Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Жүйүттөр Иерусалимге Элүүнчү күн майрамына чын эле «ар кайсы жерлерден келишчү беле?»

Б. З. 33-жылы Элүүнчү күн майрамына Иерусалимге келгендер

Иерусалимге б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамына абдан көп киши келгени жөнүндө Элчилер китебинин 2:5—11-аяттарында эле эмес, жүйүт тарыхчысы Филондун эмгегинде да баяндалат.

Ал тууралуу Филон: «Ар бир майрамга чыгыш менен батыштагы, түндүк менен түштүктөгү шаарлардан кургактык менен же деңиз аркылуу сансыз эл келет»,— деп жазган. Ал ошондой эле Ирод Улуунун небереси Агриппа Iнин Рим императору Калигулага жазган катынан да үзүндү келтирген. Анын катында Иерусалимге байланыштуу: «Бул ыйык шаар... көптөр ал жактан кошуна жерлерге көчүп кеткендиктен, Жүйүттүн эле эмес, башка көптөгөн өлкөлөрдүн да борбору»,— делген.

Агриппа I жүйүттөр жашаган өлкөлөрдү, анын ичинде Месопотамиядагы, Түндүк Африкадагы, Кичи Азиядагы, Грециядагы алыскы аймактарды жана Жер Ортолук деңиздеги аралдарды санап өткөн. «Ал тизмеде элдердин Иерусалимге барып турганы айтылбаса да, ошол ой көмүскөдө жатат деп айтууга болот, себеби жүйүт элиндеги чоң кишилердин баары сыйынуу үчүн ал шаарга барууга милдеттүү болушкан»,— дейт Иоахим Иеремиас деген теолог (Мыйзам 16:16).

Жүйүт майрамдарын белгилеш үчүн Иерусалимге келгендер каякка түнөшкөн?

Жуунуу каадасы кылынган жайдын урандылары

Иерусалимде жылына үч майрам: Пасах майрамы, Элүүнчү күн майрамы, Алачык майрамы белгиленчү. Ал майрамдарга 1-кылымда бүт Ысрайылдан жана башка жерлерден жүз миңдеген кишилер келишчү (Лука 2:41, 42; Элчилер 2:1, 5—11). Алардын баары түнөк жайга муктаж болгон.

Айрымдар досторунукунда, башкалары мейманканаларда же батирлерде түнөй турган. Көптөр шаардын ичине же сыртына чатыр тигип алышчу. Иса пайгамбар да Иерусалимге акыркы жолу келгенде жакыныраак жердеги Бетания айылына түнөгөн (Матай 21:17).

Ибадатканага жакын жерлерден жууна турган жерлери бар имараттардын урандылары табылган. Майрамга келгендер ошол жакта түнөп, ибадатканага кирерде жуунуп-тазаланышкан көрүнөт. Ал имараттардын биринен табылган жазууда жергиликтүү синагоганын башчысы жана дин кызматчысы Феодоттун «Тоорат... окула турган синагога, андан тышкары, алыстан келгендер түнөй турган мейманкана, бөлмөлөрдү курганы, суу киргизгени» жазылган.