Мазмунун көрсөтүү

Амазонка нымдуу токоюндагы жаңы жыйындар залы

Амазонка нымдуу токоюндагы жаңы жыйындар залы

Амазонка нымдуу токоюнун так чордонунда Жахабанын Күбөлөрүнүн заңкайган жыйындар залы турат. Бразилиянын Манаус шаарынын түндүгүндө жайгашкан жана 52 гектар жерди ээлеген ал имарат кооз токой менен курчалган. Купуасу дарагынын, бразилия жаңгагынын жана ангелим педра дарагынын башында түркүн түстүү ара тотугушу, тукан тоңкулдагы жана башка ар кыл чымчыктар үн салып, айлананы жандандырып турат. Мындай жерге жыйындар залы эмне үчүн курулган?

Амазонка дарыясынын океанга куйган жеринен 1 450 километр алыстыкта орун алган Манаус шаарындагы калктын саны дээрлик 2 миллионго жетет. Жаңы жыйындар залына Манаустан жана Амазонкага караштуу ээликтерден келген 7 000дей Жахабанын Күбөсү чогулат. Манаустан батышка карай 800 километрге созулуп жаткан Сан-Габриел-да-Кашуэйра — эң эле алыс жайгашкан шаарлардын бири. Жыйындар залында өткөрүлгөн райондук же региондук жыйындарга келиш үчүн айрым бир туугандарыбыз кеме менен 3 күн жол жүрүшөт.

Амазонка аймагында жыйындар залын куруу оңойго турган жок. Сантус портунан (Сан-Паулу) 13төй контейнерге жүктөлгөн курулуш материалдарын курулуш жүрүп жаткан жерге жеткириш үчүн Бразилиянын жээги менен жүрүп отуруп, андан соң Амазонка дарыясынан алып өтүүгө туура келген.

Жаңы курулган жыйындар залы, эсеби боюнча, Бразилиядагы жыйындар залынын жыйырма жетинчиси. 2014-жылдын 4-майында, жекшемби күнү өткөрүлгөн арноо аземине 1 956 киши катышты. Көбү жыйындар залында өткөн жолугушууда биринчи жолу отургандыктан, кубанычы койнуна батпай турду.

Залдагылар баяндамачыны угуп эле койбостон, көрө да алышты. Мурда коомдук жайларда өткөрүлгөн жыйындарда бир туугандар баяндамачыны тургай, сахнаны да көрө алышчу эмес. Бир Жахабанын Күбөсү: «Мен жыйындарга көп жылдан бери келем, бирок Ыйык Китепке негизделген драманы бир да жолу көргөн эмесмин, үнүн эле укчумун»,— деген. Азыр болсо сахнаны баары көрө алат.