Мазмунун көрсөтүү

Филиппин. Сүрөт галереясы 2 (2015-жыл, июнь—2016-жыл, июнь)

Филиппин. Сүрөт галереясы 2 (2015-жыл, июнь—2016-жыл, июнь)

Жахабанын Күбөлөрү Филиппиндин Кесон-Сити шаарында жайгашкан филиалдагы оңдоп-түзөө иштерин соңуна чыгарышты. Бул сүрөт галереясынан 2015-жылдын июнунан 2016-жылдын июнуна чейин кандай иштер аткарылганын жана ыктыярчылардын кандай салым кошконун көрсөңөр болот. Бир нече айдан кийин оңдолуп-түзөлгөн имараттар колдонууга даяр болгон жана 2017-жылдын февраль айында арноо аземи өткөрүлгөн.

Оңдолгон жана курулган имараттардын тизмеси:

  • 4-имарат (жатак үйү)

  • 5-имарат (аудио-видео, кызмат бөлүмдөрү)

  • 6-имарат (бакчага кам көрүүгө, унаа оңдоого, ширетүү иштерине жооптуу бөлүмдөр)

  • 7-имарат (компьютер, жергиликтүү долбоор/курулуш, техникалык тейлөө, адабияттарды жөнөтүү, котормо бөлүмдөрү)

2015-жыл, 15-июнь. Кесон-Ситидеги филиалдын аймагы

Бетон менен иштеген топ 1, 5 жана 7-имараттарды бириктирип турган жолдун опалубкасын орнотуп жатат.

2015-жыл, 15-июнь. 5-имарат

Долбоорго киришердин алдында куруучулар Азия/Тынч океаны боюнча жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү даярдап берген чиймелерди талкуулап жатышат. Ал бөлүм 2016-жылдын март айында Австралиядан Филиппинге көчүрүлгөн.

2015-жыл, 23-июнь. Кесон-Ситидеги филиалдын аймагы

Траншея казылышы үчүн экскаватор бетондолгон жолду талкалап жатат. Ал траншеяга абаны муздатуу системасында колдонула турган суу түтүктөрү көмүлөт.

2015-жыл, 20-июль. Кесон-Ситидеги филиалдын аймагы

Кошмо Штаттардан келген жубайлар киши өткөн жерге кармагыч ширеткени жатышат.

2015-жыл, 20-июль. Кесон-Ситидеги филиалдын аймагы

Жумушчулар 4 жана 5-имараттардын ортосундагы муздак суу өткөн түтүктөрдү көмүп жатышат.

2015-жыл, 18-сентябрь. 5-имарат

Уста степлерди колдонуп, терезе текчесин орнотуп жатат.

2015-жыл, 18-сентябрь. 5-имарат

Жумушчу килемчелерди төшөп жатат. Көбүнесе аудио-видео бөлүмү колдонгон 5-имараттын 2-кабатынын бардык жерине ашыкча үндөр жутулуп турушу үчүн килем төшөлдү.

2015-жыл, 22-октябрь. 5-имарат

Жумушчулар офис имараттарынын сыртын ысыкты чагылдыра турган сыр менен сырдап жатышат. Бул сыр күндүн ысыгын дубалга өткөрбөйт. Мунун аркасында имараттын ичи салкын болот жана абаны муздатууга кете турган электр энергиясынын үнөмдөлүшүнө шарт түзүлөт.

2016-жыл, 10-февраль. 4-имарат

Бетон менен иштеген жумушчу тосмону курууда колдонулган опалубканы чыгарып жатат. Эки кабаттан турган 4-имаратта ар кандай теократиялык мектептерде окуган студенттер жайгаштырылат.

2016-жыл, 10-февраль. 4-имарат

Жылыткычтарды, желдеткичтерди кондиционерлерди орноткон топтун мүчөсү муздак суу түтүктөрүн изоляциялап жатат. Мунун аркасында түтүктөрдүн ным болбошуна жана көбүрөөк кызмат кылышына өбөлгө түзүлөт.

2016-жыл, 16-февраль. 4-имарат

Австралиядан келген техникалык адис электр щитиндеги автоматтык өчүргүчтөрдү текшерип жатат. Филиппиндеги филиалды оңдоп-түзөө долбооруна чет өлкөлөрдөн 100дөн ашуун ишин мыкты билген жумушчулар чакырылышкан.