Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык эле диндерге ишенсе болобу?

Бардык эле диндерге ишенсе болобу?

Балким, кайсы бир динден көңүлүңөр калып, динге ишенбей калгандырсыңар. Бирок ишенсе боло турган дин бар экенинен шектенбесеңер болот. Иса пайгамбар жерде жүргөндө ишенимдүү кишилерди чогултуп, аларга Кудайдын осуяттарына карманып жашоону үйрөткөн. Кудайдын осуяттарына ылайык жашаган адамдар азыркы күндө деле бар. Аларды кайдан тапса болот?

Экинчи макалада сөз кылынган Эстел мындай деп ой бөлүшөт: «Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп баштаганда гана анда жазылгандарды биле алдым. Көп өтпөй эле Жакан китебинин 8-бөлүмүнүн 32-аятындагы: „Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат“,— деген сөздөрдүн маанисин түшүндүм».

Ал эми ушул катар макалалардын үчүнчүсүндө айтылган Ра мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында адамзаттын азап чегип жатканына Кудай күнөөлүү эмес экенин билдим. Кудайдын азыркы учурда жамандыкка жол беришине орчундуу себеп бар экенин, жакында бардык жамандыкты жок кыларын билгенде Кудайга ыраазы болдум».

Албетте, адамдардын көбүнөн ыйман кетип жаткан азыркы заманда адеп-ахлактуу болуу оңойго турбайт. Бирок бул ар бирибиздин колубуздан келет. Көптөр Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө, жашоосунда колдонгонго жардам бере турган адамдардын болушун каалашат. Мына ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар менен Ыйык Китепти акысыз изилдеп жатышат. Жума сайын көптөр Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүп, Кудайга жакындашууда. Ошонун аркасында бактылуу жашап жатышат *.

Жахабанын Күбөлөрүнөн өз динине эмне үчүн ишенерин сурап көргүлө

Жахабанын Күбөлөрүнө жолукканда алардан өз динине эмне үчүн ишенерин сурап көргүлө. Алар жөнүндө, окуулары жөнүндө изилдегиле. Ошондо силер ишене ала турган дин бар-жогун биле аласыңар.

^ абз. 5 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин карагыла.