Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайрат берчи

Кайрат берчи

(2 Падышалар 6:16)

Жүктөп алуу

  1. 1. Шектенем, коркомун,

    Көрбөймүн алдыны.

    Бүдөмүктө жетелейсиң,

    Коргойсуң жанымды.

    Оор биздин жашообуз,

    Бирок билем муну:

    Берилгендикти сактайсың,

    Колдойсуң кулуңду.

    КАЙЫРМА

    Жахаба, ачылсын көзүм,

    Көрсүнчү көкүрөк.

    Биз тараптагылар абдан көп,

    Болоюн эр жүрөк.

    Кайрат, берчи кайрат,

    Чыдайын баарына.

    Жахаба, берчи кайрат,

    Жеңиш сен тарапта.

  2. 2. Пендемин, коркомун.

    Алсызмын мен сенсиз.

    Баш маанамсың, аска-зоомсуң,

    Кудуретиң чексиз.

    Кудайым, бере көр

    Кайрат бөксөрбөгөн.

    Коркпойм жүрөк үшүн алган

    Түрмөдөн, өлүмдөн.

    КАЙЫРМА

    Жахаба, ачылсын көзүм,

    Көрсүнчү көкүрөк.

    Биз тараптагылар абдан көп,

    Болоюн эр жүрөк.

    Кайрат, берчи кайрат,

    Чыдайын баарына.

    Жахаба, берчи кайрат,

    Жеңиш сен тарапта.

    КАЙЫРМА

    Жахаба, ачылсын көзүм,

    Көрсүнчү көкүрөк.

    Биз тараптагылар абдан көп,

    Болоюн эр жүрөк.

    Кайрат, берчи кайрат,

    Чыдайын баарына.

    Жахаба, берчи кайрат,

    Жеңиш сен тарапта.

    Жахаба, берчи кайрат,

    Жеңиш сен тарапта.