Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

87-ЫР

Келип, жаныңды сергит

Келип, жаныңды сергит

(Еврейлер 10:24, 25)

  1. 1. Дүйнө Кудай жолун четке кагууда,

    Барган сайын бузулууда.

    Чындык жолунда бекем болуш үчүн

    Таяналы Жахабага.

    Жыйналыштар сергитет, үмүт берет,

    Ишенимибизди чыңдайт.

    Алар бизди жакшы иштерге үндөйт,

    Күч берип, кайраттандырат.

    Кудайдын буйруктарына баш ийип,

    Анын эркин аткаралы.

    Жыйналыштар үйрөтөт туура жолго,

    Баалап-барктоого чындыкты.

  2. 2. Жахаба муктаждыгыбызды билет.

    Туура анын кеңештери.

    Жыйналыштарга дайым барып турсак,

    Далилдейбиз ишенимди.

    Аксакалдар үйрөтөт баарыбызды

    Адилдиктин иштерине.

    Биз бир туугандардын курчоосундабыз,

    Алар жөлөк болот бизге.

    Кудайдын улуу күнүн эсте сактап,

    Жыйналышты калтырбайлы.

    Жыйналыштарыбыз акылмандыкка

    Үйрөтөт бардыгыбызды.