Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Муса пайгамбар Кудайга бекем ишенген

Муса пайгамбар Кудайга бекем ишенген

ИШЕНИМ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Ыйык Китепте айтылгандай, ишеним бир нерсеге айкын далилдер бар болгондуктан ишенүүнү билдирет. Кудайга ишенген киши анын өз убадаларын аткарарынан эч шектенбейт.

ИШЕНЕРИН КАНТИП ДАЛИЛДЕГЕН?

Муса пайгамбардын жашоосунан анын Кудайдын убадаларынын аткарыларына бекем ишенери көрүнүп турган (Башталыш 22:15—18). Ал Мисирде байлыкка тунуп жашай бермек, бирок «күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн» (Еврейлер 11:25). Муса пайгамбар чыгарган чечимине өкүндү беле? Жок, Ыйык Китепте ал жөнүндө: «Көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон»,— деп айтылат (Еврейлер 11:27). Ооба, Кудайга бекем ишенгендиктен ошондой чечим чыгарганына эч качан өкүнгөн эмес.

Муса пайгамбар башкаларга да Кудайга болгон ишенимин бекемдегенге жардам берген. Келгиле, ысрайыл эли Кызыл деңиз менен аларды кубалап келе жаткан мисирликтердин ортосунда калганда эмне болгонун карап көрөлү. Ысрайыл эли мисирликтерден коркуп, үрөйү учкандыктан Жахаба Кудай менен Муса пайгамбарга жалынып-жалбарып ийген. Ошондо Муса пайгамбар эмне кылган?

Ал Кудайдын ысрайылдыктарды куткарыш үчүн Кызыл деңизди экиге бөлөрүн билген эмес болуш керек. Бирок Кудайдын өз элин куткарыш үчүн сөзсүз бир нерсе кыларына толук ишенген. Ал ысрайылдыктардын да Кудайдын куткарарына ишенишин каалаган. Ыйык Китептен анын: «Коркпогула. Бекем болгула, Жахабанын бүгүн силерди кантип куткарарын карап тургула»,— дегенин окуйбуз (Чыгуу 14:13). Ал ысрайылдыктардын Кудайга болгон ишенимин бекемдей алды беле? Ооба, анткени Ыйык Китепте Муса пайгамбар жөнүндө эле эмес, бүт ысрайылдыктар жөнүндө: «Ишенимдин аркасында ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жер менен өткөндөй өтүшкөн»,— деп айтылат (Еврейлер 11:29). Ошентип, анын Кудайга бекем ишенгенинин аркасында башкалар да Кудайга таянуу акылдуулукка жатарын түшүнүшкөн.

КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

Кудайдын убадаларын сөзсүз аткарарына толук ишенерибизди көрсөткөн чечимдерди чыгарсак, Муса пайгамбардан үлгү алган болобуз. Мисалы, Кудай ага сыйынууну жашоосунда биринчи орунга койгондорго кам көрүүнү убада кылган (Матай 6:33). Албетте, дүр-дүнүйө топтоону көздөгөн адамдардын арасында жашап жаткандыктан мындай кылуу оңойго турбашы ыктымал. Бирок дүнүйө-мүлк топтогонго умтулбай, Жахаба Кудайга сыйынууну жашообузда биринчи орунга койсок, ал бизди зарыл нерселер менен камсыз кылат. Ал: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деп убада берген (Еврейлер 13:5).

Биз да башкалардын Кудайга болгон ишенимин бекемдегенге аракет кылганыбыз абзел. Алсак, акылдуу ата-энелер балдарына Кудайга болгон ишенимин өрчүткөнгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин жакшы түшүнүшөт. Алар балдарына кичинекейинен тартып эле Кудайдын бар экенин жана анын эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу мыйзамдарды берерин түшүнгөнгө жардам бериши керек. Андан тышкары, балдар Кудайдын осуяттарына кармануу өздөрүнө эле пайдалуу болоруна ынанышы зарыл (Ышая 48:17, 18). Ата-энелер балдарына Кудайдын «бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишенүүгө» жардам беришсе, аларга баалуу белек берген болушат (Еврейлер 11:6).