2 Тиметей 1:1—18
1 Машаяк Иса аркылуу берилүүчү+ өмүр жөнүндөгү убадага ылайык+, Кудайдын эрки менен+ Машаяк Исанын элчиси болгон Пабылдан
2 сүйүктүү уулум Тиметейге+:
Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Машаяк Исанын ырайымы, кайрымдуулугу, тынчтыгы сени менен болсун+.
3 Ата-бабаларыма окшоп+, мен таза абийир менен+ ыйык кызмат кылып жаткан Кудайыма+ ыраазымын. Кудайга күнү-түнү жалынган сайын+ сен жөнүндө да тиленем.
4 Көз жашыңды эстегенде сени көрүүгө зар болом+. Көрсөм, кубанып калар элем.
5 Эки жүздүүлүгү жок+ ишенимиңди эстейм+. Андай ишеним адегенде таенең Лоис менен апаң Эйникеде бар эле, сенде да бар экенине шектенбейм.
6 Ошондуктан үстүңө колумду койгонумда*+ Кудайдан алган белегиңди+ оттой+ жалындатып турушуң керектигин эсиңе салам.
7 Анткени Кудай бизге коркоктуктун эмес+, күчтүн+, сүйүүнүн жана акыл-эстүүлүктүн рухун берген+.
8 Андыктан Мырзабыз тууралуу күбөлөндүрүүдөн да, ал үчүн түрмөдө отурганымдан+ да уялба+. Тескерисинче, Кудайдын күчүнө таянып+, жакшы кабар үчүн башыңа түшкөн кыйынчылыктарды көтөр+.
9 Ал бизди куткарып+, ыйык болууга чакырды+, иштерибиздин негизинде эмес+, өзүнүн эркине ылайык жана бизге кылымдар мурун+ Машаяк Иса аркылуу көрсөтүлгөн ырайымынын негизинде чакырды.
10 Азыр ал ырайым Куткаруучубуз Машаяк Исанын ачык көрүнүшү+ аркылуу айкын болду. Ал өлүмдү жоюп+, өмүр+ менен чирибестикке+ кантип жетсе болорун жакшы кабар аркылуу+ ачып берди+.
11 Мен ал кабардын кабарчысы, элчиси жана окутуучусу болуп дайындалгам+.
12 Ошол себептен ушундай азаптарды тартып жатам+, бирок мындан уялбайм+. Анткени кимге ишенгенимди билем жана ага ишенип тапшырганымдын баарын ал сот күнүнө чейин+ сактай алат+ деп толук ишенем.
13 Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан+ ишенимге, сүйүүгө ээ болуп, менден уккан туура сөздөрдүн+ үлгүсүнө мындан ары да карман.
14 Өзүңө тапшырылган кенчти+ өзүбүздөгү ыйык рухтун жардамы менен сакта+.
15 Азиядагылардын*+ баары мени таштап кетишкенин билесиң+. Алардын арасында Пигел менен Эрмоген да бар.
16 Теңир Онисипордун үйүндөгүлөрүнө+ кайрымдуулук кылсын, анткени ал мени көп жолу сергитти+, чынжырланып отурганымдан+ уялган жок.
17 Тескерисинче, Римге келгенинде мени издеп тапты+.
18 Сот күнүндө+ Жахаба Теңир ага кайрымдуулук кылсын+. Анын Эфесте жүргөндө канча жардам бергенин сен жакшы билесиң.