Забур 149:1—9

149  Жахты даңктагыла!+ Жахабага жаңы ыр ырдагыла+,Аны ишенимдүү кызматчыларынын жыйналышында даңктап ырдагыла+.   Ысрайыл Улуу Жаратканынын иштерине сүйүнсүн+,Сион уулдары өз Падышасынын иштерине кубансын+.   Анын ысмын бий менен даңкташсын+,Ага дап кагып, арфа чертип ырдашсын+.   Анткени Жахаба өз элин жакшы көрөт+,Мүнөзү жумшактарга куткарууну жасалга кылат+.   Ишенимдүүлөр даңкталып кубанышсын,Төшөктөрүндө шаттанып ырдашсын+,   Таңдайларынан Кудайды даңктаган ырлар чыксын+,Колдорунда кош миздүү кылыч болсун+,   Элдерден өч алышсын+,Улуттарды жазалашсын+,   Алардын падышаларын кишендешсин+,Даңктууларын чынжырлашсын,   Алар жазылган өкүм боюнча тиешесин алсын+.Бул даңк анын бардык ишенимдүү кызматчыларына таандык+.Жахты даңктагыла!+

Шилтемелер