Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИШЕНИМДИН ҮЛГҮСҮ

Ал «иштеринин негизинде адил деп жарыяланган»

Ал «иштеринин негизинде адил деп жарыяланган»

ТАҢ сөгүлүп, Жерихо түздүгүнө жан кире баштаган кез. Рахап терезесинен шаардын сыртын көңүл коё карап турат. Ал жакта кол салууга даяр турган кара кол — Ысрайыл аскери — турат. Алар шаарды дагы айлана баштаганда, чаң асманга сапырылып, абаны жарган, кулак тундурган сурнайлардын үнү чыгат.

Жерихо — Рахаптын туулуп-өскөн жери. Ал анын ар бир көчөсүн, ар бир үйүн, эл кайнаган базарларын, сатылчу буюмдар жасалган, оңдолгон жайларын, тургундарын беш колдой билет. Ысрайылдыктар таң калыштуу иш-аракет кылып, шаарды күнүгө бир жолу айланып чыккан сайын, эл ого бетер коркуп, төбө чачы тик турууда. Бирок Жерихонун көчөлөрү менен аянттарын жаңырткан сурнайлардын үнү Рахаптын үрөйүн учурган жок.

Бүгүн, жетинчи күнү, ал Ысрайыл аскеринин таң кулан өөк болгондон тартып шаарды айлана баштаганын көрөт. Рахап Ысрайыл жоокерлеринин арасынан сурнай тарткан жана Жахаба Кудайдын ысрайыл эли менен экенин билдирген келишим сандыгын көтөргөн дин кызматчыларды байкайт. Рахаптын Жерихо дубалынан сыртты караган терезесинде артылып турган кызыл жиптин үстүнө колун коюп аларды карап турганын элестетсеңер. Ал кызыл жип ага шаар талкаланганда үй-бүлөсү менен аман каларына үмүттөнсө болорун эсине салып турат. Рахап өз элине чыккынчылык кылганбы? Жок. Жахаба Кудай андай деп эсептеген эмес, ал анын көз алдында ишеними күчтүү аял болгон. Келгиле анда, бул окуянын башы кандай болгонун карап, Рахаптан кандай үлгү алсак болоруна токтололу.

СОЙКУ АЯЛ РАХАП

Рахап сойку болгон. Ыйык Китепти түшүндүргөн мурунку убактагы окумуштуулардын айрымдары Рахап сойку болгон деген билдирүү чындыкка коошпойт деп эсептегендиктен аны мейманкананын кожоюну болгон деп айтышкан. Бирок Ыйык Китепте анын сойку болгону жымсалданып, жаап-жашырылган эмес (Жашыя 2:1; Еврейлер 11:31; Жакып 2:25). Кыязы, канаан элинде сойкулук уят нерсе катары саналган эмес. Бирок эч бир маданият Жахаба Кудай ар бир адамга жаман жакшыны ажырата билүү үчүн берген абийирди басып сала албайт (Римдиктер 2:14, 15). Ошондуктан Рахап сойкулук кылуу жаман иш экенин түшүнүп, аябай уялып жүрсө керек. Бүгүнкү күндө да ошондой иш менен алектенген көптөгөн адамдарга капаска түшүп калгандай, үй-бүлөсүн багыш үчүн андай ишке баргандан башка арга жоктой сезилет. Балким, Рахап да ошондой сезимде болгондур.

Рахаптын башкача жашагысы келгени күмөнсүз. Анын мекенинде зордук-зомбулук кулач жайып, адеп-ахлаксыздык, анын ичинде кандаш туугандардын жыныстык катнашта болушу, адамдардын жаныбарлар менен жатышы кадимки нерсеге айланып калган болчу (Лебилер 18:3, 6, 21—24). Мындай жийиркеничтүү иштердин көп болушуна көбүнесе алардын туткан дини себеп болгон. Канаандыктардын дини ибадатканада сойкулук кылууга үндөгөн, андан сырткары, эл Баал жана Молек деген сыяктуу кудайларга сыйынып, кичинекей балдарды тирүүлөй өрттөп курмандыкка чалган.

Жахаба Кудай канаандыктардын андай иштерине көз жумган эмес. Алардын ыймансыздыгы башынан ашкандыктан, ал: «Алардын жери да булганды. Мен анын тургундарын жазалайм, жер аларды силкип салат»,— деген (Лебилер 18:25). Кудай ал элди «күнөөсү үчүн» кантип жазаламак? Ал ысрайылдыктарга: «Жахаба Кудайың ал элдерди сенин жаныңан акырындык менен кууп чыгат»,— деп убада берген (Мыйзам 7:22). Ошол сөздөрдү айткандан көптөгөн кылымдар мурун болсо Канаан жерин Ыбрайымдын урпактарына мураска берерин айткан. Ал сөзүнө туруп, убадасын сөзсүз аткармак (Тит 1:2; Башталыш 12:7).

Жахаба Кудай Канаан жериндеги айрым элдерди жок кылууга буйрук берген (Мыйзам 7:1, 2). «Бүт жер жүзүнүн» адил «Соту» катары Кудай ал жерде жашаган ар бир адамдын ички дүйнөсүн изилдеп, алардын абдан бузулушканын, жүрөгүндө жамандыктын терең тамыр алганын көргөн (Башталыш 18:25; 1 Жылнаама 28:9). Рахапка Кудай жок кылууга өкүм чыгарган шаарда жашоо кандай болгон? Биз анын ысрайылдыктар жөнүндө укканда кандай сезимде болгонун тек гана элестете алабыз. Ал Ысрайылдын Кудайы өз элин кулчулуктун чеңгелинен бошотуп, Мисир аскеринин — ошол учурдагы дүйнөдөгү эң күчтүү аскердин — үстүнөн жеңишке жеткиргенин уккан. Эми болсо ысрайылдыктар Жерихону басып алганы турат! Бирок канаандыктар жаман жолунан кайткысы келген жок. Ошондуктан Ыйык Китепте Рахаптын жердештери тууралуу «баш ийбегендер» деп айтылган (Еврейлер 11:31).

Рахап алардай эмес болчу. Көп жылдар бою ал ысрайыл эли жана алардын Кудайы Жахаба жөнүндө уккандары тууралуу ой жүгүртүп жүргөн. Жахаба Кудай канаандыктардын кудайларындай эмес болчу. Өзүнө сыйынгандарды эзип, адеп-ахлактык жактан бузган канаандыктардын кудайларынан айырмаланып, Жахаба өз элин адеп-ахлактуу болуп жашаганга үйрөткөн, алар үчүн күрөшкөн Кудай болгон. Ошондой эле ал аялзатын баалап-барктаган, аларды жыныстык катнаш үчүн эле сатып алса же сатса боло турган же жийиркеничтүү сыйынууда колдоно турган төмөн нерседей көргөн эмес. Рахап ысрайылдыктардын кошууну Иордандын берки өйүзүнө өтүп, Жерихого кол салганы турганын билгенде элинин башына кандай күн түшөрүн ойлоп сары санаа болсо керек. Жахаба Кудай Рахапты, анын жакшы сапаттарын байкады беле?

Бүгүнкү күндө да Рахаптай болгон адамдар көп. Аларга өзүн өзү сыйлоо сезиминен ажыраткан, кубанычтан өксүткөн жашоонун тузагына түшүп калгандай, андан эч чыга албачудай сезилет. Андан сырткары, жакшы иштерин эч ким байкабагандай, аларды баалап-барктабагандай сезимде болушат. Рахап жөнүндөгү билдирүү Кудайдын ар бирибизге көңүл бурарын эске салып, жубатат. Биз өзүбүздү санда жок адам катары эсептешибиз мүмкүн, бирок «ал ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27). Кудай ага ишенгендердин баарына жакын жана ал аларга жаркын келечектен үмүттөнүүгө жардам бергиси келет. Рахап ага ишенди беле?

РАХАП ЧАЛГЫНЧЫЛАРГА ЖАРДАМ БЕРГЕН

Ысрайылдыктар Жерихону айлана электе, Рахаптын үйүнө эки чоочун киши келген. Алар элдин көзүнө урунбаганга аракет кылышкан. Бирок Ысрайыл кошуунунан чалгынчылар келип калышы мүмкүн экенин ойлоп сак турган элдин көзүнө чалынбай калуу мүмкүн эмес эле. Рахаптын үйүнө чоочун кишилердин келгени таң калыштуу эмес болчу, бирок бул жолу келген эки киши анын кызматынан пайдалануу үчүн эмес, түнөк жай сурап келишкен. Ошондуктан баамчыл Рахап алардын ким экенин дароо эле байкаса керек.

Ал эки киши Ысрайыл кошуунунан келген чалгынчылар болчу. Аларды аскербашы Жашыя Жерихо шаарынын күчтүү жана алсыз жактарын билип келгени жөнөткөн. Жерихо ысрайылдыктар кол сала турган Канаан жериндеги шаарлардын алгачкысы жана, сыягы, эң күчтүүсү болгон. Жашыя кандай душманга чабуул койгону жатышканын аныктап алгысы келген. Чалгынчылар атайын эле Рахаптын үйүнө барышкан болчу. Себеби алар сойку аялдын үйүнөн гана эч кимге байкалбай калышы мүмкүн эле. Андан тышкары, эки жакты аңдабай сүйлөшүп жаткандардын сөзүн тыңшап, маалымат чогултууга аракет кылышкан көрүнөт.

Ыйык Китепте Рахаптын «чалгынчыларга меймандостук көрсөткөнү» айтылат (Жакып 2:25). Рахап ал эки кишини үйүнө киргизип, атүгүл алардын ким экенин, эмне үчүн келгенин сезип турса да, түнөк жай берген. Балким, ал чалгынчылардан Жахаба Кудай жөнүндө билүүгө үмүттөнгөндүр.

Бирок күтүлбөгөн жерден Жерихонун падышасынан кабарчылар келип калган. Анын үйүнө Ысрайылдан чалгынчылардын келгени желдей тарап кеткен. Рахап ошондо эмне кылышы керек эле? Үйүнө келген ал чоочун кишилерди коргосо, өзүнүн да, ата-энесинин да, тууган-туушкандарынын да өмүрүн тобокелге салмак. Душмандарын үйүнө түнөткөнү үчүн, Жерихонун эли аларды өлтүрүп коюшу мүмкүн болчу. Кабарчылар келгенде, Рахаптын ал экөөнүн ким экенине толук көзү жеткен. Буга чейин Жахаба Кудайдын ал сыйынып жүргөн кудайлардан алда канча жакшы экенин билген болсо, ошондо Жахабанын тарабын ээлегенге мүмкүнчүлүк түзүлгөндүр.

Рахапта ойлонууга убакыт жок болчу, бирок ал «караңгыда көз таап, капилеттен сөз тапкан» кишидей иш кылган. Чалгынчыларды үйүнүн чатырына алып чыгып, жайылып жаткан зыгыр сабактарынын астына жашырып койгон. Анан падышанын кабарчыларына: «Меникине кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин. Алар күүгүм кирип, дарбаза жабыларда, кетип калышкан. Каякка кетишкенин да билбейм, тезирээк артынан жөнөгүлө, кууп жетесиңер»,— деген (Жашыя 2:4, 5). Ошондо анын кабарчылардын жүзүн карап сүйлөп жатканын элестетсеңер. Эгер алар анын жүрөгүнүн соккону аларга чейин угулуп жатканын айтышса, ал таң калмак деле эместир.

Анын ойлогон амалы ишке ашып, падышанын кабарчылары Иордандын кечүүлөрүн көздөй шашып жөнөшкөн (Жашыя 2:7). Рахап жеңилдей түшүп, терең дем алган. Ал чындыкты билгенге укуктуу болбогон, өлтүрүүдөн баш тартпаган кишилерди алдап жолго салган да, чыныгы Кудайдын кишилеринин өмүрүн сактап калган.

Рахап чатырына шашып чыгып, эмне кылганын экөөнө айткан. Ошондой эле анын эли ысрайылдыктардан үрөйү учуп коркуп жатканын айтып, маанилүү маалымат берген. Уккандары чалгынчылардын кулагын сүйүнткөн чыгар. Жетер чегине жеткиче бузулган канаандыктар Ысрайылдын Кудайы Жахабадан жүрөгү калтырап коркуп турушкан эле. Рахаптын андан аркы сөздөрү көңүл бурарлык. Ал алардын Кудайы Жахаба «асман менен жердеги жалгыз Кудай экенин» айткан (Жашыя 2:11). Рахапка Жахаба Кудай толук ишенсе боло турган Кудай экен деген жыйынтыкка келгенге мурда ал тууралуу уккандары эле жетиштүү болгон. Ал Жахаба Кудайга ишенип калган.

Рахап Жахаба Кудайдын өз элин жеңишке жеткиреринен күмөн санаган эмес. Ошондуктан аларга ырайым кылып, ата-энесин, урук-тууганын сактап калышын сурап жалынган. Чалгынчылар анын өтүнүчүн аткарууга макул болушкан, бирок, шарт боюнча, Рахап алар жөнүндө эч кимге айтпашы жана ысрайылдык аскерлер аны, анын жакындарын сактап калышы үчүн, терезесине кызыл жип артып коюшу керек болчу (Жашыя 2:12—14, 18).

Рахап жөнүндөгү билдирүүдөн ишеним тууралуу негизги чындыкты биле алабыз. Ыйык Китепте «ишеним сөздү уккандан кийин пайда болору» айтылат (Римдиктер 10:17). Рахап Жахаба Кудайдын кудурети күчтүү, адилеттүү экенин айгинелеген, чынында эле болгон окуялар жөнүндө уккандыктан ага ишенип калган. Бүгүнкү күндө Жахаба Кудай тууралуу билгенге өбөлгө түзгөн маалыматтар көп. Биз аны таанып-билгенге, анын Сөзү болгон Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде ага ишеним өрчүткөнгө умтулабызбы?

КОЗГОЛГУС ЧЕП УРАП КАЛАТ

Чалгынчылар Рахаптын кеңешин угуп, терезеден аркан менен түшүшкөн да, шаша-буша тоолуу аймакты көздөй жөнөшкөн. Жерихонун түндүк тарабындагы тик кеткен тоолордун боорунда үңкүрлөр көп болчу. Ал үңкүрлөр чалгынчылар ысрайылдыктардын кошуунуна жакшы кабар менен аман-эсен кайтып барганга чейин жашынып жүрүп отура турган жай болмок.

Кийинчерээк Жерихонун тургундары Жахаба Кудайдын Иордан дарыясынын суусун кереметтүү жол менен токтотуп койгонун жана ысрайылдыктардын дарыянын кургак жери менен өтүшкөнүн угушканда, жүрөктөрү оозуна кептелгени күмөнсүз (Жашыя 3:14—17). Бирок бул кабар Рахаптын Жахаба Кудайга ишенгени туура болгонун дагы бир жолу тастыктап турган.

Ысрайылдыктар Жерихону алты күн, бир күндө бир жолу айланып турушкан. Бирок жетинчи күнү баары башкача болот. Макаланын башында айтылгандай, алар Жерихону таң супасын салганда айлана башташат. Кызыктуусу, бир айлангандан кийин эле токтоп калышпайт, алар кайра-кайра айлана беришет (Жашыя 6:15). Ысрайылдыктардын мындай кылганы эмнени билдирген?

Ысрайыл аскери жетинчи жолу айлангандан кийин эмнегедир токтоп калат. Сурнайлардын үнү да басылат. Айлана бир саамга чымын учса угула тургандай жымжырт боло түшөт. Шаарды каптаган коркунуч ошондо ого бетер күч алып, элдин жүрөгү оозуна тыгылса керек. Анан Жашыя белги бергенде, Ысрайыл аскери үнүн катуу чыгарып, жер жаңырта кыйкырат. Жерихо дубалында турган сакчылар ысрайылдыктардын кол салуу ыкмасы таң калыштуу ыкма экен деп ойлойбу? Эгер ошондой болсо, андай ойлордун илеби тез эле учуп кетет. Алардын бут алдындагы килейген дубал титирей баштайт. Анан катуу солкулдап, бөлүк-бөлүк болуп урап түшөт! Бырпырап асманга көтөрүлгөн чаң тарагандан кийин, дубалдын кулабай калган бир бөлүгү көрүнөт. Рахаптын ишениминин эстелигиндей болуп, толгон урандылардын арасында анын эле үйү калган болот. Жахаба Кудайдын аны сактап калганын көргөндө, Рахапты кандай сезим чулгаганын элестетип көрсөңөр *. Ал үй-бүлөсү менен аман калган болчу! (Жашыя 6:10, 16, 20, 21).

Жахаба Кудайдын эли да Рахапты күчтүү ишеними үчүн урматтап-сыйлаган. Алар ураган калдыктардын арасында сороюп бир эле үй калганын көргөндө Жахаба Кудайдын ал аялды коргоп-колдогонун түшүнүшкөн. Ыймансыздыкка белчесинен баткан шаарды каптаган алаамат Рахаптын, анын үй-бүлөсүнүн башына түшкөн эмес. Салгылаш аяктагандан кийин, Рахап ысрайыл элине кошулуп жашаган. Кийинчерээк Салмон деген кишиге турмушка чыккан. Алардын уулу Бууз да Кудайга бекем ишенген адам болуп эр жеткен. Ал Рут деген мааптык аялга үйлөнгөн * (Рут 4:13, 22). Дөөтү падыша да, Иса Машаяк да Рахаптын уулу Бууздун тукумунан чыккан (Жашыя 6:22—25; Матай 1:5, 6, 16).

Рахап тууралуу билдирүүдөн Кудайдын көз алдында баарыбыз баалуу экенибизди биле алабыз. Ал баарыбызга көз салып, жүрөгүбүздө эмне бар экенин билип турат жана жүрөгүбүздөн Рахаптыкындай ишенимди көргөндө абдан кубанат. Анын ишеними иш-аракет кылганга түрткү берген. Ыйык Китепте айтылгандай, ал «иштеринин негизинде адил деп жарыяланган» (Жакып 2:25). Кудайга бекем ишенүү жагынан андан үлгү алсак, акылдуулук кылган болобуз.

^ 27-абз. Кызыктуусу, Жахаба Кудай эки чалгынчынын Рахап менен макулдашып алган чечимин сыйлаган.

^ 28-абз. Рут менен Бууз жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деген китептин 4, 5-бөлүмдөрүн карагыла.