68-ЫР
Падышалыктын үрөнүн себели
-
1. Кылалы ишин Мырзабыздын,
Үнүнө кулак салалы.
Ал бизге жетекчилик берет,
Айткандарын аткаралы.
Чындыктын үрөнүн көп себели
Жүрөгүнө момундардын.
Кабарды талыкпай айта берели,
Кылып колдон келгендин баарын.
-
2. Кызматтын болору жемиштүү
Өзүбүздөн көз каранды.
Көрсөтсөк чыдамдуулук, сүйүү,
Адамдар баалайт чындыкты.
Туруштук берүүгө үйрөтөлү,
Туш болушат каршылыкка.
Өсүп чыкканда чындыктын үрөнү
Бөлөнөбүз зор кубанычка.
(Кара: Мт. 13:19—23; 22:37.)