Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз жана мазмуну

Кириш сөз жана мазмуну

Иса пайгамбар дээрлик бүтүндөй дүйнөгө белгилүү болгон накыл кептерин Капернаум шаарынын жанындагы тоонун этегинде айткан. Капернаум Галилея деңизинин жээгинен орун алган. Пайгамбардын ошондо айткан насааты бүгүнкү күндө «Тоодо айткан насааты» деп белгилүү. Ал сөздөр Ыйык Китептин Матай деген китебинин 5—7-бөлүмдөрүндө жазылган. Бул китепчедеги Иса пайгамбардын акылман сөздөрү силерге көп жагынан пайдасын тийгизет.

  • 5-БӨЛҮМ

    • Тоонун этегинде насаатын айта баштайт (1, 2)

    • Бакыттын 9 ачкычы (3—12)

    • Туз жана жарык (13—16)

    • Иса пайгамбар Мыйзамды аткарыш үчүн келген (17—20)

    • Ачууга алдырууга (21—26), ойноштукка (27—30), ажырашууга (31, 32), ант берүүгө (33—37), өч алууга (38—42), душманды сүйүүгө (43—48) байланыштуу берген кеңештери

  • 6-БӨЛҮМ

    • Жакшылыкты жар салбай кылуу (1—4)

    • Кудайдан кантип тилениш керек? (5—15)

      • Тиленүүнүн үлгүсү (9—13)

    • Орозо кармоо (16—18)

    • Жердеги жана асмандагы байлык (19—24)

    • Тынчсызданбоо (25—34)

      • Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коюу (33)

  • 7-БӨЛҮМ

    • Башкаларды айыптабоо (1—6)

    • Сураганыбызды, издегенибизди, тыкылдатканыбызды токтотпоо (7—11)

    • Алтын эреже (12)

    • Тар дарбаза (13, 14)

    • Адамдын кандай экени ишинен көрүнөт (15—23)

    • Аска таштын жана кумдун үстүнө курулган үйлөр (24—27)

    • Эл Иса пайгамбардын айткан насаатына абдан таң калат (28, 29)