Мазмунун көрсөтүү

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 5 (2017-жыл, сентябрь—2018-жыл, февраль)

Улуу Британия. Сүрөт галереясы 5 (2017-жыл, сентябрь—2018-жыл, февраль)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Улуу Британиядагы жаңы филиалын курууда 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын февралына чейин эмнелер кылынганын көрө аласыңар.

Улуу Британиядагы Челмсфорддогу филиалдын имараттары курулуп бүткөндөн кийин кандай болору көрсөтүлгөн сүрөт.

  1. Түндүк өндүрүш имараты

  2. Түштүк өндүрүш имараты

  3. Кеңсе имараты

  4. A турак үйү

  5. B турак үйү

  6. C турак үйү

  7. D турак үйү

  8. E турак үйү

  9. F турак үйү

2017-жыл, 6-сентябрь. C турак үйү

Имараттардын сырткы көрүнүшүн жасалгалоо тобу кыштан жасалган плиткаларды бириктирип жатат. Бул жука плиткалар, дубалдын болот тирөөчтөрү көрүнбөшү үчүн, металл каркаска чапталат.

2017-жыл, 20-сентябрь. D турак үйү

Турак үйлөрүнүн сырткы дубалдарынын жайгашканын үч буттуу шайманга жана ичке тактайчага тагылган лазер ченегич менен ченеп жатат. F турак үйүндө (арт жакта) имараттын ичинде жасалчу иштер жүргүзүлүүдө.

2017-жыл, 27-сентябрь. F турак үйү

Шыбакчы жаңы эле шыбалган дубалга бүрккүч менен суу чачып, андаба менен жылмалап жатат. Ным соргуч менен чогултулган суу плиткаларды коюуда колдонулчу аралашмага жумшалат. Бул суунун үнөмдөлүшүнө шарт түзөт.

2017-жыл, 3-октябрь. Филиал курулуп жаткан жер

Жалданма жумушчулар Е турак үйүнүн жанындагы кире бериш жолдору бириге турган жерге асфальт төшөп жатышат.

2017-жыл, 10-октябрь. F турак үйү

71 жаштагы Жахабанын Күбөсү F турак үйүнүн сырткы дубалын кыштан тургузуп жатат. Курулуш башталгандан бери 70 жаштан ашкан курактагы 100дөн ашык Жахабанын Күбөсү баалуу тажрыйбасын, жөндөмдүүлүгүн колдонуп, өз ыктыяры менен иштеди.

2017-жыл, 16-ноябрь. Турак үйлөр

Сүрөттөн (батыш тараптан өйдөдөн караганда) турак үйлөрдүн ар кандай өсүмдүктөрдүн өскөнү менен айырмаланган өзгөчө чатырларын көрүүгө болот. Чатырлар жылуулантылып, суу өтпөгүдөй кылынгандан кийин жана жаандын суусун чогулта турган система орнотулгандан кийин, ошол аймакта өскөн өсүмдүктөрдүн уругу себилет. Мындай чатырлар жапайы табияттагы биотүрдүүлүккө пайдасын тийгизип, электр энергиясын үнөмдөөгө жана жаандын суусун натыйжалуу колдонууга шарт түзөт. Алды жактан A турак үйүнүн жана кеңсе имараттарынын бир бөлүгүнүн пайдубалынын куюлушуна даярдалып жаткан жерди көрүүгө болот.

2017-жыл, 21-ноябрь. F турак үйү

Усталар үйдүн кире беришине темир эшиктин кашегин орнотуп жатышат. Даяр кашектерди жана эшиктерди сырдоонун, ашык-машыктарын, кулпуларын тагуунун зарылдыгы жок болгондуктан, жумуш бир топ жеңилдейт.

2017-жыл, 28-ноябрь. Кеңсе имараты

Күүгүм кирип калган убакта жалданма жумушчулар кеңсе имаратынын пайдубалын орнотууга даярдап жатышат. Так ортодо жумушчулар тереңдиги 20 метрдей болгон бурап жасалган, жаңы эле бетондолгон тешиктерге болот арматураларды орнотуп жатышат. Арт жакта B турак үйү турат.

2017-жыл, 5-декабрь. E турак үйү

Жумушчулардын бири унаа токтоочу кабаттын шыбы менен өтө турган жылытуу түтүктөрүн кармап турган изоляцияланган тирөөчтөрдү бекитип жатат. Суук мезгилде турак үйлөрдүн жылуулугун сакташ үчүн шып атайын жабуу менен капталган.

2017-жыл, 8-декабрь. F турак үйү

Жумушчу шыбалган дубалды жылмалап, винил туш кагазын чаптоого даярдап жатат. Жылмалоо дискиндеги майда тешиктер жылмалап жатканда чыккан чаңды чаң соргуч менен соруп кетүүгө шарт түзөт.

2017-жыл, 21-декабрь. Филиал курулуп жаткан жер

Эки жумушчу энергоресурс станциясына бара турган жолдун кыртышын даярдап, бетон төшөлгөн жердеги опалубканы газ күйгүч менен күйгүзүп, чөп өсө турган тешиктерди жасап жатышат. Бул жаандын суусунун жерге сиңип кетишине шарт түзөт.

2017-жыл, 26-декабрь. F турак үйү

Турак үйүнүн ашканасынын дубалын абасыз бүрккүч менен сырдап жатышат.

2017-жыл, 28-декабрь. F турак үйү

Балкондор орнотулушу үчүн жумушчулар тобу курулуш текчелерин чечип жатышат. Кышында цементтелген полдорду, шыбалган дубалдарды жана сырдалган жерлерди кургатыш үчүн ортодогу кызыл түтүктөр аркылуу жылуу аба өткөрүлүп турат.

2018-жыл, 16-январь. F турак үйү

Шпатель менен винил туш кагазынын астындагы абаны чыгарып жатат. Ушундай сапаттуу, жуула турган туш кагаздарынын имараттын эл көп өтө турган жерлерине чапталганы эң эле ылайыктуу. Арт жактан дубалды сырдап жаткан жана туш кагаздардын кошулган жерлерин тегиздеп жаткан жумушчуларды көрө алабыз.

2018-жыл, 27-январь. E турак үйү

Күн сайын жумушка киришердин алдында жумушчулар кыскача жолугушуу өткөрүшөт. Топтун жетекчиси коопсуздук эрежелеринин сакталышы абдан маанилүү экенин баса белгилеп, кандай кооптуу жагдайлар болуп калышы мүмкүн экенин айтып жатат. Ар кайсы бөлүмдөгү ыктыярчылар F турак үйүнүн тургундары көчүп барганга чейин бөлмөлөрдү жана имараттын башка жерлерин жыйнап, тазалаш үчүн жумуштан сырткаркы убакта иштөөгө даяр экенин билдиришкен.

2018-жыл, 1-февраль. F турак үйү

Жалданма жумушчулар көтөргүч кран менен F турак үйүнүн балкондорун орнотуп жатышат. Балкондордун өңү көзгө дароо урунат жана күзгү саргайган жалбырактар менен эң сонун айкалышып турат. Арт жакта E турак үйүнүн аба ырайына карабай иштей берүүгө мүмкүндүк бере турган жабуусу алынууда. Андан кийин курулуш текчелери чечилет.

2018-жыл, 3-февраль. Турак үйлөрү

Жумуш бүткөндөн кийин жубайлар бир күн мурун жасалып бүткөн F турак үйүнө көчүп жатышат. Куруучулардын бүткөн үйлөрдө убактылуу жашап турганы ижарага, жолго кеткен чыгымдарды азайтат жана жумушчулардын жакшыраак иштешине шарт түзөт.

2018-жыл, 12-февраль. A турак үйү

Жалданма жумушчулар унаа токтоочу кабаттын полун кечинде бетондоп жатышат. Артта B турак үйү турат.

2018-жыл, 15-февраль. E турак үйү

Жубайлар ашканага коюла турган кварц тактасын чаңды соруп ала турган шайманы бар тегерек араа менен араалап жатышат. Такталарды орнотула турган жерде араалап алуу, ташыганда жарака кетип же сынып калышынан коргойт.