китебинде айтылгандардын кайсынысын кылуу мүмкүн эмес эле? Деңизге катуу шамал жиберүүбү? Чоң балыкка кишини жуткуруубу? Же ошол эле балыкка жуткан кишисин кайра бүркүтүүбү? Кудурети чексиз Кудай үчүн буларды кылуу эч кыйынга турмак эмес (Ышайа 40:26).

Кээде Кудайдын кийлигишүүсүз эле ар кандай таң калыштуу нерселер болуп кетет. Алсак, 1758-жылы Жер ортолук деңизде сүзүп бараткан кемеден бир моряк деңизге кулап түшүп, акулага жем болот. Ошондо акуланы пушка менен аткылашат. Жарадар болгон акула морякты тирүүлөй сыртка бүркүп чыгарып салат. Морякты суудан алып чыгышканда, ал дээрлик зыян тарткан эмес. Эгер ошол окуя чынында эле болгон болсо, ал биз үчүн таң калыштуу, атүгүл оозду ачырган окуя болмок. Бирок аны эч кимибиз керемет деп эсептемек эмеспиз. Анда эмне Кудай күчүн колдонуп, андан да көптү жасай албайт беле?

Ошондой эле сынчылар балыктын ичинде жаткан киши үч күнгө жетпей тумчугуп өлүп калмак дешет. Бирок адамдар суу астында узак убакытка дем алып сүзүп жүрүү үчүн аба толтурулган баллону бар скафандрларды ойлоп таба алышты. Анда Кудай чексиз күчүн жана акылын колдонуп, Жунусту үч күн бою аба менен камсыз кылып сактап кала албайт беле? Жахабанын периштеси Исанын энеси Мариямга айткандай, «Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт» (Лука 1:37).

Жунус китебинде айтылгандардын тарыхта болгон окуя экенине дагы эмнеден улам ишенүүгө болот? Жунус кеме жана кеме айдоочулар жөнүндө чыныгы жашоодон алып баяндаган. Маселен, Жунус китебинин 1-бөлүмүнүн 5-аятында кемедегилер кемени жеңилдетүү үчүн андагы жүктү деңизге ыргытышканы айтылат. Ал эми байыркы тарыхчылардын кол жазмаларынан, атүгүл рабилердин мыйзамынан көрүнүп тургандай, жүктөрдү кемеден, демейде, аба ырайы бузулуп коркунуч туулганда ыргытышчу. Ошондой эле Жунустун Нинеби жөнүндөгү жазгандары да тарыхый жана археологиялык жактан чындыкка дал келет. Эң маанилүүсү, Иса Машаяк Жунустун үч күн чоң балыктын ичинде болгонун айтып, өзүнүн да үч күн мүрзөдө болорун пайгамбарлык кылган (Матай 12:38—40). Исанын ошол айткандары Жунус менен болгон окуянын чынында эле болгонун тастыктап турат.

[10-беттеги сүрөт]

Кеме айдоочулар Жунустун өтүнүчү менен аны деңизге ыргытышкан

[13-беттеги сүрөт]

«Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт» (ЛУКА 1:37)