Башталыш 2:1—25

2  Асман менен жер жана алардагынын бардыгы* ушундайча жаратылып бүттү+.  Жетинчи күнгө оогондо Кудай өзүнүн ишин бүтүрдү. Жасап жаткан иштеринин бардыгын бүтүрүп, жетинчи күндөн тартып эс ала баштады+.  Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени ошол күнү ал ниет кылган иштеринин баарын бүтүрүп, эс ала баштады+.  Бул — асман менен жер жаратылган убакта, Жахаба* Кудай+ асман менен жерди жараткан күнү, алардын кантип пайда болгону жөнүндөгү билдирүү.  Ал кезде жер бетинде бир да бадал, бир да өсүмдүк жок болчу, анткени Жахаба Кудай жерге жамгыр жаадыра элек эле+, ошондой эле жерди иштеткенге адам да жок болчу.  Жерден туман көтөрүлүп+, жер бетин сугарып турчу+.  Анан Жахаба Кудай топурактан адам жаратып+, таноосуна өмүр демин үйлөдү+, ошондо ал тирүү жан болуп калды+.  Жахаба Кудай чыгышка, Эйденге+, бак отургузуп, өзү жараткан+ адамды ошол жерге жайгаштырды.  Жахаба Кудай жерден мөмөсүн жегенге боло турган, көрүнүшү жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү, ошондой эле бактын ортосуна өмүр дарагын+ жана жакшы менен жаманды таанытып билдире турган даракты+ өстүрдү. 10  Эйденде бакты сугара турган дарыя агып турчу, ал төрт дарыяга бөлүнчү. 11  Биринчисинин аты — Пишон. Ал бүт Хабила+ жерин айланып агат. Ал жерде алтын бар. 12  Ал жактын алтыны таза+. Ошондой эле ал жерде жыпар жыттуу чайыр+ менен оникс ташы+ да бар. 13  Экинчи дарыянын аты — Гихон. Ал бүт Куш* жерин айланып агат. 14  Үчүнчү дарыянын аты — Хидекел*+. Ал Ашурдан*+ чыгышты көздөй агат. Төртүнчү дарыянын аты — Эфрат+. 15  Жахаба Кудай адамды Эйден багына+ аны иштетсин, карасын деп жайгаштырды+. 16  Анан Жахаба Кудай адамга мындай деп буйрук берди: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот+. 17  Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»+. 18  Анан Жахаба Кудай: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»+,— деди. 19  Жахаба Кудай топурактан ар кандай жапайы жаныбарларды, асманда учкан канаттууларды жаратып, аларды эмне деп атай турганын көрүш үчүн адамга алып келе баштады. Адам ар бир тирүү жанды+ эмне деп атаса, ал ошентип аталып калды+. 20  Адам бардык үй айбанаттарына, асманда учкан канаттууларга жана жапайы жаныбарлардын баарына ат койду, бирок ага өзүн толуктап тура турган жардамчы табылган жок. 21  Ошондо Жахаба Кудай адамды катуу уктатып койду да+, ал уктап жатканда, бир кабыргасын алып, ал жерин кайра бүтөп койду. 22  Анан Жахаба Кудай адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди+. 23  Ошондо адам: «Мына, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, Денемден алынган дене+. Бул аял деп аталат, Анткени эркектен* алынды»+,— деди. 24  Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып+, аялы менен биригет* да, экөө бир дене болот+. 25  Ал экөө тең: эркек да, аялы да жылаңач эле+, бирок уялышкан эмес+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «алардын бардык аскери».
Кудайдын ысмынын (еврейче ЙХВХ же ЖХВХ) биринчи жолу кезигиши. Анын ысмы «болтурат» дегенди билдирип, Жахабанын өз ой-ниеттерин дайыма аткарган Кудай экенин көрсөтөт. Бул ысымды алып жүрүүгө чыныгы Кудай гана укуктуу жана татыктуу. Кара: 2-тирк.
Эфиопия.
Ассириядан.
Тигр дарыясынын еврейче аталышы.
«Эркек» жана «аял» деп которулган еврей сөздөрү айтылышы боюнча окшошуп кетет. «Эркек» еврейче иш; «аял» еврейче ишша.
Бул жерде колдонулган еврей сөзү «желим менен чаптагандай жабышып калуу, бекем биригип калуу» деген маанини туюнтат.