Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КАНТКЕНДЕ ЖУМУШТАН РАХАТ АЛА АЛАСЫҢАР?

Канткенде оор эмгектен рахат ала аласыңар?

Канткенде оор эмгектен рахат ала аласыңар?

«Ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек... Бул — Кудайдын белеги» (Насаатчы 3:13). Ооба, Кудай эмгектенүүдөн рахат алышыбызды каалайт. Демек, анын бизди канткенде рахат аларыбызды үйрөтөрү да бышык (Ышая 48:17). Ошондуктан ал Ыйык Китепке ушуга байланыштуу эң сонун кеңештерди жаздырып койгон. Анда ошол кеңештерге көңүл буралы.

ТУУРА КӨЗ КАРАШТА БОЛГУЛА

Акыл менен эмгектенесиңерби же кара жумушта иштейсиңерби, же жумушуңар акылды да, кара күчтү да талап кылабы, кандай болбосун, «ар бир эмгектен пайда бар» экенин унутпагыла (Накыл сөздөр 14:23). Анын пайдалары тууралуу айта турган болсок, эмгектенүүнүн аркасында эң алды өзүбүздү керектүү нерселер менен камсыз кыла алабыз. Албетте, Кудай ага чын жүрөктөн кызмат кылгандарга кам көрөт дечи, бирок ал жан багышыбыз үчүн чынчылдык менен эмгектенип, бүт күчүбүздү жумшашыбызды каалайт (Матай 6:31—33; 2 Тесалоникалыктар 3:10).

Жумушту кандайдыр бир максатка жетүүгө жардам бере турган нерсе катары карасак болот. Жумуш — өзүбүздүн милдетибизди аткаруунун татыктуу жолу. «Өзүңдү камсыз кыла алсаң, ийгиликке жеттиң дей бер. Зарыл нерселерди сатып алганга акчаң жетип жатса, демек, сен кылышың керек болгонду кылып жатасың»,— дейт 25теги Жошуа.

Мындан тышкары, оор жумуш кишинин өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатат. Анткени оор жумуш деген оор жумуш. Ошондуктан жумушубузду, кыйын же кызыксыз болгонуна карабай, багынбай аткара берсек, жумушка карата коюлган талаптарды аткарып жатканыбыздан канааттануу алабыз. Ошондой эле оңоюна качырууга болгон жакындыгыбызды жеңген болобуз (Накыл сөздөр 26:14). Мына ушундай мааниде эмгектенүү терең канааттануу тартуулайт. Мурунку макалада сөз кылынган Арон: «Кечке чейин иштеп, үйгө келгендеги сезим мага аябай жагат. Суй жыгыла чарчасам да, кылганымды эч ким байкабаса да, иш бүтүрдүм деп, өзүмө өзүм ыраазы болуп калам»,— дейт.

ИШТИ МАЙЫН ЧЫГАРА АТКАРГЫЛА

Ыйык Китепте «өз ишин мыкты билген» кишинин жана «өз колу менен жан-дилден эмгектенген» аялдын мактоого татырлык экени айтылат (Накыл сөздөр 22:29; 31:13). Албетте, адам кайсы бир ишти дароо эле мыкты аткарып кетпейт. Көбүбүз жакшы аткара албаган ишти кылгыбыз деле келбейт. Кыязы, дал ушул себептен улам көптөр жумушунан рахат ала алышпайт; андай кишилер өз ишин жакшы кылганга тийиштүү күч-аракет жумшашпайт.

Эгер адам жумушка карата туура маанай сактаса, башкача айтканда, аны жакшы аткарганды үйрөнсө, кандай жумуш болбосун, андан канааттануу ала алат. 24 жаштагы Уилиам мындай деп ой бөлүшөт: «Кайсы бир тапшырманы аткарыш үчүн колуңан келгенди кылып, натыйжасын көргөндө кадимкидей сүйүнүп каласың. Ишти чампалап эле бүтүрүп койсоң же колуңдун учу менен эле кылып койсоң, андан эч качан рахат ала албайсың».

БАШКАЛАРГА ТИЕ ТУРГАН ПАЙДАСЫН ОЙЛОГУЛА

Канча акча таап жатканыңар жөнүндө эле ойлоп калуудан качкыла. Анын ордуна: «Бул ишти эмне үчүн кылышым керек? Муну кылбай койсом же туура эмес кылып койсом эмне болот? Бул ишим башкаларга кандай пайдасын тийгизет?» — деген сыяктуу суроолор тууралуу ойлонуп көргүлө.

Өзгөчө, акыркы суроо жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз жакшы, себеби кылгандарыбыздын башкаларга тийгизген пайдасын көргөнүбүздө жумушубузду көңүлдөнүп аткарабыз. Иса пайгамбар да: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элчилер 20:35). Күжүрмөн эмгектенгенибиздин пайдасы жетекчилерибизге, кардарларыбызга эле эмес, башка адамдарга да, анын ичинде үй-бүлөбүзгө жана муктаж болгондорго да тиет.

Үй-бүлө. Үй-бүлө башчысынын үйүндөгүлөрүн багыш үчүн жан үрөп эмгектенгени, бери дегенде, эки жагынан пайдалуу. Биринчиден, ал үй-бүлөсүн тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай менен камсыз кылат. Ошентип, Кудай буйругандай, «өз үйүндөгүлөрүнө» кам көргөн болот (1 Тиметей 5:8). Экинчиден, өз үлгүсү менен мээнеткеч болуунун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Мурунку макалада айтылган Шейн: «Менин атам абдан эмгекчил. Ал өмүр бою оор эмгектенген, көбүнчө жыгач устачылык менен алектенген чынчыл адам. Мен андан башкаларга пайдасы тие турган нерселерди жасап, өз колум менен эмгектенгенди үйрөндүм»,— дейт.

Муктаж болгондор. Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларын муктаж болгондорго «бир нерсе бере алгыдай болушу үчүн», талыкпай эмгектенүүгө чакырган (Эфестиктер 4:28). Талыкпай эмгектенсеңер, өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да керектүү нерселер менен камсыз кылгандан тышкары, кыйналып жаткандарга да жардам бере аласыңар (Накыл сөздөр 3:27). Ошентип, күжүрмөн эмгектенүүнүн аркасында башкалар менен бөлүшүп, кубанычка бөлөнөсүңөр.

ТАЛАП КЫЛЫНГАНДАН ДА КӨПТҮ КЫЛГЫЛА

Иса пайгамбар бир жолу: «Бийлиги бар бирөө сени бир чакырым жол жүрүүгө мажбурласа, аны менен эки чакырым жол жүр»,— деп айткан (Матай 5:41). Канткенде бул кеңешке ылайык иш кылган болобуз? Тапшырылган ишти эптеп эле аткарып коюунун ордуна, талап кылынгандан көбүрөөк кылганга аракет кылгыла. Мисалы, канткенде жумушуңарды мурдагыдан да жакшыраак же мурдагыдан да тезирээк аткара аларыңарды ойлонуштуруп көргүлө. Майда-чүйдөсүнөн бери сапаттуу аткара билгиле.

«Эки чакырым жол жүрсөңөр», ишиңерден көбүрөөк рахат аласыңар. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени өзүңөрдүн иш-аракетиңерди өзүңөр башкарган болосуңар. Башкача айтканда, бирөө мажбурлагандыктан эмес, өзүңөр каалагандыктан көбүрөөк кылып жаткан болосуңар (Филемон 14). Буга байланыштуу Накыл сөздөр 12:24тө: «Аракетчилдердин колу башкарат, эринчээк кол болсо кулга айлантат»,— деп жазылган. Эч ким өз каалоосу менен бирөөгө кул болгусу келбей турганы айдан ачык. Бирок жумушун иши кылып эле аткарган киши айдама болгондуктан өзүн кулдай сезиши мүмкүн. Ал эми «эки чакырым жол жүргөн» киши — өзү каалап талап кылынгандан көбүрөөк кылган киши — андай сезимде болбойт. Себеби өзүнө өзү бийлик кылат.

ЖУМУШКА БАШ-ОТУҢАР МЕНЕН КИРИП КЕТПЕГИЛЕ

Күжүрмөн эмгек абдан бааланат, ошентсе да жашоодо жумуштан да маанилүүрөөк нерселер бар экенин унутпаш керек. Ыйык Китеп бизди эмгекчил болууга үндөгөнү менен, анда жумушка баш-отубуз менен кирип кетишибиз керектиги айтылбайт (Накыл сөздөр 13:4). Ыйык Китепте: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— делет (Насаатчы 4:6). Демек, жумушка баш-оту менен кирип кеткендер бүт убактысын, бүт күчүн жумушка жумшагандыктан өз эмгегинин үзүрүн көрө албайт. Андайда жумуш «шамалды кууп жетүүгө умтулганга» эле окшоп калат.

Ыйык Китептеги кеп-кеңештер жумушка карата тең салмактуу көз карашта болууга жардам берет. Анда ишти майын чыгара аткаргандардан болушубуз керектиги айтылат, ошол эле учурда «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоо» керектиги да кеңеш кылынат (Филипиликтер 1:10). Маанилүүрөөк нерселерге эмнелер кирет? Аларга үй-бүлөбүз, досторубуз менен убакыт өткөрүү, андан да маанилүүсү, Ыйык Китепти окуу жана анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүртүү кирет.

Жумушка карата тең салмактуу көз карашта болгондор ишинен көбүрөөк канааттануу алат. Макаланын башында кеп кылынган Уилиам мындай дейт: «Менин мурунку жетекчилеримдин бири жумушка карата тең салмактуу көз караштагы киши болчу. Ал күжүрмөн эмгектенчү жана жумушун сапаттуу аткаргандыктан кардарлары менен жакшы мамиледе болчу. Ал эми жумушу бүтүп, үйүнө барганда үй-бүлөсүнө көңүл бурууга да, Кудайга сыйынууга да убакыт бөлчү. Мен аны дүйнөдөгү бактылуу адамдардын бири деп эсептейм».