Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Элчи Пабылга Римдин жараны болгонунун кандай пайдасы тийген?

Цезардын сотун талап кылып жаткан элчи Пабыл

Римдин жарандары, империянын кайсы аймагында болбосун, белгилүү бир укуктарга, артыкчылыктарга ээ болушкан. Алар империяга караштуу шаарлардын эмес, империянын мыйзамдарына баш ийишкен. Эгер Римдин жаранына айып тагылса, ал жергиликтүү мыйзам боюнча соттолууга макул боло алмак же ишин кароону Рим сотуна өткөрүлүшүн талап кыла алмак. Ал эми өлүм өкүмү чыгарылса, императорго дат арыз менен кайрылууга акылуу болгон.

Мына ошондуктан б.з.ч. 1-кылымда жашаган Римдин саясий ишмери Цицерон: «Римдин жаранын байлап салуу кылмышка, уруп-сабоо жамандык кылууга, ал эми өлтүрүү өз ата-энеңди же жакын тууганыңды өлтүрүүгө тете»,— деп айткан.

Элчи Пабыл жакшы кабарды дээрлик бүт Рим империясы боюнча жарыялаган. Ал Римдин жараны катары өзүнүн укугун үч жолу пайдаланган. Биринчисинде Филипи шаарында ур-токмокко алынып, укугун бузулганын шаардын бийлик башчыларына айттырган. Экинчисинде Иерусалимде аны уруп-сабамакчы болушканда Римдин жараны экенин айткан. Үчүнчүсүндө анын иши Римдин императоруна өткөрүлүп берилишин талап кылып, анын алдына барууну каалаарын айткан (Элчилер 16:37—39; 22:25—28; 25:10—12).

Койчулар акысына эмне алышкан?

Кой-эчкилерди сатып алуу келишими. Шынаа сымал жазуу, б.з.ч. 2050-жыл

Жакып пайгамбар Лабан деген таякесинин коюн 20 жыл баккан. Ал ага анын эки кызы үчүн 14 жыл кызмат кылган, калган 6 жылдык кызматынын акысына мал алган (Башталыш 30:25—33). Бир илимий журналда: «Лабан менен Жакыптын ортосунда түзүлгөн келишим сыяктуу келишимдер байыркы учурда Ыйык Китепти жазгандарга да, аны окугандарга да жакшы тааныш болчу»,— деп жазылган («Biblical Archaeology Review»).

Азыркы Ирактагы Нузи, Ларса деген жерлерде жана башка аймактарда археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөндө табылган келишимдер байыркы учурда койчулар менен ошондой келишимдер түзүлгөнүн тастыктаган. Андай келишимдер кыркындан кыркынга чейин түзүлчү. Малдын ээси жашына, эркек-ургаачысына жараша тизмеленген малды койчуга өткөрүп берчү. Ал эми кийинки жылы андан макулдашканы боюнча жүн, сүт азыктарын, малдын төлүн жана башкасын алчу, артканы койчуга калчу.

Малдын төлү ургаачыларынын санына жараша болчу. Маселен, отордо 100 тубар кой болсо, андан жалпы жонунан 80 төл алынат деп күтүлчү. Ошондой эле койчудан жетпей калган же жоголгон малдын санын толуктап берүү талап кылынчу. Ошондуктан койчулар малды жакшы караганга аракет кылышчу.