Мазмунун көрсөтүү

Уорик. Сүрөт галереясы 5 (2015-жыл, сентябрь—2016-жыл, февраль)

Уорик. Сүрөт галереясы 5 (2015-жыл, сентябрь—2016-жыл, февраль)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарын куруу иши кандай жүрүп жатканын жана 2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын февралына чейин ыктыярдуу куруучулар эмнелерди кылышканын билесиңер.

Уориктеги курулуп бүткөн имараттардын сүрөтү. Сааттын жебеси боюнча, солдон оңго карай:

  1. Унаа оңдоочу жай

  2. Коноктор үчүн автотурук

  3. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

  4. B жатак үйү

  5. D жатак үйү

  6. C жатак үйү

  7. А жатак үйү

  8. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

2015-жыл, 7-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Нымдуу жерге орнотула турган көпүрөнүн тирөөчүн түшүрүп жатышат. Тирөөчтү коопсуз түшүрүш үчүн алдына дөңгөлөктөрдү төшөп коюшкан. Көпүрө нымдуу жердеги ар кандай өсүмдүктөрдү, майда жандыктарды тебеленип калуудан коргойт.

2015-жыл, 13-октябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Чатырдын үстүнө седум деп аталган жашыл өсүмдүк тигилген. Ал кыштын алдында ар кандай түскө боёлот. Чатырдын үстүнө седумдун 16 түрү отургузулган. Өсүмдүк менен жабылган мындай чатыр жаандын суусун соруп алат. Ошондой эле тегерек-четти жаандын суусундагы зыяндуу заттардан коргойт, энергияны үнөмдөөгө өбөлгө түзөт. Жакшы жери, аны отоп туруу эле жетиштүү.

2015-жыл, 13-октябрь. D жатак үйү

Жыгач уста жатак үйдөгү бир бөлмөнүн ашканасындагы эмерек менен дубалдын ортосундагы аралыкты бүтөп жатат. Устаканада иштегендер 2016-жылдын февралынын аягына чейин ашканадагы эмеректердин 60тан ашык пайызын орнотуп коюшту.

2015-жыл, 16-октябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Электриктер мунарадагы «Watch Tower» деген белгиге жарык берип турган диоддорду тагып жатышат.

2015-жыл, 21-октябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Кеңселер/Тейлөө кызматтарынын имаратына орнотулган мунара жана кире бериштеги фойе. Ал жерде электр жарыгы дайыма күйүп турат. Уорикке келген коноктор мунарадан тегерек-четке көз чаптырып, кооздугуна суктана алышат.

2015-жыл, 22-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Куруучулар өзгөчө кырдаалдарда машине кирип-чыга турган жолду даярдап, бетон куюп жатышат. Курулуш маалында тегерегиндеги дубал зыянга учурабашы үчүн, анын бетин убактылуу жаап коюшкан.

2015-жыл, 9-ноябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Жумушчулар кире бериштеги лифттин үстүнө даяр айнек чатыр орнотуп жатышат. Кеңселер/Тейлөө кызматтарынын имаратындагы 11 айнек чатырдан күндүн нуру тийип турат.

2015-жыл, 16-ноябрь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Жумушчу кычкылтек-ацетилен ширеткичи менен муздак суу өтө турган көмүртектүү болот түтүгүн кесип жатат.

2015-жыл, 30-ноябрь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Жыгач уста терезенин алдына төшөлө турган тактайды коюп жатат. Түздөлүп, гипсокартон коюлгандан кийин терезе текче орнотулат.

2015-жыл, 17-декабрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жерге таманташ төшөлүүдө. Сүрөттүн ортороок жагынын оң тарабында жумушчулар шагылды түздөп жатышат. Сүрөттүн алдыңкы жагында бириктирилген таманташтарды экскаватор менен коюп жатышат. Сол жактагы дың жер зыян тартпашы үчүн, үстү атайын жабуу менен жабылган.

2015-жыл, 24-декабрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жумушчулар Уориктеги имараттарды жарык менен камсыз кыла турган электрстанциясына жогорку чыңалуу электр чубалгыларын туташтырууда.

2016-жыл, 5-январь. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Жумушчу Коноктор үчүн автотурук менен Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имараттарды бириктирген жолдун үстүн жаап жатат. Жаан, кар жааганда, коноктор суу болбойт.

2016-жыл, 5-январь. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Адис суу кайнаткычтарды жөндөп жатат. Уориктеги имараттарга төрт суу кайнаткыч орнотулду.

2016-жыл, 8-февраль. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Адистер кир жуучу жайга кир кургаткыч машинелерди орнотуп жатышат. Бул машинелерге 6дан 45 килограммга чейин кир салса болот. Кир жуучу машинелер сол тарапка коюлат.

2016-жыл, 8-февраль. Такседо

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш Бейтелде «Күзөт мунарасын» изилдөөнү өткөрүп жатат. Программа куруучулар жашаган башка жерлерге да трансляцияланат.

2016-жыл, 19-февраль. A жатак үйү

Имараттардын ичин жасалгалоо бөлүмүндө иштегендер жатак үйлөрдүн бирине төшөлө турган килемди түшүрүп жатышат. Уориктеги имараттарга 65 000ден ашуун чарчы метр килем сатылып алынган.

2016-жыл, 22-февраль. Курулуш жүрүп жаткан жер

2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын февралына чейин C жана D жатак үйлөрүнө отурукташууга уруксат алынды. Бардык имараттарга лифттер орнотулду. Жатак үйлөрдүн ортосундагы жолдор салынып, таманташтар коюлду. Кыш жылуу болгондуктан, жашылдандыруу иши ойлогон убактан эрте бүттү.

2016-жыл, 24-февраль. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Асма шып жасаган топто иштеген жумушчу таяк бут кийип алып, шып жасап жүрөт. Дубал/Шып бөлүмү гипсокартондун каркастарын жасап, ортосуна үндү жутуп ала турган, өрттөн коргой турган материалдарды салат. Акырында аны шыбап, сырдайт.