Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү дин аралык иштерге аралашабы?

Жахабанын Күбөлөрү дин аралык иштерге аралашабы?

 Биз, Жахабанын Күбөлөрү, ар кайсы диндерди туткандар менен дин тууралуу сүйлөшөбүз, бирок дин аралык иштерге катышпайбыз. Тагыраак айтканда, алардын диний каадаларына катышпайбыз. Ыйык Китепте Кудайдын чыныгы кызматчыларынын «бири-бири менен шайкеш бириктирилгени» айтылат. Аларды бирдей диний окууларга карманганы бириктирип турат (Эфестиктер 4:16; 1 Корунттуктар 1:10; Филипиликтер 2:2). Бул сүйүүгө, боорукердикке, кечиримдүүлүккө байланыштуу бирдей баалуулуктарга кармануудан да көптү билдирет. Биздин диний ишенимибиз Ыйык Китептеги так билимге негизделет. Болбосо куру-бекер нерселерге ишенген болмокпуз (Римдиктер 10:2, 3).

 Ыйык Китепте башка диндегилер менен аралашуу чак эмес моюнтурукту кийгенге салыштырылат. Бул Кудайдын кызматчыларынын ишенимин кыйратышы мүмкүн (2 Корунттуктар 6:14—17). Ошондуктан Иса пайгамбар шакирттерине дин аралык иштерге катышпашы керектигин айткан (Матай 12:30; Жакан 14:6). Ошо сыяктуу эле, Кудайдын Муса аркылуу берилген Мыйзамында байыркы ысрайылдыктарга коңшу элдердин кудайларына сыйынууга тыюу салынган (Чыгуу 34:11—14). Кийинчерээк ишенимдүү ысрайылдыктар коңшу элдердин жардамын четке кагышкан. Четке кагышпаса, алардын диний каадаларына иришүүгө туура келмек (Эзра 4:1—3).

Жахабанын Күбөлөрү башка динди туткандар менен маектешеби?

 Ооба. Элчи Пабылдай болуп, биз да кызматта «мүмкүн болушунча... көбүрөөк адамдардын» ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө, ишенген нерселерин билгенге аракет кылабыз (1 Корунттуктар 9:19—22). Алар менен сүйлөшүп жатканда Ыйык Китептеги башкаларга «терең урмат-сый менен» мамиле кылгыла деген кеңешке ылайык иш кылганга чын ыкластан умтулабыз (1 Петир 3:15).