Лука 6:1—49
6 Ишемби* күндөрдүн биринде Иса эгин талааларын аралап баратты. Жанындагы шакирттери буудайдын башын үзүп+, колдору менен ушалап, жеп бара жатышты+.
2 Ошондо фарисейлердин айрымдары: «Эмне үчүн силер ишембиде+ кылганга болбой турган ишти кылып жатасыңар?» — дешти+.
3 Иса аларга: «Өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо+, Дөөтүнүн эмне кылганын эч качан окуган эмес белеңер?+
4 Анын Кудайдын үйүнө кирип, ал жердеги тартуу катары алынып келген+, дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек болгон нандардан жегенин, жанындагыларга да бергенин билбейсиңерби?» — деди+.
5 Анан: «Адам Уулу — ишембинин Мырзасы»,— деп кошумчалады+.
6 Ишемби күндөрдүн дагы биринде Иса синагогага кирип+, элди окута баштады. Ал жерде оң колу сенек бир киши бар эле+.
7 Китепчилер менен фарисейлер Исаны айыпка жыгуунун жолун издеп+, ишемби күнү айыктырар бекен деп, тигиле карап турушту+.
8 Алардын оюн билип турса да+, Иса колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— деди. Ал туруп, ортого чыкты+.
9 Анан Иса тигилерге: «Силерге бир суроо берейин: Мыйзам боюнча, ишемби күнү жакшылык кылыш керекпи+ же жамандык кылыш керекпи? Жанды куткарыш керекпи же өлтүрүш керекпи?» — деди да+,
10 баарын тегерете карап чыккандан кийин тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деп айтты. Ал сунганда, колу айыгып калды+.
11 Ошондо тигилердин каары кайнап, Исаны эмне кылсак деп, өз ара сүйлөшө башташты+.
12 Ошол күндөрү Иса тилениш үчүн тоого барып+, Кудайдан түнү бою тиленип чыкты+.
13 Ал эми таң атканда, шакирттерин жанына чакырып, он экисин тандады да, аларды элчилер деп атады+.
14 Алар: Симон (Иса аны Петир деп да койчу)+, анын бир тууганы Андрес, Жакып, Жакан+, Филип+, Барталамей,
15 Матай, Томас+, Алпейдин уулу Жакып, ынталуу дешкен Симон+,
16 Жакыптын уулу Жүйүт, кийинчерээк Исага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот+.
17 Иса алар менен тоодон түшүп, жайык жерге келди. Ал жерде анын көп шакирттери жана бүт Жүйүт аймагынан, Иерусалимден, деңиз боюндагы Тир менен Сидон аймактарынан келген калың эл бар эле+. Алар Исанын сөздөрүн угуш үчүн жана ооруларынан айыгыш үчүн келишкен болчу+.
18 Атүгүл жиндердин айынан азап чегип жүргөндөр да айыгып жатты.
19 Исадан чыккан күчтүн+ таасири менен баары айыгып жаткандыктан, бардыгы ага колун тийгизүүгө умтулуп жатышты+.
20 Андан кийин Иса шакирттерин карап, мындай деди+:
«Жакырлар, силер бактылуусуңар+, анткени Кудайдын Падышалыгы силерге таандык.
21 Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар+, анткени тоёсуңар+.
Азыр ыйлап жаткандар, силер бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр+.
22 Башкалар силерди адам Уулу үчүн жек көрүшсө+, куушса, кордошсо, жаманатты кылышса+, бактылуусуңар.
23 Ал күнү кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Алардын ата-бабалары да пайгамбарларга ушундай мамиле кылышчу+.
24 Ал эми, байлар, силердин башыңарга каран түн түшөт+, анткени алчу нерселериңерди толугу менен алдыңар+.
25 Азыр ток жүргөндөр, башыңарга каран түн түшөт, анткени ачка болосуңар+.
Азыр күлүп жаткандар, башыңарга каран түн түшөт, анткени боздоп ыйлайсыңар+.
26 Элдин баары силер жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышса, силерге кайгы. Анткени алардын ата-бабалары да жалган пайгамбарларга ошондой мамиле кылышчу+.
27 Мени угуп тургандар, силерге айтарым: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү+, силерди жек көргөндөргө жакшылык кылганыңарды+,
28 силерди каргагандарды алкаганыңарды, кордогондор үчүн тиленгениңерди токтотпогула+.
29 Бир жаагыңа чапканга экинчи жаагыңды тосуп бер+. Сырт кийимиңди тартып алганга ички кийимиңди да бер+.
30 Бирөө сенден бир нерсе сураса, бер+; берген нерсеңди кайра сураба.
31 Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла+.
32 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, эмнеңер мактоого татыктуу?+ Күнөөкөрлөр деле өздөрүн жакшы көргөндөрдү жакшы көрүшөт эмеспи.
33 Силерге жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, эмнеңер мактоого татыктуу? Күнөөкөрлөр деле ошентишет эмеспи+.
34 Ошондой эле кайтарып бере ала тургандарга гана карыз берсеңер+, эмнеңер мактоого татыктуу? Канча берсе, кайра ошончо алыш үчүн, күнөөкөрлөр деле бири-бирине карыз беришет эмеспи+.
35 Силер болсо душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү, жакшылык кылганыңарды токтотпогула, эч нерсе күтпөй карыз бергиле+. Ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Эң Жогорку Кудайдын уулдары болосуңар+, анткени ал жакшылыкты билбегендер менен жамандарга да жакшылык кылат+.
36 Асмандагы Атаңар кандай кайрымдуу болсо, силер да ошондой кайрымдуу болгула+.
37 Мындан ары эч кимди айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар+; эч кимди күнөөлөбөгүлө, ошондо силерге да күнөө коюлбайт. Башкалардын каталарын кечиргиле, ошондо силердин да каталарыңар кечирилет+.
38 Бергиле, ошондо силерге да берилет+: жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет. Анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет»+.
39 Анан Иса дагы мындай мисалдарды келтирди: «Сокур сокурду жетелеп жүрө алабы? Экөө тең аңга түшүп кетпейби?!+
40 Шакирт устатынан жогору болбойт. Мыкты үйрөтүлгөн ар бир шакирт устатындай болот+.
41 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?+
42 Өз көзүңдөгү дөңгөчкө көңүл бурбай, бир тууганыңа: „Бир тууганым, кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп кантип айтасың?+ Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта+, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салыш керектигин көрөсүң+.
43 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, жаман дарак жакшы жемиш бербейт+.
44 Ар бир дарак жемишинен билинет+. Мисалы, адамдар тикенектен анжир, тикенектүү бадалдан жүзүм тербейт+.
45 Жакшы киши жүрөгүндөгү жакшы казынасынан жакшы нерселерди алып чыгат+, ал эми жаман киши жаман казынасынан жаман нерселерди алып чыгат. Анткени адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт+.
46 Эмне үчүн мени „Мырзам! Мырзам!“ деп чакырасыңар да, айткандарымды аткарбайсыңар?+
47 Мага келип, сөздөрүмдү уккан жана аларды аткарган ар бир адам кимге окшош экенин силерге айтайын+:
48 ал жерди терең казып, пайдубалын аска таштын үстүнө тургузуп, үй курган кишиге окшош. Сел жүрүп+, дарыя ташкындап, үйдү каптаганда, үй эч нерсе болгон жок, анткени жакшы курулган болчу+.
49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар+ пайдубал тургузбай эле үй курган кишиге окшош. Дарыя ташкындап, үйдү каптаганда, ал ошол замат урап+, чоң кыйроого учурады»+.