Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-ЫР

Жахаба тарапты ээлейли!

Жахаба тарапты ээлейли!

(Чыгуу 32:26)

  1. 1. Ичкенбиз жалган дин чөйчөгүнөн,

    Күндөр болгон жүрөктү өйүгөн.

    Көңүл толду жыргалга көксөгөн

    Жакшы кабарды угуп.

    КАЙЫРМА

    Тур Кудай тарапта, ал шаттандырат.

    Жүрсөң жарыгында, ал эч калтырбайт.

    Бейкуттук, эркиндик кабарын жарла.

    Түбөлүк башкарат Падыша Иса.

  2. 2. Чындыкты бардык жерлерде жарлап,

    Кылабыз кубаныч менен кызмат.

    Кудайдын тарабын биз ээлейли,

    Убакыт келип жетти.

    КАЙЫРМА

    Тур Кудай тарапта, ал шаттандырат.

    Жүрсөң жарыгында, ал эч калтырбайт.

    Бейкуттук, эркиндик кабарын жарла.

    Түбөлүк башкарат Падыша Иса.

  3. 3. Бузуку Шайтандан эч чочуба,

    Ишен, жетектейт өзү Жахаба.

    Биз аз болуп, душман көп болсо да,

    Теңир бизге берет күч.

    КАЙЫРМА

    Тур Кудай тарапта, ал шаттандырат.

    Жүрсөң жарыгында, ал эч калтырбайт.

    Бейкуттук, эркиндик кабарын жарла.

    Түбөлүк башкарат Падыша Иса.