Жакан 10:1—42
10 «Силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен эмес+, башка жагынан кирсе, ал — ууру, каракчы+.
2 Ал эми ким эшиктен кирсе+, ал — койчу+.
3 Кароолчу+ ага эшикти ачып берет. Койлор+ анын үнүнө кулак салат. Ал болсо койлорун атынан чакырып, тышка чыгарат.
4 Койлорунун баарын чыгаргандан кийин алардын алдына түшүп басат, койлору болсо анын артынан ээрчишет+, анткени анын үнүн таанышат+.
5 Алар чоочун бирөөнү эч качан ээрчибейт, тескерисинче, андан качышат+, анткени чоочундардын үнүн таанышпайт»+.
6 Иса чогулгандарга ушундай мисал айтып берди. Бирок алар айтылгандардын маанисин түшүнүшкөн жок+.
7 Ошондуктан Иса кайрадан мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, мен койлор кире турган эшикмин+.
8 Менин атымды жамынып келгендердин баары — ууру жана каракчы+. Койлор алардын үнүнө кулак салган эмес+.
9 Мен эшикмин+. Ким мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Ал ичкери кирет, тышка чыгат, жайыт табат+.
10 Ууру+ койлорду уурдаганы, өлтүргөнү, жок кылганы гана келет+. Мен болсо алар өмүргө, болгондо да чексиз өмүргө ээ болушу үчүн келдим.
11 Мен жакшы* койчумун+. Жакшы койчу койлору үчүн жанын берет+.
12 Ал эми жалданган киши+ койчу эмес, койлор да ага таандык эмес. Ошондуктан карышкырдын келатканын көргөндө ал койлорду таштап, качып кетет. Карышкыр койго тийип, аларды туш тарапка чачыратат+.
13 Жалчы жалданып иштегендиктен+ жана койлорго кайдыгер карагандыктан ошентет+.
14 Мен жакшы койчумун. Атам мени, мен Атамды билгендей эле+,
15 мен койлорумду билем+, алар да мени билет+. Мен койлорум үчүн жанымды берем+.
16 Менин бул короодон болбогон+ башка койлорум да бар+. Мен аларды да алып келишим керек. Алар менин үнүмө кулак салат+. Ошондо бир отор, бир койчу болот+.
17 Атам мени жакшы көрөт+, себеби мен өз жанымды берип жатам+. Мен аны кайра алыш үчүн берем.
18 Жанымды менден эч ким тартып албайт, мен аны өз эрким менен берем. Жанымды берүүгө да, кайра алууга да бийлигим бар+. Муну мага Атам осуят кылган»+.
19 Ушул сөздөрдөн улам жүйүттөрдүн ортосунда кайрадан пикир келишпестик пайда болду+.
20 Көптөрү: «Мунун ичинде жин бар+, акыл-эси жайында эмес. Муну эмнеге угуп турасыңар?» — дешсе,
21 башкалары: «Ичинде жини бар киши минтип сүйлөбөйт. Анын үстүнө, жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» — деп жатышты.
22 Ошол убакта Иерусалимде арноо майрамы* өтүп жаткан. Кыш мезгили эле.
23 Иса ибадатканада Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жайда+ басып жүргөндө,
24 жүйүттөр аны тегеректеп алып: «Качанга чейин жаныбызды кыйнап, күттүрүп жүрө бересиң? Машаяк болсоң+, ачыгын айтпайсыңбы»,— дешти+.
25 Иса мындай деп жооп берди: «Мен силерге айткам, бирок силер ишенбей жатасыңар. Атамдын атынан кылып жаткан иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатат+.
26 Ошентсе да силер ишенбей жатасыңар, анткени менин койлорум эмессиңер+.
27 Менин койлорум+ үнүмө кулак салат. Мен аларды билем, алар мени ээрчийт+.
28 Мен аларга түбөлүк өмүр берем+. Алар эч качан өлбөйт+ жана аларды менин колумдан эч ким тартып ала албайт+.
29 Атамдын+ мага берген койлору баарынан баалуу+. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт+.
30 Атам экөөбүз бирбиз*»+.
31 Жүйүттөр кайрадан таш алып, Исаны урмакчы болушканда+,
32 ал: «Силердин көз алдыңарда мен Атамдын эрки менен көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн мени таш бараңга алганы жатасыңар?» — деди.
33 Жүйүттөр ага: «Биз сени жакшы ишиң үчүн эмес, Кудайга акарат кылганың үчүн+ таш бараңга алганы жатабыз. Сен адам болуп туруп, өзүңдү кудай кылып жатпайсыңбы»+,— деп жооп беришти.
34 Иса аларга мындай деди: «Өзүңөрдүн Мыйзамыңарда+: „Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”+,— дегем“,— деп жазылган эмеспи?
35 Кудай өзүнүн сөзү кимдерге карата айтылса, ошолорду „кудайлар“ деп атаган+, Ыйык Жазмада айтылгандарды болсо эч бир адам жокко чыгара албайт+.
36 Анда эмнеге силер: „Кудайдын Уулумун“,— дегеним үчүн мага, Атам ыйыктап, дүйнөгө жибергенге: „Кудайга акарат кылып жатасың“,— дейсиңер?+
37 Эгер Атамдын иштерин аткарбай жатсам+, анда мага ишенбей эле койгула.
38 Ал эми аткарып жатсам, мага ишенбесеңер да, кылган иштеримди көрүп ишенгиле+. Ошондо Атам мени менен, мен Атам менен биримдикте экенимди түшүнүп, биле бересиңер»+.
39 Муну укканда алар Исаны кармаганга кайрадан аракет кылышты+, бирок ал карматкан жок+.
40 Андан кийин Иса кайрадан Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө — Жакан башында элди чөмүлдүргөн жерге — барды да+, ошол жакта калды.
41 Ага көп киши келди. Алар: «Жакан эч кандай керемет көрсөтпөсө да, бул киши жөнүндө айткандарынын баары чындык экен»,— деп жатышты+.
42 Ошентип, Исага көптөр ишенип калды+.
Шилтемелер
^ Же: «мыкты, эң сонун».
^ Жүйүттөрдүн Сирия-Грек бийлигинен эркиндикке чыкканын жана б. з. ч. 165-жылы Иерусалимдеги ибадаткананын Жахабага кайрадан арналганын эске салган майрам.
^ Же: «биримдиктебиз».