Мазмунун көрсөтүү

Үйлөрүн ижарага бергендерден келген каттар

Үйлөрүн ижарага бергендерден келген каттар

Жахабанын Күбөлөрү Уолкиллдеги (Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун фермасын кеңейтүүгө байланыштуу 6 жылдык курулуш долбоорун жакында эле соңуна чыгарышты. Акыркы эки жылдын ичинде иш тездик менен аткарылгандыктан, ыктыярдуу куруучуларга жашаганга көбүрөөк үйлөр керек болгон. Андыктан курулушка жакын жердеги 25 үй ижарага алынган.

Ижарага алынган үйлөрдө жашагандар

Үйүн ижарага бергендердин Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү ой-пикири:

  • Бир аял: «Үйүбүздө жашагандар аябай жакшы кишилер экен. Күйөөм экөөбүз ижарага берген үйүбүздүн жанында эле жашайбыз. Алардын бири-бирине ылайыкташканы, жылуу-жумшак мамиле кылганы байкалып турчу»,— деп жазган.

  • Ижарага берген үйүнүн жанында жашаган дагы бир аял мындай деп жазган: «Алар менен кошуна жашаган аябай жакты. Үйүбүздүн артында кичинекей көлмө бар. Балдар уруксат сурап келип түшүп кетишчү. Ыймандуу, сылык-сыпаа балдар экен. Алар менен сүйлөшкөн жакчу. Эми аябай сагынабыз го. Мындай кошуналарыбыз эзели болгон эмес».

  • «Аларды үйүбүздү ижарага алган кишилер катары эле эмес, кошуна катары да жакшы көрүп калдык»,— деген бир үй ээси.

Ижарага берилген үйлөр

Ижарага берген үйлөрү жөнүндө үй ээлери эмне дешкен?

  • «Акчаны өз убагында төлөп, үйдү таза кармашты. Көчүп кетишкенден кийин барсак, үйүбүз башында кандай болсо, ошол эле бойдон экен».

  • «Үйүмдү жакшы абалда күткөнүңөр үчүн силерге да, бүтүндөй Күзөт мунарасы уюмуна да рахмат айткым келет,— дейт жогоруда кеп кылынган бир үй ээси.— Жахабанын Күбөлөрү үйдү кычык-пычыгына чейин тазалап кетет деп ойлогон эмесмин».

  • «Уюмуңардын ишеничтүү экенин билгендиктен эч кандай коопсуздук чарасын көргөн эмесмин. Эки үйүмдү тең жакшы абалда тапшырышты».

  • Жахабанын Күбөлөрү үйүнүн анча-мынча жерин оңдоп беришкенден кийин бир үй ээси: «Силердин кишилерди жумушка алыш үчүн эмне кылсам болот? Келем деген маалда келип, кылам дегениңерди кылат экенсиңер. Негизи, техникалык тейлөө жүргүзгөн адистер сөзүнө турбайт»,— деген.

Ыраазы болгон үй ээси

  • Үйдү ижарага алуу мөөнөтү соңуна чыгып келатканда бир үй ээси: «Жахабанын Күбөлөрү келишимди узарта турган болсо, бир топ эле арзандатып бермекмин»,— деген.

  • Дагы бир үй ээси: «Күзөт мунарасы уюму үйүбүздү ижарага дагы бир жолу алса, сүйүнүп эле бермекпиз»,— деген.