Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Шайтандын дүйнөсү жок кылынганда куткарыларыбызга шектенбегиле

Шайтандын дүйнөсү жок кылынганда куткарыларыбызга шектенбегиле

Жакында Жахабанын чыдамдуулугу жетер чегине жетип, Шайтандын дүйнөсүн жок кылат. Жалган диндер жабылат, улуттардын бирикмеси Кудайдын элине чабуул коёт, андан соң Жахаба Армагедон согушунда ыймансыздардын таш талканын чыгарат. Баарыбыз тең ушул тарыхый окуяларды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Албетте, биз улуу алааматтын кандай болорун майда-чүйдөсүнө чейин билбейбиз. Алсак, биз үчүн анын качан башталары, саясий күчтөрдүн жалган динге кол салышына эмнелер түрткү берери, улуттар бирикмесинин Кудайдын элине кол салуусу канча убакытка созулары же анын кандай болору биз үчүн бүдөмүк. Ошондой эле Жахабанын Армагедондо ыймансыз адамдарды кантип жок кыларын да так билбейбиз.

Анткен менен Жахаба Ыйык Жазмага келечектеги окуялардан коркпошубуз, кайраттуу болушубуз үчүн зарыл маалыматтын баарын жаздырып койгон. Мисалы, биз «акыркы күндөрдүн» акырында жашап жатканыбызды билебиз (2Тм 3:1). Чыныгы дин жок болуп кетпеши үчүн, жалган диндер жок кылына турган убакыт «кыскартыларын» билебиз (Мт 24:22). Андан тышкары, Жахаба өз элин куткарарынан шектенбейбиз (2Пт 2:9). Ошондой эле Жахабанын азыркы ыймансыз дүйнөнү соттош үчүн жана Армагедондо эбегейсиз көп адамдарды аман алып калыш үчүн дайындаган Өкүмдарынын адил жана күчтүү экенин билебиз (Аян 19:11, 15, 16).

Ооба, келечекте боло турган окуялардан улам адамдар «коркконунан эсинен танышат». Бирок Жахабанын байыркы учурда элин кантип куткарганы жөнүндө жана анын келечекте эмнелер болорун ачып бергени жөнүндө окуп, ой жүгүртсөк, боюбузду түзөп, башыбызды көтөрөбүз. Анткени «куткарылуу[бузга] аз калганына» шектенбейбиз (Лк 21:26, 28).