Мазмунун көрсөтүү

Уолкилл. Сүрөт галереясы 1 (2013-жыл, июль—2014-жыл, октябрь)

Уолкилл. Сүрөт галереясы 1 (2013-жыл, июль—2014-жыл, октябрь)

Жахабанын Күбөлөрү Уолкиллдеги (Нью-Йорк) имараттарын кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул сүрөт галереясында 2013-жылдын июлунан 2014-жылдын октябрына чейин кылынган иштердин айрымдары көрсөтүлдү. Долбоор 2015-жылдын ноябрында бүтөрү күтүлүүдө.

Уолкиллдеги имараттардын үстүнөн карагандагы көрүнүшү (2013-жыл, 21-октябрь).

  1. Дан сакталуучу кампа (2014-жылдын январында оңдолгон)

  2. Кир жуучу/химиялык тазалоочу жайга улай салынган курулуш

  3. Ашкана

  4. Жашоочу корпус E

  5. Административдик корпус

  6. Басмакана

  7. Шаванганк Килл куймасы

2013-жыл, 12-июль. Кир жуучу/химиялык тазалоочу жайга улай салынган курулуш

Курулуш жүрүп жаткан жерде чогултулган сырткы дубалдын панелдерин кран менен көтөрүп жатышат.

2013-жыл, 19-июль. Жашоочу корпус E

Жумушчулар арматураланган полимерден жасалган тасманы көп көңдөйлүү жабуучу плита төшөлгөн бетон полдун жылгасына төшөп жатышат. Имараттын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу үчүн көмүртектик буладан жасалган 7 600 метрдей материал колдонулду.

2013-жыл, 5-август. Жашоочу корпус E

Кирпич фасады оңдолууда.

2013-жыл, 30-август. Кир жуучу/химиялык тазалоочу жайга улай салынган курулуш

Желдеткич жабдык коюла турган жайдын металл каркасы орнотулууда.

2013-жыл, 17-сентябрь. Жашоочу корпус E

Төшөлгөн жабуучу материалдарды кесип жаткан чатырлагыч.

2013-жыл, 15-октябрь. Жашоочу корпус E

Жумушчулар арматураланган полимерден жасалган тасманын алдында аба көбүкчөлөрүнүн бар-жогун текшерип жатышат. Көбүкчөлөр бар болсо, кошумча тасмалар коюлат.

2013-жыл, 15-ноябрь. Кир жуучу/химиялык тазалоочу жайга улай салынган курулуш

Чатырга сормо желдеткич орнотулууда.

2013-жыл, 9-декабрь. Жашоочу корпус E

Куроодо колдонулчу желим менен көп көңдөйлүү жабуучу плитадагы жаракаларды бүтөп жатышат. Имараттын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга бир жарым жылдай убакыт кетти.

2013-жыл, 11-декабрь. Кир жуучу/химиялык тазалоочу жайга улай салынган курулуш

Саркынды сууну көтөргүч куроого даярдалып жатат.

2014-жыл, 10-январь. Дан сакталуучу кампа

1960-жылдан 2008-жылга чейин колдонулуп келген дан сакталуучу кампа оңдолууда. Уолкиллде тоок, уй, чочко багылбай калгандыктан, дан сакталуучу кампанын кереги жок болуп калды.

2014-жыл, 22-январь. Административдик корпус

Актовый зал толук оңдолууга даяр болушу үчүн, отургучтар чыгарылууда.

2014-жыл, 29-январь. Дан сакталуучу кампа

Бул чоң идиштерде малдын жеми сакталчу.

2014-жыл, 3-март. Басмакана

Техника кызматкерлерин окутуу бөлүмү үчүн жаңы жай даярдалууда.

2014-жыл, 4-июль. Административдик корпус

Түркүк ширетилип, бекемделип жатат.

2014-жыл, 19-сентябрь. Ашкана (Жашоочу корпус E)

Куруучулардын ашканасы катары колдонулуп жаткан жайга килем төшөлүүдө.

2014-жыл, 22-сентябрь. Жашоочу корпус E

1-кабаттагы тегерек курулуштун дубалдарын көрктөө иштери жүрүп жатат.

2014-жыл, 24-сентябрь. Административдик корпус

Эл ташуучу лифттин шахтасынын болот арматурасы даярдалууда.

2014-жыл, 2-октябрь. Ашкана (Жашоочу корпус E)

Кеңейтилген ашканага 1 980 орундук коюлган.

2014-жыл, 22-октябрь. Административдик корпус

Орнотулган түркүктөрдүн негизин кеңейтүү үчүн казуу иштери жүргүзүлүүдө. Мунун аркасында имараттын жер титирөөгө туруктуулугу жогорулайт.