Римдиктер 12:1—21
12 Ошондуктан, бир туугандар, Кудайдын боорукердигинин негизинде силерден өтүнөм: денеңерди+ тирүү+, ыйык+, Кудайга жагарлык+ курмандыкка бергиле+. Ошентип, ыйык кызматыңарды+ акыл жөндөмүңөрдү+ колдонуп аткаргыла.
2 Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле+. Тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин+ таанып-билишиңер үчүн+, акылыңарды жаңыртып+, өзгөргүлө.
3 Өзүмө көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула+. Анын ордуна, акыл-эстүүлүктү сактап+, ар бириңер Кудайдан алган ишенимиңерге+ жараша+ өзүңөр жөнүндө туура ойдо болгула.
4 Анткени, денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен+, баары бирдей кызмат аткарбагандай эле,
5 биз да, көп болгонубузга карабай, Машаяк менен биримдикте бир денени түзөбүз+, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге таандык мүчөлөрбүз+.
6 Өзүбүзгө көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде+ ар кандай жөндөмдүүлүктөргө ээбиз+, ошондуктан пайгамбарлык кылуу жөндөмүнө ээ болсок, өзүбүзгө берилген ишенимге жараша пайгамбарлык кылалы;
7 кызмат кылуу жөндөмүнө ээ болсок, кызмат кылалы+; ким окутуу жөндөмүнө ээ болсо+, окутсун+;
8 ким насаат айтуу жөндөмүнө ээ болсо, насаат айтсын+; ким таратуу жөндөмүнө ээ болсо, берешендик менен таратсын+; ким башкаруу жөндөмүнө ээ болсо, талыкпай башкарсын+; ким кайрымдуулук кылуу жөндөмүнө ээ болсо, кубаныч менен кайрымдуулук кылсын+.
9 Бири-бириңерди эки жүздүүлөнбөй+ сүйгүлө+. Жамандыктан жийиркенип+, жакшылыкка умтулгула+.
10 Бир туугандык сүйүүңөрдү+ назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө+ демилгени колго алгыла.
11 Ынталуу болгула, жалкоо болбогула*+. Ыйык рух менен жалындагыла+. Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла+.
12 Үмүт менен кубангыла+. Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула+. Тиленгениңерди токтотпогула+.
13 Өзүңөрдөгүнү муктаж болгон ыйыктар менен бөлүшкүлө+. Дайыма меймандос болгула+.
14 Силерди куугунтуктагандарга батаңарды бергиле+. Каргабагыла+, батаңарды бергиле+.
15 Кубангандар менен кубангыла+, ыйлагандар менен ыйлагыла.
16 Өзүңөр жөнүндө кандай ойдо болсоңор, башкалар жөнүндө да ошондой ойдо болгула+. Өзүңөр жөнүндө жогору ойдо болбогула+, тескерисинче, өзүңөрдү төмөн койгула+. Акылдуусунбагыла+.
17 Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле+. Баарынын алдында жакшылык кылууга умтулгула.
18 Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула+.
19 Сүйүктүү бир туугандар, эч кимден өч албагыла+, Кудайдын каарына орун бергиле+. Анткени Ыйык Жазмада: «„Өч меники, тиешесин мен берем“,— дейт Жахаба»,— деп жазылган+.
20 «Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр+. Анткени ошентүү менен анын башына чок үйөсүң»*+.
21 Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең+.
Шилтемелер
^ Же: «ишиңерди кечеңдетпегиле».
^ Б. а. адамдын жүрөгүн жибитип, каарын кайт кылыш үчүн ошентмек.