Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Иса пайгамбар күчүн жоготкон туз жөнүндө айтканда туура айтты беле?

Иса пайгамбар бир жолу шакирттерине: «Силер жердин тузусуңар. Туз күчүн жоготсо, аны кантип калыбына келтирүүгө болот? Ал ыргытылып, тепсендиде калгандан башка эч нерсеге жарабай калат»,— деген (Матай 5:13). Туз тамак-ашты бузулуп кетүүдөн сактай турган касиетке ээ. Демек, Иса пайгамбар шакирттери башкаларды алардын Кудай менен болгон мамилесинин бузулушунан жана адеп-ахлак жагынан бузулушунан коргой аларын жана коргошу керектигин айткан деген жыйынтык чыгарууга болот.

Ал эми Иса пайгамбардын туз күчүн жоготот дегенине байланыштуу бир энциклопедияда мындай делет: «Жансыз деңизден алынган туздун курамында башка да минералдар болчу. Андай туз ным болуп калса, тузу эрип кетип, тузсуз минералдары калып калчу». Андыктан Иса пайгамбардын: «Ал [күчүн жоготкон туз] ыргытылып, тепсендиде калгандан башка эч нерсеге жарабай калат»,— деген сөздөрдү эмне үчүн айткандыгы түшүнүктүү. Ошондой эле энциклопедияда мындай деп жазылган: «Курамында башка минералдар болгон, Жансыз деңизден алынган ал туздун сапаты башка деңизден алынган туздардын сапатынан төмөн болгон. Бирок андай тузду деңиздин жээгинен эле чогултуп алуу мүмкүн болгондуктан, ал тузду палестиналыктардын баары колдонушчу»

Иса пайгамбардын тыйынын жоготуп алган аял жөнүндөгү аңгемеси жашоодон алынганбы?

Иса пайгамбар үлгү-насаат аңгемесинде он күмүш тыйыны бар бир аялдын жоготуп алган бир тыйынын чырак күйгүзүп алып, үйүн шыпырып, издегени жөнүндө айткан (Лука 15:8—10). Анын күндөрүндө бир күмүш тыйын бир күндүк эмгек акыга барабар болгон. Андыктан бир тыйынын жоготуп алган киши көп эле акчасын жоготкон деп айтууга болот. Иса пайгамбар бул аңгемесиндеги мисалды элдин жашоосунан алганын дагы башка нерселер далилдеп турат.

Айрым окумуштуулардын айтымында, байыркы убактагы аялдар тыйындарды жасалга катары колдонушчу. Балким, Иса пайгамбар ал тыйындын аялга мураска калганын же себи менен кошо келгенин айтса керек. Кандай болбосун, ал аял бир тыйынын жоготкондо аябай капаланып, аны тапмайынча издей берген.

Андан сырткары, ошо убактагы элдер үйгө мүмкүн болушунча күндүн туру көп кирбегидей кылып курушчу. Үйлөрдүн терезеси аз же таптакыр жок болчу. Жерге болсо саман же куурай төшөп коюшар эле. Ошондуктан тыйын түшүп кетсе, аны табыш кыйын болчу. Бир жазуучу ушуга байланыштуу: «Тыйынга окшогон кичинекей бир нерсе жерге түшүп кетсе, аны табыш үчүн чырактардын баарын күйгүзүп, үйдүн баарын шыпырып чыгышчу»,— деген.