Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ ЭЭСИ МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ

Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (1-бөлүк)

Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (1-бөлүк)

Төмөндө Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалар менен, адатта, кандай маек курары жазылды. Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен сүйлөшүп жатканын элестеткиле.

БИЛИМДИ «ИЗДЕЙ БЕРГИЛЕ»

Жахабанын Күбөсү: Сиз менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөн мага аябай жагат *. Акыркы жолу сүйлөшкөндө: «Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгынын 1914-жылы башкара баштаганын кайдан билишет?» — деп сурабадыңыз беле.

Үй ээси: Ооба, силердин адабияттарыңардын биринде Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаган деп жазылыптыр. Буга аябай таң калдым, анткени силер ар бир сөзүңөрдү Ыйык Китепке негиздейсиңер го.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз, так ошондой.

Үй ээси: Мен Ыйык Китепти өз алдымча окуп чыккам. Бирок 1914-жыл жөнүндө бир да аят жок экен. Анан Интернеттеги Ыйык Китепти ачып, «1914-жыл» дегенди издесем, эчтеке чыккан жок.

Жахабанын Күбөсү: Сиздин ушинтип издегениңизге баа берем. Ыйык Китепти башынан аягына чейин окуп чыкканыңыз да аябай жакшы. Мындан Кудайдын Сөзүн жогору баалаарыңыз көрүнүп турат.

Үй ээси: Мага Ыйык Китепти окуган жагат. Аны башка китептер менен салыштырып болбойт.

Жахабанын Күбөсү: Толук кошулам. Сурооңузга жоопту Ыйык Китептин өзүнөн издегениңиз туура болуптур. Кудай бизди билимди «издей берүүгө» чакырат *. Сиз так ушундай кылып жатасыз.

Үй ээси: Анткени суроолорума жооп алгым келет да. Баса, сен берген китепти окуп жатып 1914-жылга байланыштуу бир маалымат таап алдым. Бир падыша чоң дарак жөнүндө түш көрүптүр. Анан эле ал дарак кыйылып калат экен.

Жахабанын Күбөсү: А-а, ооба. Ал түш Даниел китебинин 4-бөлүмүндө жазылган. Аны Бабылдын падышасы болгон Небухаданасар көргөн.

Үй ээси: И-и, Небухаданасар деп жүргөн. Ошол пайгамбарлыкты кайра-кайра окудум. Бирок, чынын айтайын, аны Кудайдын Падышалыгы менен да, 1914-жыл менен да байланыштыра албай койдум.

Жахабанын Күбөсү: Билесизби, атүгүл ал сөздөрдү Даниел пайгамбар өзү да түшүнгөн эмес.

Үй ээси: Чын элеби?

Жахабанын Күбөсү: Ооба, Даниел 12:8де: «Мен уктум, бирок түшүнгөн жокмун»,— делет.

Үй ээси: Мен эле түшүнбөй жатам го десе, көрсө, мен эле эмес турбаймбы.

Жахабанын Күбөсү: Даниел пайгамбардын аны түшүнбөгөнүнүн себеби өзү жазган китептеги келечекке байланыштуу сөздөрдүн толук мааниси ачылып бериле турган убак али келе элек болчу. Бирок биз бүгүнкү күндө алардын маанисин түшүнө алабыз.

 Үй ээси: Эмне үчүн?

Жахабанын Күбөсү: Жообу кийинки эле аятта жазылган. Даниел 12:9да: «Акыркы убакка чейин бул сөздөр жашыруун сырдай сакталат, аларга мөөр басылат»,— деп жазылган. Демек, ошол сөздөр «акыркы убакта» гана түшүнүктүү болмок. Биз азыр ошол «акыркы убакта» жашап жатабыз. Буга кандай далилдер бар экенин кийинчерээк билебиз *.

Үй ээси: Анда Даниел пайгамбардын жазгандарын түшүндүрүп бербейсиңби.

Жахабанын Күбөсү: Аракет кылып көрөйүн.

НЕБУХАДАНАСАР ПАДЫШАНЫН ТҮШҮ

Жахабанын Күбөсү: Адегенде Небухаданасар падышанын кандай түш көргөнүн айтып берейин. Андан кийин анын маанисин талкуулайлы.

Үй ээси: Макул.

Жахабанын Күбөсү: Падыша түшүндө асман тиреген чоң даракты көргөн. Анан Кудайдын периштесинин ошол даракты кыюуга буйрук бергенин уккан. Бирок анын дүмүрү калтырылышы керектиги айтылган. «Жети мезгил» өткөндөн кийин, дарак кайрадан өсүп чыкмак *. Бул сөздөр алгач Небухаданасар падышага тиешелүү болгон. Асман тиреген чоң дарак сымал, падыша зор бийликке ээ болгон. Бирок ал «жети мезгилге» кыйылган. Андан кийин эмне болгону эсиңиздеби?

Үй ээси: Жок, эсимде жок.

Жахабанын Күбөсү: Ыйык Китепте Небухаданасар падышанын, кыязы, жети жылга акыл-эсинен ажыраганы айтылат. Ошол жылдар аралыгында ал бийлик кылган эмес. Бирок «жети мезгил» соңуна чыккандан кийин, Небухаданасар падышага акыл-эси кайтып келип, кайрадан бийлик кыла баштаган *.

Үй ээси: М-м, түшүндүм окшойт. Бирок мунун Кудайдын Падышалыгына жана 1914-жылга кандай тиешеси бар?

Жахабанын Күбөсү: Муну сизге кыскача түшүндүрүп берейин. Пайгамбардын жазгандары эки жолу аткарылган. Биринчиси — Небухаданасар падыша убактылуу бийлик кылбай калганда, экинчиси Кудай убактылуу бийлик кылбай калганда аткарылган. Ошентип, анын экинчи жолку аткарылышы Кудайдын Падышалыгына байланыштуу болгон.

Үй ээси: Силер анын экинчи жолку аткарылышынын Кудайдын Падышалыгына байланыштуу экенин кайдан билесиңер?

Жахабанын Күбөсү: Муну биз ошол китептин өзүнөн биле алабыз. Даниел 4:17ге ылайык, бул сөздөр, «тирүүлөр Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин... түшүнүшү үчүн», жазылган. «Адамзат падышалыгы» деген сөздөрдү байкадыңызбы?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Бул жерде эң Жогорку Кудайдын «адамзат падышалыгынын Башкаруучусу» экени айтылган.

Үй ээси: М-м.

Жахабанын Күбөсү: Демек, бул Небухаданасар падышага эле тиешелүү эмес. Анткени аятта «адамзат падышалыгы», башкача айтканда, Кудайдын жер үстүнөн жүргүзгөн бийлиги жөнүндө да айтылат. Муну тереңирээк түшүнүүгө ага чейинки жана андан кийинки аяттар да жардам берет.

Үй ээси: Кандайча?

ДАНИЕЛ КИТЕБИНИН НЕГИЗГИ ТЕМАСЫ

Жахабанын Күбөсү: Даниел китебинде бир тема — Кудайдын Падышалыгынын асманда орноп, Иса Машаяктын Падыша болуп дайындалганы — улам-улам баса белгиленип турат. Мисалы, 2-бөлүмдө эмне деп айтылганын карап көрөлү. Даниел 2:44тү окуп көрсөңүз.

Үй ээси: Мейли. «Ошол падышалардын күндөрүндө асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат»,— дейт.

 Жахабанын Күбөсү: Рахмат. Бул аяттын Кудайдын Падышалыгына тиешеси барбы, кандай деп ойлойсуз?

Үй ээси: Билбейм.

Жахабанын Күбөсү: Кудайдын Падышалыгы «түбөлүк турат» дегенге көңүл бурсаңыз. Адамдардын өкмөтү түбөлүккө бийлик кыла албай турганына кошулат болушуңуз керек.

Үй ээси: Ооба, кошулам.

Жахабанын Күбөсү: Даниел 7:13, 14тө Кудайдын Падышалыгына байланыштуу дагы бир нерсе жазылган. Анда келечекте бийлик кыла турган Падыша жөнүндө мындай делген: «Ага бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик, даңк, падышалык берилди. Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык». Бул аяттагы сөздөр сизге тааныш учурадыбы?

Үй ээси: Ооба, бул жакта да Падышалык жөнүндө айтылып жатпайбы.

Жахабанын Күбөсү: Туура байкадыңыз. Бирок жөнөкөй падышалык жөнүндө эмес. Ал Падышалык «элдердин», «улуттардын», «ар кандай тилдерде сүйлөгөндөрдүн» үстүнөн бийлик кылат. Тактап айтканда, бүт жер жүзүн башкарат.

Үй ээси: Бул аяттын мааниси ушундай турбайбы. Ушуну билбептирмин.

Жахабанын Күбөсү: Андан тышкары, Падышанын «бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык» деп жазылганына да көңүл бурсаңыз. Бул сөздөр Даниел 2:44тө жазылгандарга окшош бекен?

Үй ээси: Окшош экен.

Жахабанын Күбөсү: Эми буга чейин сүйлөшкөндөрүбүздү кыскача кайталасак. Даниел китебинин 4-бөлүмүндөгү сөздөр, адамдар «Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу» экенин билиши үчүн, жазылган. Бул сөздөрдөн дарак жөнүндөгү түштүн Небухаданасар падышага эле тиешелүү эмес экенин билсек болот. Демек, Даниел китебинде Кудайдын Падышалыгы жөнүндө да жазылганын билдик. Даниел китебинин 4-бөлүмүндөгү күн мурун айтылган сөздөрдүн Кудайдын Падышалыгына да тиешелүү экенине ынандыңызбы?

Үй ээси: Ынандым окшойт. Бирок муну дагы деле 1914-жыл менен байланыштыра албай жатам.

«ЖЕТИ МЕЗГИЛ ӨТСҮН»

Жахабанын Күбөсү: Келиңиз анда, кайра Небухаданасар падыша жөнүндө сөз кылалы. Пайгамбардын жазгандарынын биринчи аткарылышында падыша чоң даракка салыштырылбады беле. Ал дарактын «жети мезгилге» кыйылганы падышанын убактылуу акыл-эсинен ажырап, бийлик кылбай калганын билдирген. Падыша акыл-эсине келип, кайрадан бийлик кыла баштаганда, «жети мезгил» аяктаган. Ал эми экинчи жолу аткарылганда, Кудайдын бийлиги убактылуу токтомок, бирок бул Кудайдын бийлик жүргүзүүгө кудурети жетпей калганын билдирген эмес.

Үй ээси: Жакшы түшүнбөй калдым.

Жахабанын Күбөсү: Байыркы убакта Иерусалимде бийлик кылган падышалар «Жахабанын тактысына отургандар» катары эсептелчү *. Алар Кудайдын өкүлдөрү болгон. Ошондуктан Кудай алар аркылуу бийлик кылчу деп айтууга болот. Бирок убакыттын өтүшү менен ошол падышалардын көбү Кудайга баш ийбей калышкан, эл болсо аларды туураган. Ушунун айынан б.з.ч.  607-жылы Кудай аларды бабылдыктардын колуна салып берген. Ошол убактан тартып Жахаба дайындаган бир да падыша Иерусалимден бийлик кылбай калган. Мына ушундайча Кудайдын бийлиги убактылуу токтоп калган. Эми түшүнүктүү болдубу?

Үй ээси: Түшүндүм окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Ошентип, б.з.ч. 607-жылы жети мезгил, тагыраак айтканда, Кудайдын бийлиги убактылуу токтогон мезгил башталган. Жети мезгил соңуна чыкканда, Кудай өзүнүн өкүлүн Падыша кылып дайындамак. Бирок бул жолкусунда ал жерден эмес, асмандан бийлик жүргүзмөк. Ошондон кийин Даниел пайгамбар жазган башка сөздөр аткарыла баштамак. Анда: «Жети мезгил качан аяктаган?» — деген маанилүү суроо туулат. Эгер ушул суроого жооп алсак, Кудайдын Падышалыгынын качан башкара баштаганын биле алабыз.

Үй ээси: Жакшы. Демек, жети мезгил 1914-жылы соңуна чыккан турбайбы?

Жахабанын Күбөсү: Туптуура.

Үй ээси: Бирок так ушундай болгонун кайдан билебиз?

Жахабанын Күбөсү: Иса Машаяк жерде кызмат кылып жүргөндө жети мезгилдин али соңуна чыга элек экенин айткан *. Мындан жети мезгилдин узак убакытка созуларын билсек болот. Жети мезгил Иса пайгамбар жерге келгенге чейин жүздөгөн жылдар мурун башталып, ал асманга кайтып баргандан кийин да улана бермек. Даниел пайгамбардын жазгандары «акыркы убакка чейин» айкын болбой турганын эстесеңиз *. Ошентип, «акыркы убак» башталарына аз калганда, 1800-жылдардын аяк ченинде, Кудайдын Сөзүн изилдеген жүрөгү таза адамдар пайгамбарлар жазган ушул жана башка сөздөрдү казып изилдей башташкан. Алар жети мезгилдин 1914-жылы аяктаарын баамдашкан. Ошондон тартып дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялар Кудайдын Падышалыгынын 1914-жылы башкара баштаганынын далили болгон. Так ошол жылы акыркы күндөр башталган. Байке, калганын эмкиде сүйлөшпөйлүбү.

Үй ээси: Ооба. Муну жакшыраак түшүнүш үчүн дагы бир нече жолу окушум керек окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Мага да ушуну түшүнгөнгө бир топ убакыт кеткен. Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалыкка байланыштуу окуулары Ыйык Китепке негизделгенине ынандыңыз го деп ойлойм.

Үй ээси: Мен мурун эле силердин бүт баарын Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп берериңерге баа берчүмүн.

Жахабанын Күбөсү: Сиздин да бардык нерсени Ыйык Китептин негизинде текшергениңиз жагат. Сизде дагы суроолор туулду болуш керек. Бирок аларды кийин талкуулайлы. Бүгүн биз жети мезгилдин Кудайдын Падышалыгы менен тыгыз байланышта экенин жана анын б.з.ч. 607-жылы башталганын билдик. Бирок ал мезгилдин 1914-жылы бүткөнүн кайдан билебиз? *

Үй ээси: Мен да ушуну ойлоп жаттым эле.

Жахабанын Күбөсү: Жети мезгилдин канча убакытка созулганын так аныктоого кайра эле Ыйык Китеп өзү жардам берет. Бул жөнүндө эмкиде сүйлөшпөйлүбү.

Үй ээси: Мейли.

Балким, кайсы бир суроонун жообун же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

^ абз. 5 Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Ыйык Китепти белгилүү бир темалар боюнча акысыз изилдөөгө жардам беришет.

^ абз. 21 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 9-бөлүмүн карагыла.

^ абз. 63 Иса Машаяк акыркы күндөр жөнүндө мындай деген: «Башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганга чейин, [Кудайдын бийлигин билдирген] Иерусалим алардын таман астында калат» (Лука 21:24). Демек, жети мезгил Иса пайгамбар жерге келгенге чейин бүткөн эмес, ал мезгил акыркы күндөргө чейин созулмак.

^ абз. 67 «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 215—218-беттерин карагыла.

Ушул рубриканын кийинки макаласында Ыйык Китептин негизинде жети мезгилдин канча убакытка созуларын кантип аныктаса болору айтылат.