Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 8 (2019-жыл, март—август)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 8 (2019-жыл, март—август)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын курууда 2019-жылдын мартынан августуна чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

  1. Түндүк өндүрүш имараты (видеоматериалдарды даярдоо)

  2. Түштүк өндүрүш имараты (техникалык жана башка тейлөө кызматтары)

  3. Кеңсе имараты

  4. A турак үйү

  5. B турак үйү

  6. C турак үйү

  7. D турак үйү

  8. E турак үйү

  9. F турак үйү

2019-жыл, 5-март. Кеңсе имараты

Суу ысыткан бөлмөдө жумушчу түтүктөрдү жылуулап жатат.

2019-жыл, 29-март. Түштүк өндүрүш имараты

Жумушчулар чайынмалардын дубалына карапа такта чаптап жатышат.

2019-жыл, 10-апрель. Кеңсе имараты

Жумушчу имаратты чагылгандан коргоочу системанын бир бөлүгү болгон чубалгыларды орнотууда. Анын коопсуздук куру чатырга бекем бекитилген.

2019-жыл, 16-апрель. Кеңсе имараты

Жумушчулар терезелерди жууп, плёнка чаптаганга даярдап жатышат. Плёнкалар кимдир бирөө айнекти сүзүп алып, жараат албашы үчүн чапталат.

2019-жыл, 23-апрель. A турак үйү

Жумушчу дренаждык системаны колдонууга даяр же даяр эмес экенин билиш үчүн видеокамеранын жардамы менен текшерип жатат.

2019-жыл, 23-апрель. Кеңсе имараты

Жумушчулар ар кандай максатта колдонула турган имараттын ички дубалын жыгач менен каптап жатышат. Ал имарат ашкана, кеңешме залы катары колдонулат. Ошондой эле ал жерде ар кандай иш-чаралар да өткөрүлүп турат.

2019-жыл, 14-май. B турак үйү

Жашылдандыруу тобундагылар тирөөч дубалды бойлой ошол аймакка мүнөздүү бадалдарды отургузуп жатышат.

2019-жыл, 14-май. A турак үйү

Имараттын сыртындагы дубал жумуштарын кылгандар француз балконунун тосмо терезелерин орнотуп жатышат. Мындай тосмолор тургундарды коргогондон тышкары, жарыктын, таза абанын киришине шарт түзөт.

2019-жыл, 21-май. Кеңсе имараты

Электриктер кабылдаманын кире беришине жарыктандыргычтарды орнотуп жатышат.

2019-жыл, 11-июнь. Түндүк өндүрүш имараты

Жумушчу желдеткичтин бөлүктөрүн темир кескен электр кайчы менен кесип жатат.

2019-жыл, 17-июнь. Кеңсе имараты

Жашылдандыруу тобундагылар жана сырткы жумуштарды кылгандар бак отургузуп, жанжолдорду даярдап жатышат. Сол жакта ашкана, кеңешме залы катары колдонула турган жана ар кандай иш-чаралар өтө турган имарат көрүнүп турат. Ары жакта болсо A турак үйү көрүнүп турат.

2019-жыл, 24-июнь. A турак үйү

Инженер өрт чыкканда дароо суу сээп өчүрө турган системанын бир бөлүгүн орнотуп жатат.

2019-жыл, 9-июль. Кеңсе имараты

Жашылдандыруу тобундагылар көк шибердин уругун себиш үчүн жерди даярдап жатышат. Ары жакта сырткы терезелер жуулуп жатат. Суу терезелерге сабы узун шайман аркылуу жеткирилет.

2019-жыл, 9-июль. Түндүк өндүрүш имараты

Соңку жумуштарды кылгандар полду бир деңгээлде түздөй турган суюктук менен иштеп жатышат. Алар атайын шайман менен ал суюктукту жылмалап, ал эми щетка менен көбүкчөлөрдү жок кылып жатышат.

2019-жыл, 24-июль. Кеңсе имараты

Соңку жумуштарды кылгандар ашкана, кеңешме залы катары колдонула турган, ар кандай иш-чаралар өтө турган имаратка винил полун төшөп жатышат. Сахна жайгаша турган жердеги дубалдын жарымына үндү жутуп ала турган панелдер орнотулган. Аларга болсо телевизорлор бекитилген.

2019-жыл, 26-июль. Түндүк өндүрүш имараты

Жыгач уста видеостудиянын бир бөлүгү болгон гримдөө бөлмөсүнүн соңку жумуштарын жасап жатат.

2019-жыл, 1-август. Түндүк өндүрүш имараты

Жумушчулар тосмолорду кармата турган бекиткичтерди орнотууда. Ал тосмолор кеңсени ар кандай кылып өзгөртүүгө шарт түзөт.

2019-жыл, 1-август. Түндүк өндүрүш имараты

Жалданма жумушчу видеостудияга илине турган темир фермаларды бириктирип жатат. Ал фермаларга видеокамералар жана жарыктандыргычтар бекитилет.

2019-жыл, 15-август. Филиал курулуп жаткан аймак

Түндүк тараптын жогорудан көрүнүшү. Солдо: бүтүп калган B, C, D, E турак үйлөрү. Ортодо: бүтөйүн деп калган А турак үйү жана дээрлик бүтүп калган Кеңсе имараты. Оңдо: дээрлик даяр болуп калган Түштүк өндүрүш имараты менен Түндүк өндүрүш имараты. Курулуш жүрүп жаткан жерде жашылдандыруу иштери дагы деле уланууда.

2019-жыл, 26-август. Кеңсе имараты

Жумушчулар кабылдаманын артында таш плиталарды төшөп жатышат. Ары жакта чатырдын алдында башка жумушчулар жаңы эле төшөлгөн плиталарды тазалап жатышат.